Вторник , 20-Август 2019
Башкы бет / Аналитика / Аялдын исламдагы укуктары

Аялдын исламдагы укуктары

Категория: Аналитика – Published: 06/08 – 15:00

Исламда “аял” темасы байыртадан бери мусулман аалым-даанышмандардын талкууланып келе жаткан негизги маселеси болуп саналат.

Аялдын шарияттагы укук- милдеттерин тактоо менен анын Исламдагы ордун, инсандык даражасын белгилөөнүн артында көптөгөн изилдөөлөр аткарылган. Натыйжада, Куран жана хадистерге ылайык аялдын көптөгөн укук –  милдеттери баяндалган. Андыктан, ошол изилдөөлөргө таянуу менен Ислам дини аялга бир топ укуктарды жана инсандык бийик даражаны ыроологон десек жаңылышпайбыз.

Негизи, тарыхта аялдардын укуктары тебеленип келгени маалым нерсе. Аялга карата  туура эмес көз караштар өкүм сүрүп,  татыксыз мамилелер жасалып, жада калса зордук- зомбулуктар көрсөтүлгөн. Кайсы бир чөлкөмдө аялдар мал катары соодаланып, турмушка күч менен берилсе, дагы бир элде эри өлгөн аялды күйөөсүнүн табыты менен бирге тирүүлөй өрттөө салты болгон. Ошондой эле аялга “эркектин кумарын кандыруучу жандык” катары каралып, чыдагыс кордуктар көрсөтүлгөн. Ал эми барынан аянычтуусу, кызды бала кезинен тирүүлөй топуракка көмүү адатын карманган заман өткөн.Ушундай  наадандык заманда туура жолду көрсөткөн  Ыйык Куран түшүп,  мындай  мыкаачылыкка тыюу салып, башка зордук- зомбулуктардын да алдын алат: “Эгер алардын бирөөсү кыз менен сүйүнчүлөсө, анын ачуусу келип, бети карара баштайт. Өзүнө келген “жаман” кабардын таасиринен улам элден жашырынат. Аны эмне, кордукка салып же топуракка көмүп таштоо керекпи? Алар кандай жаман өкүм чыгарышат.  (16:58-59)

Курандагы аялдын орду

Куран Карим: “Эй, адамдар! Биз силерди эркек – ургаачыдан жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып- билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Аллахтын алдында силердин эң сыйлууңар – такыбараагыңар. Чындыгында, Аллах- (баарын) Билүүчү, ( баарынан) Кабардар! (49:13)  Аллах Таала жогорудагы аятта аял –  эркекти  кандай гана уруу – улуттан болбосун тең жаратканын баяндап, адам бир гана такыбалыгы менен Кудайга жакын болоорун буйруган.

Куран такыба аялдарды мисал келтирип, Иса пайгамбардын (а.с) энеси Азирети Мариямды  баяндаган. Анын атынан  Курандын бир сүрөөсү (Мариям сүрөөсү) аталган. Аллах Таала Азирети Мариямды  (а.с) аруулугу жана бекем ыйманы үчүн  жарык дүйнөгө кереметтүү келүүчү  улуу пайгамбардын энеси кылып тандаган.

Ал эми такыбалыкка Кудайга ыйман келтирүү менен Ага ибадат кылуу, күнөөдөн алыс болуп, Ислам шариятына амал кылуу  шарттары кирет. Ислам шариятында болсо, аял менен эркекке өз өзүнчө укук-милдеттер дайындалган; алар окшош болбогону менен тең келет жана айрым жерлерде аялдын укуктары  эркектердикине салыштырмалуу көбүрөөк десек болот.

Аялдын коомдук укук – милдеттери

Аял кишинин билим алуу укугу айкын маселелерден, анткени Пайгамбарыбыздын (с.а.в) белгилүү хадиси буга далил: “Илим талап кылуу ар бир мусулман эркек жана мусулман аялдын милдети.” Андыктан, аялдын билим алуусуна тоскоолдук жаратуу, анын укугун тебелегенге жатат.

Исламда аялды коомдук иштерге  да жигердүү катышууга үгүттөйт: “Момун эркектер менен момун аялдар – бири-бирине көмөкчү…(9:71)” Шарыятта аял киши иштеп акча таап, үй- бүлөсүн багууга милдеттүү эмес, андыктан аял алган маянасына өзү толук укуктуу, ал эми өз ыктыяры менен үй-бүлөсүнө жардам берсе, ага кошумча сооптор жазылат.

Албетте, аялдын  коомдогу иштерге катышуусуна шарият чегинен чыкпоо зарылдыгын эске алуу керек.

Хижаб маселеси

Шариятта аял кишиге балагатка жеткенден баштап (9-12 жаш) чоочун эркектердин алдында жана коомдо хижаб кийүү парз (милдеттүү) кылынган. Хижаб деген аялдын денесин толук жапкан Ислам кийимине карата айтылат. Байыркы  айрым улуттардын аялдары да хижабга окшош кийимдерди кийишкени белгилүү. Ислам, аялдардын укуктарын коргоо максатында кийимдерин толуктоого жана аны сактоого үгүттөгөн: “ Эй, пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айт: Үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын .Бул аларды аруу таанытат жана азар берүүчүлөрдөн сактайт. Аллах кечиримдүү, ырайымдуу.”( 33:59)

Жогорудагы аятта айтылгандай,  хижаб аялдын таза жүрүүсүнө шарт түзүп, арам (зынага алып баруучу) көздөрдөн коргойт. Хижабдын пайдалары арбын, аларды  кыскача баяндаганда төмөнкүлөр:

Хижаб кийүү бул – мусулман аялдын милдети жана укугу;

Хижаб бул – аялдын коомго кийе турган уруксат формасы;

Хижаб – аялдардын эркиндигин чектебейт, эркектер менен эркин мамилелерин чектейт;

Хижаб- таза муундуу коомдун ачкычы;

Аялдар хижабдуу жүргөн коом – өнүккөн коом болот, анткени, коомдо ачык жүргөн аялдар менен алектенбеген эркектер жумуштарына көбүрөөк көңүл буруулары далилденген;

Хижаб  –  үй-бүлөнүн туруктуулугуна  кепилдик.

Аялдын үй бүлөдөгү орду

Аял заты үй-бүлөдө негизги эки – жубайлык жана энелик ролду аткарат. Үй-бүлө бул кичинекей коом болгону менен ар бир чоң коомдун башаты болуп саналат. Андыктан, Исламда аялдын үй-бүлөдөгү ордуна чоң маани берилген.

Аял үй-бүлөгө тынчтык жана махабат менен мээрим тартуулайт: “ Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да анын белгилеринен…” (30:21) : Ислам пайгамбары (с.а.в) буйруган: “Силердин дүйнөңөрдөн үч нерсени сүйдүм, алар аялдар, жыпар жыт жана көзүмдүн нуру болгон намазым.”

Аял коомдун уюткусу: “Аялдарыңар силердин эгин талааңар … (2:223)  Куранда аялды“эгин талаа” деп салыштырганынын  себеби, аял  коомдун өнүгүүсүнө, инсан тукумунун улануусуна жана анын сакталуусуна жарактуу эгин талаага окшош жана адам жашоосунун негизги уюткусу Ал эми үй-бүлө туура нукка багыт алуусу үчүн аял- эркек өз милдеттерин аткарып жашоолору керек. Бул боюнча Ислам шарыяты аял менен эркекке ылайыктуу милдеттерди дайындаган. Аялдын күйөөсүнүн алдында  бир канча милдеттери болгондой эле, күйөөсүнө да ошончолук милдеттерге акылуу. “…Эркектердин аялдарында акылары болгон сыяктуу эле, аялдардын да күйөөлөрүндө тиешелүү акылары бар…” (2:228)

     Махр жана нафака акысы: Кыз баланы күйөөгө чыга электен мурда атасы же улуу агасы камсыздап, кароо милдеттерин мойнуна алса, ал эми күйөөгө чыкканда бул милдеттер күйөөсүнө жүктөлөт:“Эркектер аялдардын кожоюну… (4:34) Аял күйөөгө чыгардан алдың болочок күйөөсүнөн махр (калың) талап кылууга укуктуу: “(Үйлөнгөн) аялдарыңарга калыңын чын дилден бергиле…” (4:4) Күйөөгө чыккан аял эринин нафакасына ( толук камсыздоосуна) укуктуу, андыктан, шариятта эркек мүмкүнчүлүгүнө жараша  аялын  жана балдарын үй-жай, кийим-кечек жана азык-түлүк менен камсыздоого милдеттүү. (65:7)  Ал эми, аялга күйөөсүнө баш ийип жашоосу, анын эркектик муктаждыктарын канааттандырып, мал- мүлкүн жана абийирин сактоосу парз кылынган. “… Аллахка моюн сунуучу – ал, күйөөлөрүнө баш ийүүчү, Аллахтын сактоосу менен күйөөлөрү жокто абийирлерин сактоочу- аялдар…” (4:34)     Кантсе да аялдын үй-бүлөдөгү ролу аябай маанилүү  анткени, аялдын жүрүм-туруму, мамилеси үй-бүлөнүн куралуусуна чоң таасирин тийгизет. Аял кааласа үй очогун бейишке айланта алат жана тескерисинче аны чыдагыс тозокко да айлантышы мүмкүн. Бул жерде анын такыбалыгы жана акылмандыгы менен тажрыйбасы пайдалуу болот. Албетте, турмуш куруу оңой жол эмес, ошондуктан пайгамбарыбыз аны  жихадка (Аллах жолунда күрөшкө) теңеген: “Аялдардын жихады бул- күйөөлөрүнүн ыраазычылыгына татып жашоолору.”

   Аялдын энелик ролу

Исламда эненин даражасы өтө бийик: “Бейиш- энелердин таман астында.”  Аллах Таала мусулмандардын эңсеген бейишин (Исламда жүрүп, балдарын Исламга тарбиялаган) энелердин таман астына жайып койгон. Исламда Кудайга ыйман келтирүүдөн кийин эле ата-энеге, өзгөчө энесине жакшылык кылууну буйруган:“Биз инсанга өз ата-энесине жакшылык кылууну буйрудук. Энеси аны алсыздыктын үстүнө алсыз болуп көтөрөт…” (31:14)  Бир адам пайгамбарга (с.а.в) келип сурайт: “Кимге жакшылык кылайын?” Буйруду: “Энеңе!” Дагы сурады: “Андан соң кимге жакшылык кылайын?” Буйруду: “Энеңе!” Дагы сурады: “Андан соң кимге жакшылык кылайын? Буйруду: “Дагы да энеңе!”  Дагы сурады: “Андан кийинчи?”- деп сураганда, Пайгамбар (с.а.в) “Кийин атаңа”-деп жооп кайтарган экен. Эне инсан тарбиялоодо негизги  ролду аткарат.  Эненин тарбиясы баланын түйүлдүк кезинен башталат.  Анткени эненин жүрүм- туруму, аң- сезими балага түздөн-түз таасир этет. Бул жерде эненин ыйман – амалы чон мааниге ээ. Эне  ар бир адамдын тарбия- сабак алган алгачкы мектеби. Коомдук мектептен дагы “эне” мектебинин таасири алда канча күчтүүрөөк. Андыктан, ар бир эне өз баласын туура тарбиялап, коомго берген болсо, ал инсандын келечегине эң чоң салымын кошкон болот. Ушул себептерден Ислам дини аялдын жашоодогу негизги ролун  үй – бүлөгө ылайыктаган жана анын энелик даражасын бийик коюп, ага өзгөчө маани берген.

Даярдаган Каныкей Жамангулова.

http://www.ca-irnews.com/kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс