Вторник , 23-Июль 2019
Башкы бет / Дүйнө / АКШда демонстранттар Ак үйдүн алдында Американын желегин өрттөштү (видео)

АКШда демонстранттар Ак үйдүн алдында Американын желегин өрттөштү (видео)

Категория: Күндеми – Published: 05/07 – 16:29

АКШда бүгүн, 5-июль эртең менен өлкөнүн эгемендик күнүнө арналган майрамдык иш-чаранын алдында демонстранттар Ак Үйдүн алдында бул өлкөнүн желегин өрттөп жиберишти.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, демонстранттар желекти АКШ президенти Дональд Трамптын эгемендик күнүнө байланыштуу сүйлөй турган сөзүнө чейин өрттөштү.

Америкалык маалымат каражаттары анын ичинде The Associated Press агенттиги дагы Трамптын тарапташтары менен каршылаштарынын ортосунда кагылышуулар болгондугун кабарлады. Демонстранттар Американын желегин өрттөп жатканда “Америка эч качан улуу болгон эмес” деген ураанды чакырышты. Американын жашыруун кызматынын кызматкерлери  өрттү өчүрүүгө кийлигишишти. Өрт өчүрүлгөндөн кийин “Трам 2020” деген ураандарды көтөргөн Трамтын тарапташтары менен анын каршылаштарынын ортосунда кагылышуу орун алды. Жашыруун кызматтын кызматкерлери  бир катар демонстранттарды анын ичинде демонстрациянын уюштуруучуларынын бири активист Жои Жонсонду камакка алды.

АКШ эгемендик күнүн жыл сайын 4-июлда белгилейт.

Талкуу

:D:lol::-);-)8):-|:-*:oops::sad::cry::o:-?:-x:eek::zzz:P:roll::sigh:

Осталось: 1000 символов

Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

+37°C Тегеран
+19°C Москва
+32°C Алматы
+35°C Бишкек
+27°C Астана
+35°C Дүйшөмбү
+37°C Ашхабад
+36°C Ташкент
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс