Вторник , 20-Август 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / ЖАЛАЛ-АБАД: МЭР ЭМНЕНИ ЖАШЫРГАН?

ЖАЛАЛ-АБАД: МЭР ЭМНЕНИ ЖАШЫРГАН?

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев тууралуу көп жолу сенсациялуу кабарлар таркады. Анын мурда кылмыш кылганы, соттолгону, түзөтүү колониясында жатканы, кийин мунапыс менен чыгып, эми азыр шаар башкарып отурганы, журналисттерди ашата сөккөнү, карыган кемпирге күч колдонгону, шаар тургунун өзүнө караштуу мончодо мурдун сындырганы, айтор ушуга окшогон көптөгөн жетекчинин этикасына туура келбеген кылык жоруктары тууралуу кеңири маалымдалды.

Эгер Чүй областынын жетекчисин Кыргыз өкмөтү журналистке карата “Мага өңүң жакпай турат” таризинде айткан сөзү үчүн кызматтан алса, Жалал-Абад шаарынын мэринин кылык-жоруктарына көз жумуп отурганы кызык. Бирок, бийликтердин коомчулукка карата жасаган бул эки башка стандартын эске албаганда да М. Тагаев тууралуу бардык маалыматтар айтылып бүтө элек. Ал өзү мэр болуп шайланарда шайлоо комиссиясынан жана коомчулуктан эмнени жашырганын тууралуу айтыла элек.

Бишкектин Ленин райондук сотунун өкүмү

Ошентип, Мураталы Тагаев Бишкек шаарында кылмыш жасаган. Ал боюнча 2004-жылы 21-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту иш караган. Анда 2003-жылы 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү саат 3төн 30 мүнөт өткөндө М. Тагаев шаардын Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан “Импорио” диско-клубунда “Калнура” аттуу кыздын айынан Б. Искаков аттуу жаран менен чатакташа кетет. М. Тагаевдин айтуусунда, ал диско-клубда жогоруда аталган кыз менен таанышат. Кийин ал ажатканага барып келсе, кыздын жанында бир бейтааныш жигит турган экен. Ошентип, ортодо талаш пайда болуп, чыр чыгат. Диско-клубдун коопсуздук кызматкерлери аларды ажыратып коюшат. Андан кийин көчөгө чыгышып, М. Тагаев Б. Искаковго өзүнүн машинасына отурууну сунуш кылат, тиги отурат. М. Тагаев машинаны “Пинара” мейманканасын жакта токтотуп, Б. Искаковду сабаган, анан жерге жатып калган жеринен жабырлануучуну таштап кеткен. Сот-медициналык экспертиза Б. Искаков жеңил жарат алганын тастыктаган.

Ленин райондук соту бул ишти ошол кездеги Кылмыш-жаза кодексинин 105-статьясынын 1-бөлүгү менен айыптуу деп таап, 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан жана жазасын колония-поселениеде өтөөнү буюрган.

Бирок, жабырлануучу соттун бул өкүмүнө макул болгон эмес. Ал жазаны катаалдатууну сурап, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Бишкек шаардык сотунун өкүмү

Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы жабырлануучунун арызы боюнча ишти 2004-жылдын 2-мартында караган. Анда Ленин райондук сотунун өкүмү каралып, соттук коллегия жабырлануучунун аргументтерине көңүл бурган. Апелляцияда жабырлануучу М. Тагаевдин кылмыш аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 234-статьясындагы, 121-статьясынын 2-бөлүгүндөгү белгилер барлыгы айтылган. Бирок, Ленин райондук соту өкүм чыгарууда ал кылмыш белгилерин эске албаган.

Жабырлануучу Б. Искаков ошол түнү М. Тагаев катуу муштаганын, ал ооруканада гана өзүнө келгенин, сот тарабынан ага жеңил жаза берилип калганын айтып, жазаны катаалдатууну суранат. М. Тагаевге коюлуп жаткан жабырлануучунун дооматын бир нече күбөлөр да тастыктаган.  Ал эми сот-медициналык экспертизанын котурундусу боюнча Б. Искаков баш мээси жабык түрүндө жабыркаганын, мээнин оң тарабы сокку алганын, бетинде, кашында кан уюганын, көзү жабыракаганын, мурду сынганын тастыктаган. Бирок, тергөө органдары М. Тагаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-статьясы, 121-статьянын 2-бөлүгү менен айып тагышкан эмес.

Бирок, соттук коллегия жабырлануучунун жана күбөлөрдүн маалыматтарын эске алып, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 64-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык Ленин райондук сотунун 2004-жылдын 21-январдагы өкүмүн өзгөрткөн жана М. Тагаевди Кылмыш-жаза кодексинин 105-статьясынын 1-бөлүгүнө (“Зөөкүрдүк”) ылайык 4 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Ал эми жаза өтөөнү эркинен ажыратылган кишилер жаза өтөөчү колония-поселениде өтөөсүн көрсөткөн. М. Тагаев сот залында камакка алынган.

Кийин ал жазасын №36-түзөтүү колониясында өтөгөнү, жарыяланган мунапыс боюнча түрмөдөн чыгып кеткени тууралуу коомчулукка маалымат берилген.

М. Тагаев кайсы маалыматты жашырган?

М. Тагаевде Кыргызстандагы президенттик бийлик алмашкан соң Жалал-Абад шаарынын мэри кызматына отуруу мүмкүнчүлүгү жаралды.Анын себептери тууралуу да маалымат мейкиндигинде айтылды, азыркы Президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков менен М. Тагаевдин бир тууганы Абибилла Тагаев канкуда болуп саналышат. М. Тагаевдин шаар мэри болуп калышына кимдер кантип чуркаган, кимдер шарт түзүп беришкени тууралуу кеңири маалыматтар да коомчулукка өз убагында жеткирилет, ал башка кеп.

Ошентип, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Салайдин Авазов Бишкектеги Жылуулук электр борборуна байланыштуу абакка алынып, орду бошогон. Ал кызматты алып калуу боюнча ар кимдер өз алына жараша чуркашкан, бирок борбордон бир кишиге токтолушту – ал Мураталы Тагаев эле. Шарадык кеңештеги мурдагы көпчүлүк коалиция дароо бузулуп, ордуна жаңысы келди. Эзели бири бири менен келишпеген КСДП жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцялары биригип кетишти. Ага “Мекеним Кыргызстан” кошулду. Көпчүлүк добуш менен М. Тагаевди дароо шайлап салышты.

Кызык жери – Кыргыз Ресубликасынын өкмөтү бул шайлоого киришкен жок. Биз талапкер сунуштабайбыз, өзүңөр билгиле таризинде четте калды. Бирок, көпчүлүк коалиция элдешпес каршылаштардан түзүлүшү жок жерден эместигин баары билип турушат.

Бирок, М. Тагаев Борбордук шайлоо комиссиясынан мурда кылмыш жасап, соттолгонун, колонияда жатканын жашырып коюптур. Ал БШКга өз колу менен жазган өмүр баянында 2004-жылдагы Ленин райондук, Бишкек шаардык сотунун өкүмдөрү, колонияда өткөргөн күндөр тууралуу бир дагы тамга жазылбаптыр. “Мен жана менин туугандарым сот жообуна тартылган эмес” деп кашкайта жазып коюптур. А чынында М. Тагаевдин мурда соттолгонун, түзөтүү колониясында жатканын элдин баары билет. Бул алдамчылык эмеспи?!

Бирок, ар бир чынчыл инсан өмүр баянын болгонун болгондой жазууга милдеттүү да. Ал – өмүр баян! Кайсы кызматка барып иштегениң канчалык маанилүү болсо, коом үчүн сен кайсы жылы кайсы сот тарабынан канча жылга соттолгонуң, кайсы жерде жаза өтөгөнүң да ошончолук маанилүү. Өмүр баянына коом үчүн, мамлекет үчүн мындай маанилүү маалыматты атайын жазбай, жашырып койгон М. Тагаевдин жарандык, жетекчи катары моралдык турпаты ушундай экен. Ушундай кишиге мамлекет, коом толук ишенсе болобу? Бул Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөткө карата суроо.

(Мавлян Сыдык уулу, М.Тагаевден токмок жедим деген жаран. Окуя болгон учурдагы сүрөт)

Үйрөнгөн адат калбады

М. Тагаев ошол 2004-жылы эле кыз талашып бирөөнүн мурдун талкалаган болсо мейли эле, аны үчүн жазасын алганын элдин баары көрдү. Бирок, ошол кездеги адаты, а балким түзөтүү колониясында алган тарбиясы азырга чейин калбаганы өкүнүчтүү. Азыр кечээ бир жаш жигит эмес, өлкөнүн үчүнчү шаары деп эсептелген Жалал-Абадды башкарып жаткан кызмат адамы, Президенттин кудасы боло туруп дагы эле бирөөлөрдүн мурдун талкалап жатышын кандай түшүндүрсө болот?

Мейли шаар мэринин кызматын, шаардыктарды сыйлабасын, мүлдө Кыргызстан, чет өлкөлөр, бизге окшогон карапайым жарандар сыйлаган Президент СооронбайШариповичти сыйлап койсо болбойбу? Бул жөн эле жоопкерсиздикпи же өзүн өзү башкара албагандыкпы? Же адамдык болгон деңгээлби?

Сөзүбүз кургак болбосун: алынган маалыматка караганда, бул окуя 2-июлдан 3-июлга караган түнү болжол менен саат 01.00дөр чамасында шаар мэрине караштуу мончодо жүз берген. Жабырлануучу менен ага сырттан тааныш болгон М. Тагаевдин ортосунда сөз талаш болгон. Жабырлануучунун билдиришинче, шаар мэри аны оозго алгыс сөздөр менен сөккөн, акаарат кылган жана мурдуна катуу уруп, андан кийин да бир нече жолу уруп жиберген.

Жабырлануучу областтык оорукананын сынык-жарат бейтаптарын кабыл алуу пунктуна кайрылып, ал жерден жардам алган соң, үйүнө кеткен. Жабырлануучу, 1987-жылы туулган Мавлянбек уулу Сыдык Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эрнис Молдокеевге арыз менен кайрылып, аны Мураталы Тагаев ур-токмокко алганы тууралуу билдирген. Бирок, кийин ал тосмо арыз жазып, шаар мэринин бул терс аракети боюнча эч бир чара көрүлгөн жок.

Бирок, шаар мэрине караштуу “Тагай-бий” мончосунда болгон бул окуя шаардыктардын баарына маалым, анын болгондугу тууралуу да элде шек-шыбаа жок. Ал жабырлануучунун милицияга жазган арызы менен да далилденип турат. Бирок, бул окуяга укук коргоо органдары да, жогорку бийлик органдары да маани беришпеди, көз жумдулукка салышты. Эгер Чүй областынын жетекчиси же башка бирөө ушундай иш жасаганда, ал сөзсүз соттолмок жана жазасын толук алмак. Бул эмне деген адилетсиздик?!

Бул эле эмес, М. Тагаев мэрдин кеңсесине келген 72 жаштагы улгайган кемпирге күч колдонуп, кабинетинен чыгарып салганы тууралуу кабар жалпы кыргызстандыктарга гана эмес, Кыргыз Республикасынын Президентине да жеткен. Ага маалымат жыйынында журналисттер айтып, Президент чара көрүлө турганын билдирген. Бирок, эч бир чара көрүлгөн жок, баякы эле көз жумдулук.

Баса, М. Тагаев президенттик аппараттын өкүлү жана Сузак районунун акими менен чогуу отурган кечки үлпөттө Жалал-Абаддагы иштеп жаткан айрым журналисттерди акаарат кылып, ашата сөккөн, ошол эле 72 жаштагы улгайган кемпирди жоготуу керектигин да айткан аудио интернетте бүт өлкөгө тарады. Бирок, буга карата да укук коргоо органдарынан же жогорку бийлик органдарынан реакция да жасалбады. Бул эмне деген кайдыгерлик?! Бул эмне деген адилетсиздик?!

(Бишкек шаардык сотунун өкүмү)

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА,

журналист.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс