Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Эс алдым… Эми жазайын…

Эс алдым… Эми жазайын…

Отпускадагы Президент ойлоно турган маселе. Кайдыгер болбоңуз, Сооронбай Шарипович! “Фейсбукка эрмектеп эле бирдемени жаза берет” дегендер жаңылышат. Ушул жылдын 30-майында Эркинбек Чодуев айыл чарба жана мелиорация министри болуп дайындалган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш карап жаткан учурда Алиярбек Абжалиевдин кудасы экендигин жазып чыксам ” Марал” радиосу ж. б. ага таянып маалымат беришкен. Аттуу-баштуу эле тааныштар, анын ичинде анча-мынча депутаттар “кой дегенде коюп кал, Абжалиевдин кудасы эмес, жакшы киши” деп чыгышкан. Элден чыкмак белем, унчукпай калдым. ЖМКлар кайрадан “Чодуевдин Президентке туугандык жайы жок” деп жазып чыгышып, ал министр болуп жайланышып калды. Ага чейин кылдырап иштеп жаткан Нурбек Мурашевди жанын койбой, мен баш болуп кодуладык. Өзү да токтоо адам экен, арызын жазып, басып кетти.
Эми эмне болду? Эстүү көрүнгөн Эркинбек Чодуевдин” этеги булганып”, эксперт бөлүмдүн жетекчиси Анаркүл Беккулуева деген айымды Кытайдын эсебинен “айылчылатам” деген айыбы ачылды. ТИМ маалымат бере албай, телмирип отурат. Эркинбек Чодуевдин орун басары карайлап, буйрукка кол койгон үчүн “БЕРМУД үч бурчтугуна” кыпчылып калды. Кызыгы, ал Абулгазиев менен жакындыгы бар адам экен. Мындай боло тургандан кийин кылдырап иштеп жаткан Нурбек Мурашевди кызматтан кетирүүнүн зарылдыгы бар беле?
Бул маселе боюнча М. Абулгазиев унчукпай отурушу мүмкүн. Анткени, министрдин орун басары таанышы турбайбы. Президенттен сурайлы десек, Чодуев сиздин кудаңыздын кудасы экендигин жакын чөйрөңүз күбүрөйт. Тиги жөн жерден чыр жараткан айым кудаңыздын кудасынын “көрөөркөзү” деген маалымат айтылууда.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, эл аралык деңгээлде аброй алып келбей турган бул окуяга чекит койбосоңуз УЯТ.. . Муну жакшы түшүнөсүз деген ойдомун. Отпускаңыз көңүлдүү өтсүн деген каалоо-тилегимди айта кетейин…

Канышай Мамыркулова.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс