Вторник , 23-Июль 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Атамбаев өзү үчүн уу даярдап, үйүн өрттөгөнү жатат

Атамбаев өзү үчүн уу даярдап, үйүн өрттөгөнү жатат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине ири коррупциялык иштер жана оор айыптар тагылып, анын кол тийбестик артыкчылыктары бүгүн Жогорку Кеӊеш тарабынан ажыратылды. Эми, кылмышка шектүү катары Атамбаев укук коргоо органдарына суракка чакырылат. Бирок, Алмазбек Атамбаев мыйзамдарды тааныбай турганын айтып, үйүнө таш төктүрүп, курал топтоп, бандиттерин чогултуп жатат. Ал, укук коргоо органдарынын чакыруусуна келбей, алып келүүгө баргандар менен согушмай болуп жатат.

Бирок, Атамбаевдин жанында саналуу эле убактылуу курсак тойгузуп, күнүнө 5000 сомдон алгандар гана калган. Алардын сабырын көрүп, Атамбаев өзүнүн үйүн өрттөгөнү жатыптыр. Себеби, бүгүн Башкы прокурор “Эгер Атамбаевдин күнөөлөрү далилденсе анын үй-мүлкү камакка алынып, мамлекетке кайтарылат”-деп айткан болчу. Атамбаев арам ырыскы менен тапкан мүлкүн мамлекетке берүүнү ыраа көрбөй, өрттөп салайын деп жатыптыр. Мындай аракети менен Атамбаев “мына бийлик менин үйүмдү өрттөп салды”-деп провокация кылып, чыр чыгарууну максат кылып жатыптыр. Анан артынан уу ичип, чала өлүк болуп ооруканага түшөт экен.

Эх, Атамбаев эркек деле эмес экенсиӊ, мынтип өлөрмандык кылып, айылдаш туугандарыӊды провокацияга түртүп, алардын колу менен кайра кылмыш кылып, кагылыш уюштурайын деп жатасыӊ. Жигиттик ар намыс болсо, Текебаевге окшоп эле чачыӊды кыскартып, тике карап келип, түрмөгө өзүӊ отуруп, эшигин ичинен тарс жаап алсаӊ, атыӊ калат эле го. Мынтип камалбай аман калуу үчүн ит кылбаган жорукту жасап жатасыӊ.

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды).
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс