Вторник , 23-Июль 2019
Башкы бет / Аналитика / БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ИДПнын 6% БӨЛӨБҮЗ…

БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ИДПнын 6% БӨЛӨБҮЗ…

БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ИДПнын 6% БӨЛӨБҮЗ, БИЛИМГЕ УШУНДАЙ ӨЛЧӨМДӨ КАРАЖАТТЫ ФРАНЦИЯ, ФИНЛЯНДИЯ, ЭСТОНИЯ, МАЛАЙЗИЯ ГАНА БӨЛӨТ ДЕП АТАМБАЕВ МАКТАНЫП КЕЛГЕН, ЭМИ ЖЭЭНБЕКОВ КАЙТАЛАП ЖАТАТ. РЕАЛДУУ АЛЫП КАРАГАНДА, ТИГИЛЕР 100 ДОЛЛАРДАН 6% БӨЛҮП ЖАТСА, БИЗДИКИЛЕР 100 СОМДОН 6% БӨЛҮП ЖАТЫШАТ:

Учурда Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу жүрүп жатат. Ондогон жогорку окуу жайларга он миңдеген улан-кыздар документтерин тапшырып, келечек кесиптерин тандашууда.
Мына ушул орто мектептерди бүтүп келген окуучулардын билим деңгээли кандай, алар Кыргызстан жогорку окуу жайларында кандай сапатта билим алышат деген суроо өтө курч турат.
Тилекке каршы, Кыргызстандын билим берүү тармагы орто мектептер да, жогорку окуу жайлар да сапаттык жагынан абдан начар абалда. Анын негизги себептеринин бири жетишсиз финансылоо. Бирок ага карабай кыргыз бийлиги Атамбаев доорунан бери Ички дүң продукциядан 6% билим берүүгө бөлүп жатабыз, мындай биздин региондо жок, мындай өлчөмдо каржылоо Франция, Финляндия, Малайзия жана башка өлкөлөрдө гана бар деп дүңүнөн мактана беришет.
8-июлда алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдү кабыл алууда президент Жээнбеков да мына ошол сөздү кайталады.
Ал Кыргызстанда ИДПнын 6% билим берүүгө жумшалып жатканын, мындай өлчөмдө Франция, Финляндия, Малайзия, Эстония сыяктуу билимге умтулган мамлекеттер гана каражат бөлөрүн айтып өттү.
ИДПыңдын өлчөмү бир кашык болуп туруп, өркөнү өскөн мамлекеттер менен бөлүнгөн каражатты салыштыруу абдан калпыс иш, туура эмес салыштыруу экенин жөнөкөй эсеп далилдеп турат. Ошондуктан муну бийликтин калктын көзүнө топурак чачуусу, “бизде ушундай болуп жатат деп, маалыматсыз адамдардын башын айлантуу” десек болот.
Эми өзүңүз карап, салыштырып көрүңүз:
Кыргызстандын ички дүң продукциясы быйылкы жылы 604 млрд. сом же 8.6 млрд. доллар болот деп бюджет долбоорунда көрсөтүлгөн. Киши башына бөлүп келгенде 1438 доллардан тиет.
Ал эми билим берүүгө 29 млрд. сом бөлүнөрү бюджеттин чыгаша бөлүгүндө жазылган. 29 млрд. сом доллар менен эсептегенде 415 млн. долларга жакын акчаны түзөт же биздин билим берүү системасына жылына ушунча каражат бөлүнөт.
Эми башкаларды карап көрсөк:
Франциянын ИДП 2трлн. 739 млрд. доллар. Киши башына ИДПсын бөлүп келгенде 43 миң доллардан тиет. Орточо айлыгы 2500 доллар же 175 миң сом.
Финляндия андан ашат. Чакан келген бул мамлекеттин ИДПсы 267 млрд. доллар. Киши башына 46 миң доллардан тиет. Орточо айлыгы 3800 доллар.
Эстония да абдан мыкты өнүккөн мамлекеттер катарында. Мурунку советтик республиканын ИДПсы учурда 31 млрд. долларды түзөт. Киши башына 36 миң доллардан тиет.
Мына ушул өркөнү өскөн өлкөлөрдүн ИДПсынын 6% канча болорун санап көрсөңүз, алар билим берүүгө канчалык бараандуу өлчөмдө каражат бөлүп жатышканын билесиз.
Маселен, Эстонияны алып көрсөк. Бул өлкөдө билим берүүгө 1 млрд. 800 млн. доллар бөлүнөрүн эсептеп чыгууга болот. Калкынын саны 1 млн. 325 миң.
Кыргызстандын калкынан дээрлик беш эсе аз. Бирок билим берүүгө бөлүнгөн каражаты дээрлик беш эседей көптүк кылат…

Aidanbek Akmatov
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс