Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Иран Ошто 1 млн. долларга спорт комплекс курат (фото)

Иран Ошто 1 млн. долларга спорт комплекс курат (фото)

Категория: Башкы жаңылыктар – Published: 28/06 – 13:18

Ошто 1 миллион долларлык спорт комплекс курулуп баштады.

Бүгүн, 28-июнда Кыргызстандын түштүк борбору Ош шаарында “Достук” спорт комплексинин курулушунун пайдубалына капсула салуу иш-чарасы өттү. Комплекс Иран бийлигинин жардамы менен курулуп жатат. Иран анын курулушуна 1 миллион доллар өлчөмдөгү грант бөлүп берген.

Бул тууралуу «CA-IrNews» агенттигинин кабарчысы билдирди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жана Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Муджтоба Рузбехани катышууда. Шаар башчысы Иран тарапка ыраазычылык билдирди. “Биз Ош шаарында жаңы жана заманбап спорт комплекстин курулушу үчүн бардык аракеттерди жасадык. Эми ал Кыргызстан менен Ирандын бир тууган элдеринин ортосундагы достуктун символу болуп калсын”, – деп билдирди Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Муджтоба Рузбехани.

Ири объекттин курулуш иштери менен Ирандын компаниясы иш алып барууда. Грант түрүндөгү каражатты дагы Иран тарап бөлүп берди. Спорт комплекс “Манас-Ата” кичи районунда курулуп жатат.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс