Пятница , 22-Ноябрь 2019
Башкы бет / Инфографика / Эгер сиздерге жол эрежесин буздуңар деп айып пул каты келсе…

Эгер сиздерге жол эрежесин буздуңар деп айып пул каты келсе…

Урматтуу мекендеш. Эгер сиздерге жол эрежесин буздуңар деп айып пул  каты келсе, дароо эле төлөгөнү шашпай, байкоо жүргүзү борборуна барып, эмне эрежени буздум, деп турууңарды өтүнөм. Анткени, Коопсуз шаар долбоору коммерциялык эмес деп айтылганы менен, көп учурда айып пул чогултууга багышталганы, ачыктан ачык көрүнүп калды.

Өткөн аптада бир иш менен унаага тийиштүү ГРСтин имаратына барып калып, эреже бузуу менен түшпөптүрмүнбү, деп текшертсем, 3000 сомго бир айыбыңар бар экен деп калышты. Дароо байкоо борборуна бардым. Менин алдымдагы бир жигитке жок полосаны басып өттүң, деп жатыптыр. Мен дагы кошулуп, полоса жок болуп турбайбы десем, эже сиз өзүңүздүн ишиңизди билиңиз, деп койду. Видеону карап, карагылачы баардык унаалар мендей айдап жатышат, бул полосаны баспай өтүү мүмкүн эмес десе, башкаларды карабай өзүңө жооп бер, башканын эмне кыласын, деп ал баланы дагы ордуна койду.
Мен өзүмдүн эреже бузганымды карап, макул болгон жокмун. Бул жерде эреже бузуу жок десем, байкоо жүргүзүү борбору биз ушул видеону карап эле беребиз, эгер жол белгини өзгөрткүңөр келсе, мэрияга баргыла, деп мени мэрияга жиберишти.
Убактымдын тарына карабай мэрияга барсам, ал жерде транспорт бөлүмүндө, эже бизге ГАИ буйуртма берсе, биз жол белгини оңдой алабыз, сиз ГАИге кайрылыңыз, деп кайра ГАИге жиберишти. Ушул жумада, ошол жол эрежеси бузулган боюнча жол белгилери туура эместигин ГАИге жеткирүүгө аракет көрөм, колдон келсе оңдотом. Анткени маселе 3000 сомдо эмес, маселе канча бейкүнөө адамдар жок жерден айып пулга илинип атканы.
Эми кичине жол эрежесин бузуп кеткен окуям жөнүндө жазайын, түшүндүрмө берип.
Бишкектин Сокулук менен чектеш Барпы Алыкулов көчөсү бар, мен ошол көчө менен Сокулукка кете турган Ден Сяопин көчө жакка баратып, түз өтүп кетишим керек болчу. Алыкулов көчөсүндө эки эле полоса бар экен. Оңго (шаар тарапка) кеткен тарапка кошумча стрелка бар экен 10-15 секунд элдер оңго бурулганга мүмкүнчүлүгү бар экен. Солго (Сокулук тарапка) кеткен жолдо кошумча убакыт берилген эмес, анысы аз келгенсип түз кеткендердин баарын ошол солго кеткендер менен бир кылып коюптур. Мен өйдө жактан келатканда, солго кеткен унаанын 1 км.ден ашык пробка бар экен, оң тарапка кетем деген унаа жок. Жолдордун кесилишине жакындагандан кийин оңго эле кетүү деген билдирмени көрүп, солго кеткен ирэтке киргенге аракет кылдым, бирок 1 км. кезекти куткөн унаалар башкаларды киргизбейт экен, анан дагы ошентип туура кезекке кирип кетем деген унаалар толтура экен. Ошенитип мен оңго кетчү полосадан түз кетип калсам, аны эреже бузду, деп айып эми почта аркылуу келет окшойт. Азыр карап көрсөм, бул жол белгилер маалыматтык белгилерге кирет экен. Оңго эле кет деген белги – бул түз кетүүгө тыйуу салынат деген эмес экен.
Сүрөттү байкоо жүргүзүү борборунан алгам, анан атайын барып сүрөткө тарттым. Жанагы солго жана түз кетсе болот, жана оңго кана деген жол белги ошол жол кесилишинде тушунда гана туруптур, а эреже боюнча 150-200 метр мурун дагы айдоочуга маалымат берип турушу керек экен. Анткени, мендей болуп, оңго кетчү полосага түшүп айдап алсаңар, белгини көргөндөн кийин сол ирээтке кирүү мүмкүн эмес болуп калат экен.
Суроо: эмнеге түз кетчү айдоочуларды оң тарапка кеткен полосадан дагы кетүүгө шарт түзүлбөйт. Сокулук жакка бурулам деген толтура унаа менен кошо, түз кетчүлөр дагы турушат, аларга кошумча светофор дагы убакыт берилбейт экен. Ошентип 19 секунданын ичинде солго, түз кеткендер өтүп атып, чоң тыгын болуп турат экен дайым. Жок жерден айыпка жыгылгандар көп. Ошондуктан, ар бир эреже бузууну дароо төлөп койбостон, ошол нерседен, туура эмес нерсени оңдоп алсак, мыйзамдуулук жана адамга багытталган саясат алдыга жылат эле.

Рита Карасартова

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс