Вторник , 23-Июль 2019
Башкы бет / Досье / Сени эстегенде

Сени эстегенде

Мен сени эстегенде кусаланып

Көңүлүм тынчым алат туталанып,
Жүрөктүн жүз тамыры тыз дей түшөт
Ойлорум он бөлүнүп бырчаланып.
Мен сени эстегенде күлүмсүрөп
Жан дүйнөм ай жылдызга учат күчөп
Эзилип качаанкы бир элесиңе
Ээрдим да аргасыздан жайнай түшөт.Мен сени эстегенде сүйүүм карып
Сен менен бирге жүргөн күнүм кайып
Мезгилге эңсөөлөрүм таштап качам
Курулай кыялдардан дүйнөм тарып.

Закымга өткөн күнгө сиңип кеткен
Жүрөктү бир өмүрдө тилип кеткен
Ааламдын сүрөтүнөн издей берем
Бири кем бул дүйнөмө үмүт сепкен.


Н.Алтымышева.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс