Вторник , 10-Декабрь 2019

БАЛ КЫМЫЗ

Бал кымыз десе бал кошулган кымыз деп түшүнөт көбү. Чынында болсо идиштери ийине жеткирилип ышталган, өзү болсо аябай жакшы бышылган кымыз бал кымыз деп аталат. Балкытат, тердетет, магдыратат, төгөрөгүңдү төп кылып, бу дүйнөнүн рахатын сездирет. Бирок эс-акылыңды алып, мас кылбайт, оору-сыркооңду козгобойт, ичкенден кийин да, эртеси да башыңды оорутпайт. Тетирисинче, ичеги-кардыңды, кан тамырларыңа чейин тазалайт. Жарым ай – бир ай кымыз ичкен киши жылдык балээлерден кутулат. Бул менин чыгармам эмес, бул миң жылдарды карыткан кыргыз деген улуу элдин тажрыйбасы.

“Айыл азыгы” дүкөнүн Арпа жайлоосунун бал кымызы менен камсыз кылып жаткан Бакы деген жигит бар. Өгүнү бир келгенде “Байке, сиз менен олтуруп ичели дедим эле”,- деп атайылап гүл кымыз көтөрүп келиптир. Гүл деген түнү менен ачып болгон таңкы кымыздын тунмасы, азыркыча айтканда спирти. Жүз литрлик сабадан чыкса бир-эки литр чыгат.
Жашыраак кезде уурттап-татып көргөнүм болбосо даамы деле эсте жок. Бакыга мейли же жок дей албай, акыры элге тамак сатып жаткан чоң көп азыктын даамын билип коюу милдетим эмеспи деп, татып көрсөм кадимки эле кымыз. Болгону адамга жеңилирээк кирип, тезирээк жетет экен. Ачыгын айтканда, жетпеген жериңе да жетет экен. Бир чыныны аздап түгөтүп, болду эми, мага жетет дедим Бакыга. Гүл кымыздын аягын Нургазы досум достору менен келип ичип кетти…
Бир молдого да гүл ичиришиптир, – дейт анда Бакы. – Көбүрөөк ичкен го, баягы молдонун селдеси чачылып кетиптир. Ошондо ал: “Койгула, болбойт!” – дейт экен. “Эмнеге болбойт, биз ичкенге болбойбу?” – деп сурашат олтургандар. “Жок, силер иче бергиле, бирок мен ичкенге болбойт”, – деп айтат дейт молдо.
Бакы баатыр мени ошентип шылдыңдап кетти. Эми силер ичем десеңер деле гүл жок. Ал жайлоодо, желенин, сабанын жанында болот.
Саба биздин дүкөндө да бар. Гүл кымыз болбогон менен бал кымыз бар. Гүлдү тата электер үчүн бал кымыздын гүлдөй эле таасири бар. Бал кылалы деп кымызды бышкандын да амалын үйрөнүп алдык. Накта кымыздын даамын көбүрөөк эл билсин деп бул табылганы да жалпыга жарыялап жатабыз. Кымыздын эталонун жасаган Бакы өзү таң калып кетти. Кадимки “Үлүл” деп аталган электр желдеткичине шлангды улап, сабага же чаначка кирчү башына таза суунун желим түтүгүн кошуп койгула. Кадимки бишкектен бери дегенде беш, ары дегенде он эсе натыйжалуу болот. Бурулдатып, шарылдатып, сабаңды жулкулдатып жатып, кымызыңды бир бышырат дейсиң, бал деп айтпастын өзү күнөө болот. “Үлүлдүн” баасы 2 миң сом, шланг 100 сом, түтүк 100 сом. Сен быш, мен быш болуп, бир короо кишини жумшап мээңер оорубайт. Бир кем дүйнөсү – желдеткичтин үнү уңулдап деги бир ачуу экен. Эми тынымсыз бышмак белеңер. Анда-санда уңулдакка чыдап койсоңор болот. Бал кымыздын баасы ушул түйшүктөрдөн алда канча жогору эмеспи.

Бейшенбек Бекешов.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс