Среда , 13-Ноябрь 2019
Башкы бет / Досье / Президентке Кара-Суудан кат

Президентке Кара-Суудан кат

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго                                                                               

                                                   КР Президенти Аппаратынын башчысы Д.А. Эсеналиевке 

                                                                                         КР МУКК торагасы О.Н. Опумбаевке                                                                                       

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак

айыл аймагы, Ишкаван айылы, С. Раджапов кочосу №86

уйунун тургуну Мирзакаримова Гулнарадан (0770 352010)

АЧЫК КАТ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Досалы Акпаралиевич!

Урматтуу Орозбек Найманович!

Биздин арыз беруубуздун себеби Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл окмотуно караштуу Ишкаван айылында номер 1644 контурунда жайгашкан 0,40 гектар жерди  Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаров аукцион аркылуу озунун тууганы Ишкаван айылынын тургуну, «Жайыт комитетинин» башчысы Маматалиев Аскар Меликозуевичке мыйзамсыз сатып жиберген. Анткени ал жер тилкеси Кыргыз Мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институнун Кыргызмамжердолбоор Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык таштуу жайыт категориясына кирет.

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4 беренесинин 2 болугуно ылайык айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлери, айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдуу пайдаланылуучу зонадагы жайыттар жана  ошондой эле алыскы жайыттар жеке  менчикке жана муниципиалдык менчикке берилбеген  жерлер мамлекеттин менчигинде болот. КР Жер Кодексинин 4 беренесинин 4 болугундо ЖАЙЫТТАР  ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ ЖЕ ИЖАРАГА БЕРИЛИШИ МУМКУН ЭМЕС! деп даана жана так жазылган. Бирок Ш. Капаров Президентибиз кол койгон бул мыйзамдарга тукуруп, озунун жана туугандарынын кызыкчылыгы учун мыйзамдарды уруп ойнобой, элге жер жетпей жатса, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, атайын мыйзамсыз тоорук откоруп, озунун тууганына ошол жерди арзан баада алып берди. Ошондуктан айыл окмотунун башчысы Ш. Капаров озунун кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер мыйзамдарын одоно бузуп, мамлекеттин жерин оз тууганына мыйзамсыз берип койгондугу учун кылмыш жоопкерчиликке созсуз тартылуусу керек. Ал эми Мамлекеттик акт жокко чыгарылып, жер тилкеси мыйзамдуу ээсине – мамлекеттин менчигине откорулуп берилиши керек.

Ош облусунун укук коргоо органдары тарабынан Ш. Капаровдун уй-жай куруу учун жер тилкелерди Жер Кодексинин 33 беренесинин 2 болугун одоно бузуп, кезектуулук тартибин сактабастан, коомдук угуулар откорбой, жен ичинен сатышы боюнча укуктук баа бербей жатат. Бул болсо укук коргоо органдары менен Ш. Капаровдун коррупциялык байланышы барбы – деген шек элде жаралып жатат.

Ошондой эле, Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаров мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен баюу максатында Кызыл-Кыштак айылдык кенешини торагасы Дилшод Сатвалдиев менен алдын ала суйлошуп, коомдук угуулар откорбой (Ш. Капаров жасалма коомдук угуу откорулду деп озунун дужурлоруно кол койдурушу мумкун), Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин 25.12.2018 ж. №16-7 жана 13.02.2019 ж. №17-8 токтомдорун чыгартып, Кызыл-Байрак айылында 500 кв.м., Ишкаван айылынын Дам участкасында 215 кв.м. жана Ишкаван айылынын 1576 контурундагы 0,47 гектар, 1577 контурундагы 0,48 гектар жерлерди мыйзамсыз аукциондон сатууга даярдап жатат. Себеби Ишкаван айылындагы 1 гектар жер водозабор алдында жайгашкан жер болуп. Ал жер тилке водозабордун санитардык сактоо, коргоо аймагына кирет.

Карапайым эл уй-жай куруу учун жер тилке ажырат десе, Ш. Капаров жер жок дейт. Бирок, ошол эле убакытта элге билдирбей, кезектуулук тартибин сактабай, коомдук угуу откорбой жер тилкелерди сатып жатат. Кызыл-Байрак айылында 500 кв.м. жер тилкени сатууга даярдап койгон.

Андан сырткары, Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаров мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен баюу максатында Кызыл-Кыштак айылдык кенешини торагасы Дилшод Сатвалдиев менен алдын ала суйлошуп, коомдук угуулар откорбой (Ш. Капаров жасалма коомдук угуу откорулду деп озунун дужурлоруно кол койдурушу мумкун), Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин 25.12.2018 ж. №16-7 токтомун чыгартып, Жаны-Турмуш айылынын Бешкапа участкасындагы 0,57 га (5619 кв.м.) суулу жерди мыйзамсыз аукциондон жеке менчикке сатууга даярдап жатат.

Кызыл-Кыштак айылдык кенешини торагасы Дилшад Кадирович Сатвалдиевден эмнеге андай мыйзам бузууга бардын? – деп сураганыбызда, «Бешкападагы ал жер суулу болгону менен, высоковольттун астында жайгашкан жер тилке» – деп бизди алдады. Эгерде ал жер ВВЛЭПтын астында болсо (бул анык эмес, Д. Сатвалдиев бизди алдаган болуусу да мумкун), анда ал жер тилке ВВЛЭПтин коргоо аймагына кирет. Коргоо аймагына кирген жер тилкени жеке менчикке сатуу КР мыйзамдарын, Жер Кодексин, ВВЛЭП коргоо аймагы жонундогу КР Окмотунун токтомдорун талаптарын одоно бузуу болуп эсептелет.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында суулу жерлер ажыратылышына, берилишине, сатылышына катуу тыйу (мораторий) коюлган жонундо мыйзам чыккан. Бирок, мыйзамсыз баюу жолундо КР мыйзамдарына тукургон Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаров ОшГипрозем жана Кара-Суу райондук Мамкаттоо башкармалыгынын кызмат адамдары менен алдын ала суйлошуп суулу жерлерди, коргоо аймагына кирген жерлерди мыйзамсыз ынгайсыз жерлер деп жасалма документтер жасатып, Ош шаарына чектеш аймакта жайгашкан ошондой коптогон гектар жерлерди Ш.Капаров коз карандысыз баалочу менен алдын ала суйлошуп, ото арзан баада баалап, озунун кошелёкторуно арзан баада, болгону 50-100 мин сомго сатып, кошелёктору ал жерлерди 5 сотыхтан болуп, чек кылып ар бир чекти 10 мин доллардан жана андан да жогору баага сатып Ш. Капаров менен бирге мыйзамсыз байышып жатышат.

Биз коп жолу Ш. Капаровдун мыйзамсыз аракеттерин жазуу турундо укук коргоо органдарына кайрылдык. Бирок, укук коргоо органдары Ш. Капаров же болбосо анын крышасы менен байланышы барбы, ал арыздарыбызды карабай жатат. Ошондой эле, Ш. Капаров бизди озунун дужурлоруно жамандап, басмырлап, коркутуп, шантаждап, мажбурлап тосмо (встречный) арыз жаздырып жатат. КР Президенти Жээнбеков жарандар коррупция жонундо кабар берсе, мамлекеттин коргоосуно созсуз алынат деген мыйзамга кол койгон. Ошондуктан биз мамлекеттин коргоосуна муктажбыз. Жогоркулардын негизинде суранабыз:

1) КР МУКК Ош шаары жана Ош облусу башкармалыгы биз алдын жазган арыздарыбыз жана ошол арыз негизинде Ш. Капаровко кылмыш иши ачып, аны жоопкерчиликке тартсын, кылмыш ишин кыскартуу учун бизге мажбурлап тосмо арыз жаздырбасын, коркутпасын.

2) Урматтуу Досалы Акпаралыевич! Коррупционер Ш. Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу, Ш. Капаровдон жана анын крышасынан коргонуу учун КР Президенти СШ. Жээнбеков бизди кабыл алуусун уюштуруп бериниз.

 

Коррупционердин курмандары:                                          Г. Мирзакаримова, 23 июнь 2019 ж.

Токторалиева Орозкан (тел. 0778 493908)

 

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Шарабидин Капаровду жана аны калкалаган коррупционерлерди күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс