Вторник , 20-Август 2019
Башкы бет / Диндер / БИЛЕРМАНДАРГА БИР СУРОО

БИЛЕРМАНДАРГА БИР СУРОО

Ахлу сунна аалымдары, “Ла илаха иллаллоху Мухаммадун расулуллох”-деп ыйман келтирген адамдарды кайсы бир күнөөсү себептуу каапырга чыгаруудан (такфир кылуудан) жана аны өлүм жазасына өкүм кылып, аларга каршы согушуудан кайтарат.

БИРОК..,
Кыргызстан мусулмандарына догма (милдеттүү ишеним) катары таңууланып жаткан матуридия акыйдасынын автору Абу Мансур Матуридий өзүнүн “таьвилату ахлу сунна” деген тафсир китебинде (тауба, 5-аяттын тафсиринде) мындай деп жазып жатат:

(فَإِنْ تَابُوا وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ فَخَلُّوا سَبِيلَهُمْ)، فوجب بظاهر الآية أن نقاتل من آمن ولم يقم الصلاة ولم يؤت الزكاة…

“Аяттын сырткы маанисинен эле көрүнүп тургандай, биз ЫЙМАН КЕЛТИРСЕ ДАГЫ, бирок, намаз окубаган, зекет бербеген адамдарга каршы согушуубуз важып (парыз) болот”.
АЛ ЭМИ..,
Бүткүл дүйнө боюнча мусулман коомго жана мусулман падышаларга каршы курал көтөргөн харижит согушкерлер (ИГИЛ, ИДУ, Боко Харам ж.б) дагы дал эле имам Матуридийдин сөзүндөй сөздү айтышат жана: “Коомдогу адамдар ыймандуу болсо да, намаз окубаса, алар – каапырлар! Аларды өлтүрүш керек!” дешет.
БУЛ ЖАГЫ КАНДАЙ БОЛОТ?
Негизи Конституция боюнча светтик мамлекет деген эч бир диний окууну букараларга таңуулабашы зарыл болчу. Бирок, бизде (Матуридийдин бир дагы китебин толук окубаган адамдар тарабынан) Матуридий окуусу таңууланды жана “диний жашоо дал Матуридий айткандай болушу керек” деген мазмунда жарлыктар чыкты.
Имам Матуридийдин жогорудагы фатвасы – кааласак да, каалабасак да – такфирист-согушкерлерге ЧООҢ АРЫК чаап, колдоруна далил карматып турат!!!
Билип турам, бул суроого муфтият жооп бербей, тымпыят.
Бирок, ким жооп берет? Бул маселе жоопту гана эмес, КООМ КООПСУЗДУГУНА ШАЛААКЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ деген ЖООПКЕРЧИЛИКТИ да талап кылат!

Шамсуддин Хакимов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс