Вторник , 20-Август 2019
Башкы бет / Аналитика / ЖЭЭНБЕКОВ ТҮШКӨН ФИНАНСЫЛЫК КАПКАН…

ЖЭЭНБЕКОВ ТҮШКӨН ФИНАНСЫЛЫК КАПКАН…

Сооронбай Жээнбековдун айлыктарды 27 миң сомго, пенсияларды 11 миң сомго жеткирем деген убадасы баарынын эсинде. Бул качан аткарылат деп күткөндөр да арбын, ал куру убада деп күлгөндөр да арбын.

Жээнбековдо айлык акыларды, пенсияларды убада кылган өлчөмгө жеткирүүнүн жолдору барбы? Болсо ал кайсы жолдор?

Ооба, Жээнбеков убадасын турмушка ашыруунун эки жолу бар. Биринчиси, экономиканы кескин көтөрүү менен жетсе болот. Бирок бул реалдуу эмес. Анткени экономика тескерисинче кашаңдап баратат. Экономиканы кескин көтөрө турган демилге, идея, аракет да байкалбайт.

Экинчиси, инфляция, сомду девальвацияга учуратуу жолу. Бирок бул да мүмкүн эмес. Анткени девальвация кайсы бир жагынан пайдалуу болгон менен, Кыргызстан экономикасынын шартында абдан бир өзөртө ура турган жайы бар.

Девальвациянын пайдасын айтсак, кыргыз эмгек мигранттары орус рубли менен кыргыз сомунун курсунун дээрлик теңдигинен көп жоготууларга учурап келатышат. Алар 1 рубль 1.5 сом болгон учурду идеалдуу деп эсептешет. Анткени Россияда 30 миң рубльга иштесе, Кыргызстанда анысы 45 миң сом болуп, берекеси ашып турган. Азыр бирге бир болуп, бул курс алар үчүн пайдалуу эмес.

Казакстан боюнча андан да начар абал. Анткени теңгенин курсу өтө төмөн. Алар убагында көзөмөл менен теңгени девальвация жасашкан. Пайдасын көрүп жатышат.

Өзбекстан сумунун курсу андан бетер төмөн. Ошондуктан өзбектердин Кыргызстанга келип иштөөсү, Кыргызстанга товар сатуусу абдан пайдалуу жана ыңгайлуу болуп жатат. Мындан биздин товар өндүрүүчүлөр, дыйкандар, экспортерлор чоң зыянга учурашууда.

Өкмөт бул абалды өзгөртө алабы? Мүмкүнчүлүк барбы деген суроо чыгат. Муну жасоого болот. Бул көзөмөл менен сомду девальвациялоо. Бирок бул дагы оор маселелерди жаратат. Ал тышкы карызды төлөөнү кескин оорлотот. Анткени өкмөт тышкы карызды сом менен эсептеп, доллар менен төлөйт. Демек сомдун күчү канча кетсе, тышкы карыздын көлөмү ошончолук өсөт. Оорлугу ошончо артат.
Экинчиси, өлкөнүн финансылык системасына, саясатына ишеним кетет. Үчүнчүсү, импорт кымбаттайт…
Финансылык капкан деген ушул.

Ошондуктан Жээнбековдун айлыктарды 27 миң сомго, пенсияны 11 миң сомго жеткирем дегени абсолюттук популизм, ойлонулбаган сөз жана “асмандагы айды алып берем” деген куру убада деп айтууга болот…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс