Вторник , 20-Август 2019
Башкы бет / Аналитика / ӨЛҮК МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТАР

ӨЛҮК МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТАР

“Грузияда биз бир топ мамлекеттик кызматтарды, ведомство, башкармалык, агенттик, комитеттерди жок кылууну чечтик.
Мисалга алсак энергияны эффективтүү пайдалануу комитети бар. Анын зыяны жок десек, бирок пайдасы да жок болуп жатпайбы. Чындыгында мамлекеттик агенттик, мам.кызмат дегендерди азайтмайын коррупция менен толук кандуу күрөшүүгө күчүбүз жетпейт.
Оорукана-мамлекеттик ишкана, билим берүү тармагы-мамлекеттик ишкана, толгон токой тактамаларды берүү, паспорт менен камсыз кылуу ж.б. Мисалы өрттү көзөмөлдөө кызматынын эмне кереги бар? Же алар өрт өчүрбөсө. Өрттү өрт өчүргүчтөр өчүрөт, бирок көзөмөлдөөчүлөр эмес!
Советтер заманында сыртында “Мясо-Эт” деп жазылган дүкөндөр болоор эле. Ичине кирсең көбүнчөсүн эт жок. Ортодо суроо жаралат: Союз мезгилинде эт дүкөндөрү бар беле? “Эт” деген жазуусу бар имараттар бар болчу, а бирок үзгүлтүксүз эт саткан дүкөндөр жок эле. Эгерде “Эт” деп жазылган дүкөндөрдү жаап салсак эмне болот? Эч нерсе болбойт. Демек өрттүн алдын албай эле, пара алуу менен алектенген өрт көзөмөл кызматын жаап салсак эмне болот деп ойлошуңуз мүмкүн? Туура, эч нерсе болбойт.
Санитардык абалды көзөмөлдөгөн кызмат бар да ,туурабы? Алар өрт көзөмөлүнөн атынан башка эмнеси менен айырмаланат? Айталы, эртең же башка күнү саясий эрк менен ушуга окшогон толгон токой көзөмөл, кызмат, ведомстволорду жаап салсак эмне болот? Туура.Алар жумуш ордун жоготот. А бирок автобуста элдин акчасын уурдап жаткан чөнтөкчүлөрдү камасаңыз , алар да жумуш ордун жоготуп жатпайбы. Андай болсо бул “мамлекеттик” ууру башка уурудан эмне айырмасы бар? Болгон айырмасы- колундагы күбөлүк жана жонундагы погон. Менин үйүмдө дубалда өрт өчүрүүчү балон илинип турат, аны мен өз коопсуздугум үчүн сатып алып койгонмун. Эч кандай “көзөмөл” мени ал балондорду ал деп мажбурлабады.
Алгач биз Грузияда монополияга каршы кызматты жок кылып жатканда, зыян берип албайбызбы деп ойлодук. Бирок монополияны тизгиндөө керек деген теоретиктер да бир ооздон баары бир бул кызматтан көп зыян бере албайсыңар деп ынандырды, анткени бул кызмат пара алуу менен гана жашап калган. Өлүктү өлтүрүү мүмкүн эмес экен. Ал ансыз деле өлүк. Эгерде кайсыл бир мамлекеттик орган өз ишин аткарбай, пара алуу менен алектенип “өлүк” болуп жатса, эч бир ойлонбостон аны жок кылыш керек”.
Каха Бендукидзе (2004-2008 жылдары Грузиянын экономика министри)
Которгон: Нуриет Абдулазиз (Nuriet Abdulaziz)

Сиздин оюңузча кайсыл мамлекеттик кызмат, башкармалык, министрлик, ведомство “өлүк” кызмат наамына татыктуу?

Нуриет Абдулазиз.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс