Пятница , 22-Ноябрь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Сауд Аравиянын Эрдогандын бийлигин кулатуу боюнча жашыруун «стратегиялык планы» ачыкка чыкты

Сауд Аравиянын Эрдогандын бийлигин кулатуу боюнча жашыруун «стратегиялык планы» ачыкка чыкты

Категория: Аналитика – Published: 07/08 – 17:15

Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын бийлигин кулатууга аракет кылып жатканын “Middle East Eye” маалымат агенттиги жарыялангандыгы БАЭнин жашыруун документинде айтылды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. “Middle East Eye” маалымат агенттиги билдиргендей, жашыруун документте Эр-Рияд түрк бийлигине каршы туруу үчүн “стратегиялык планды” ишке ашыра баштагы жазылган. Мураскер ханзаада Мухаммед бен Салман бул планды ишке ашырууну саудиялык журналист Жамал Хашоггинин Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлүшүнөн кийин Эрдогандын сауд режиминин абийирине шек келтирүүсүнөн кийин чечкен.

Натыйжада, Эр-Рияд түрк лидеринин бийлигин алсыратуу үчүн өз стратегиясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. “Middle East Eye” маалымдагандай, бул жашыруун документ Сауд Аравиянын союздашы ОАЭ үчүн даярдалган. Документ ОАЭнин бийлиги жана коопсуздук кызматтарына таандык  болгон “Emirates Policy Center” аналитикалык борбору тарабынан жазылган.

БАЭнин аналитикалык борборунун “Сауд Аравия боюнча айлык отчет – 24-май 2019-жыл” деп аталган отчетун таратууга же жарыялоого чектөө коюлган жана бир гана эмираттардын жогорку даражалуу аткаминерли үчүн даярдалган жана  “Emirates Policy Center” аналитикалык борборунун сайтына жарыяланаган эмес.

Бирок кандайдыр бир жол менен ал жашыруун документтин көчүрмөсү “Middle East Eye” маалымат агенттигинин колуна түшкөн. Ал документте айтылгандай, май айында Эр-Риядда Түркиянын бийлигине каршы туруу үчүн стратегиялык планды ишке ашыруу боюнча буйрук берилген. Докементке ылайык, Эр-Рияддын бул стратегиялык планынын максаты – “Эрдогандын бийлигине кысым жасоо үчүн мүмкүн болгон бардык куралдарды колдонуу, аны алсыратуу жана анын көңүлүн ички көйгөйлөргө буруу, анын жыйынтыгында Эрдогандын бийлигин оппозиция кулатат деген үмүттөр бар.

Ошондой эле Эрдогандын назарын кризистер менен күрөшүүгө бурдуруу жана массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурдуруу үчүн аны жаңылыштык кылууга түртүү”. “Middle East Eye” маалымат агенттиги бул кабарды чыгарар алдында “Emirates Policy Center” аналитикалык борбору менен байланышып, комментарий берүүнү суранган, бирок алардан эч кандай жооп болгон эмес.

Жашыруун документке ылайык, Эр-Рияд Эрдогандын жана Түркиянын аймактык таасирин чектөөгө аракет кылууда. Түркияга кысым көрсөтүү планында “Эр-Рияд Түркиянын экономикасынан баштайт. Сауд Аравиянын Түркиядагы инвестицияларын бара-бара токтотот. Акырындык менен Түркияга саякаттаган сауд туристтеринин санын азайтып, сауд жарандары үчүн Түркиянын ордуна башка жерлерди табат жана Түркиядан импортту азайтат.

Баарынан маанилүүсү, Түркиянын ислам маселелериндеги аймактык ролун азайтуу”. Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммад бен Салман саудиялык белгилүү журналист Жамал Хашогги саудиянын Стамбулдагы консулдугунда сауд агенттери тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин Түркияга каршы турууну чечкен.

БАЭнин документинде Эрдоган Сауд Аравиянын, айрыкча мураскер ханзаада Мухаммад бен Салмандын кадыр-баркын кетирүүдө өтө эле чектен чыгып кеткени айтылат. “Emirates Policy Center” аналитикалык борборунун авторлору Түркия саудиялык тергөөчүлөргө Хашоггинин өлтүрүлүшү жөнүндө айкын жана туура маалымат бербегендигин, анын ордуна Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасынын репутациясын бузуу максатында массалык маалымат каражаттарына “туура эмес маалыматтарды” таратканын билдиришти.

Документте Эр-Рияд Эрдогандын Хашоггинин ишин саясатташтыруу жана эл аралык деңгээлге чыгаруу аракети ийгиликсиз болду  деген жыйынтыкка келгени жана эми жооп кайтарууга учур келгени айтылган. АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы (БЧК – ЦРУ) жана Америка конгрессинин белгилүү мүчөлөрү Түркиянын чалгындоо кызматынын Хашоггинин иши боюнча баалоолорун кабыл алган. АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы  өз баалоолоруна таянып, Мухаммад бен Салман Хашоггини өлтүрүү операциясын ырастаганы шексиз деген жыйынтыкка келген.

“The Washington Post”  басылмасы маалымдагандай, АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын  жыйынтыгы менен маалымдар болгон Американын жогорку даражалуу аткаминери Хашоггини өлтүрүү Мухаммад бен Салман билбей турбастан жана анын катышуусу жок  ишке ашырылган эмес деп билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун соттон тышкаркы өлүм жазалар маселеси боюнча атайын баяндамачысы Аньес Калламар өз баяндамасында, Сауд Аравия Түркиянын Хашоггинин иши боюча көз карандысыз жана ачык-айкын иликтөө жүргүзүү аракетине тоскоолдук жаратып жатканын билдирген. “Тилекке каршы, түркиялык тергөөчүлөрдүн кылмыш болгон жерде профессионалдык жана эффективдүү текшерүү жүргүзүүсүнө жетиштүү убакыт жана мүмкүндүк берилген эмес”, – деген.

Ал Хашоггини өлтүрүү буйругун Мухаммад бен Салман берген деген өз алдынча жыйынтыкка келген. Жакында эле Сауд Аравия бийлиги Түркияга каршы иш-чаралардын бир бөлүгү катары текстиль продукцияларды жана химиялык заттарды жүктөгөн Түркиянын жүк ташуучу 80 унаасын Дуба портунан Сауд Аравияга киргизбей койгон. Түркиянын атын атагысы келбеген бир аткаминери  “Middle East Eye” маалымат агенттигине Түркиянын мөмө-жемиш жана жашылчалар жүктөлгөн 300 контейнери дагы Жидда портунда кармалып калганын билдирген.

Түркиянын туризм министрлигинин статистикасы боюнча, Түркияга саякаттаган сауд туристтеринин саны 2019-жылдын алгачкы 6 айында 15%га азайып, алардын саны 276 миңден 234 миңге кыскарган. Түркиянын тышкы иштер министрлигинин статистикасына караганда, 2018-жылдан бери Сауд Аравия Түркияга орто эсеп менен 2 миллиард доллар түздөн-түз инвестиция салган.

Өткөн жылдагы статистикага караганда, Түркиянын Сауд Аравияга жасаган экспорту 2,64 миллиард долларды түзгөн. Ал эми Сауд Аравиянын Түркиядан жасаган импорту 2,32 миллиард долларды түзгөн. “Emirates Policy Center” аналитикалык борборунун жашыруун отчетуна караганда, Сауд Аравиянын падышасы өзүнүн жардамчыларынын Меккеде өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун саммитине Түркиянын президенти Режейп Тайип Эрдогандын катышуусуна расмий чакыруу жөнөтпөө тууралуу сунушун жактырган.

Эрдогандын ысымы Сириянын президенти Башар Асад, Ирандын президенти Хасан Рухани жана Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танин менен катар тизмеге киргизилген.  Бирок акыры Сауд падышасы Катардын эмирине Меккедеги саммитке катышуусуна макулдук берүүнү чечкен, бирок Эрдоганга чакыруу жиберилген эмес.

Жамал Хошогги ким болгон?

Жамал Хошогги 1958-жылы 13-октябрда жетиштүү үй-бүлөдө туулган.  Анын чоң атасы Мухаммад Кхалед Хашогги Сауд Аравиянын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун жеке дарыгери болгон. Жамал Хошогги ошондой эле миллиардер Аднан Хашоггинин жээни болот. Ал мурда «Al-Watan» гезитинин редактору болуп иштеп, кийин Alarab телеканалынын директору болуп эмгектенген.

Хашогги 2017-жылдын сентябрында Сауд Аравиядан чыгып кеткен. The Washington Post гезитинин баяндамачысы болуп, сауд бийлигинин саясатын, айрыкча мураскер ханзаада Мухаммед бен Салманды сындаган макалаларды жазган. Хашогги 2018-жылдын 2-октябрында Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз жоголгон.

Түркиянын аткаминерлери журналист консулдуктун имаратында өлтүрүлүп, денеси жиликтенгенин билдиришкен. Түрк ММКлары Хашоггинин жоголушуна тиешеси бар деп шектелген Сауд Аравиянын 15 жаранынын ысымын жана сүрөттөрүн жарыялаган. Сауд Аравиянын 15 жараны Жамал  Хашогги консулдукка киргенге чейин бир саат мурда ал имаратка кирип, Хашогги киргенден үч саат өткөндөн кийин кайра ал имараттан чыгып кетишкен.

Эр-Рияд алгач  журналист консулдуктун имаратынан чыгып кеткенин билдирген. Бирок кайрадан 20-октябрда коомдук кысымдын күчөп жатканынан улам Хашоггинин өлүмүн моюнга алып, ал консулдуктун имаратында мушташтан улам каза болгонун ырастаган.

http://www.ca-irnews.com/kg/analytics-kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс