Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Ишке ашпай калган тѳңкѳрүштѳ курман болгондор эскерилди

Ишке ашпай калган тѳңкѳрүштѳ курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 15-июлда  кыргыз-түрк «Манас» университетинде (КТМУ) 2016-жылы Түркияда болгон тѳңкѳрүштѳ курман болгондорду эскерүү кечеси болду. Иш чара окуу жайдын ректору Сабахаттин Балжы, Туркиянын байланыш министри, КТМУнун башкаруу кеңешинин тѳрагасы Фахреттин Алтун жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте ѳткѳрүлдү.

Түркияда 15-илюлду расмий «Демократия жана улуттук биримдик күнү» деп белгилеген. Алгач окуу жайдын мечитинде шейит кеткендерге куран окутулду. Ошондой эле иш чаранын алкагында сүрѳт кѳргѳзмѳсү болуп, ФЕТО террордук уюму тууралуу документалдуу кино тасма кѳрсѳтүлдү.

Расмий Анкара 2016-жылкы окуялардан кийин “Себат” мектептеринин негиздөөчүсү болгон Фетуллах Гүлен башында турган ФЕТО уюмун террордук уюм экенин тааныган. Кыргызстанда бул уюмдун мектептери ар аймакта жайгашкан.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс