Вторник , 20-Август 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Мигрант келиндин күйөөсүнө жазган каты

Мигрант келиндин күйөөсүнө жазган каты

Кандайсыңар ? Балдар жакшыбы ? Өзүң жакшы жүрөсүңбү ? Бутуң оорубай калдыбы ? Дарылык май алам дедиң беле , алып сыйпап дарыландыңбы ? Жардам бердиби ? Мен болсо жүрөм . Баягыдай эле отурбай 15 саат иштеймей . Чарчадым . Үйгө кетким келет . Балдарды сагындым . Баарыңды сагындым . Бирок … барганда кандай тирилик кылабыз деп аны ойлойм . Же сенде же менде жумуш жок. Балдар болсо чоңойуп , ичкен жегени да ошого жараша болуп келе жатат . Аябай чарчап тажап жүрөм . Бул аз келгенсип ар кандай нерселерди айтып маанайымды түшүнөсүң . Мындан ары тескери ойлоруңду айтпачы . Ала жипти аттагым келсе сенин жаныңда жүрүп деле кылгылыкты кылып кыл жип менен бууп койгонго акылым , да амалым да жетет . Жакшы сөзүң менен дем берип турчу …. Дагы эле белим чымырап ооруп , отуралбай же жаталбай кыйналып жүрөм . Дарыланайын дейм бирок акча кетиргим келбей жатат , бул жакта баары кымбатта . Кыргызстанга барганда бир сыйра доктурга көрүнүп дарыланаармын . Өзүң баш көз болуп акчаны үнөмдүү туура пайдаланып , чогулткула . Мен деле бул жакта өмүр бою иштей албаймда . Балдарды жакшы кара . Ыйлатпа . Ансыз да алар мени сагынып атышса керек . Түшүмө бат – бат киришет . Баса , Айканын сураганын сатып берип койчу . Классташтарын көрүп ар нерсени алгысы келет да . Чоңойуп калбадыбы . Балдарды аябай сагындым . Жумуш чыкса иштеп , чай чамекке акча тапканга аракет кыл . Арак ичпе . Ден соолугуңду кара . Бир жумадан соң акча салам . Өзүңө керектүүсүн алып догдурга көрүн . Дары дармеке , анализдерге канча керек экен айтып кой . Салып жиберем . Тамекиге өпкөңдү ыштай бербе . Кийин демигип такыр баса албай каласың . Өзүңө кам көрүп , ден – соолугуңду кара . Азыр жумуштан чыгып баратам . Үйгө жетсем эле уктаймын . Аябай чарчадым . Белим чыдатпай ооруп жатат . Жакшы тургула анда . Эртең чалам …
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс