Вторник , 23-Июль 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Түрк элчилиги  Айтматовго арнап жооп жарыялады

Түрк элчилиги  Айтматовго арнап жооп жарыялады

ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИ


ПРЕСС-РЕЛИЗ

 

22 ИЮНЬ 2019-ЖЫЛ

Жакында айрым жергиликтүү маалымат булактарында Кыргызстандын экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Түркиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фыратка каты жарыяланган болчу. Биздин редакциябызга элчиликтин ал катка жообу келип түштү. Андыктан биз аны окурмандардын назарына сунуштамакчыбыз.

Түркия Республикасынын баардык жетекчилери, Түркия эли, ошондой эле Элчилик тарабынан бир канча жолу белгиленгендей, ФЕТО/FETÖ түзүмү террордук уюм, кылмыштуу желе жана культ түрүндөгү структура болуп эсептелет.
Ушундан улам бир жагынан ФЕТО/FETÖ менен кызматташып, экинчи жагынан Түркия менен кызматташуу мүмкү эмес. Бир тандоо жасалуусу керек.
Аскар Айтматов бул тандоосун так аткарып, өзү “биздин балдар” деп атаган феточулар/FETÖ менен кызматташтыгын жана аларга болгон колдоосун улантаарын мурда эле бизге билдирген. Ошондуктан ал адамдын Түркияны колдонуп пайда табуусуна чекит коюлган.

Белгилей кетчү дагы бир жагдай, Себат/Сапат мектептери ФЕТО/FETÖ тарабынан түзүлгөн, алар ээлик жана жетекчилик кылган жеке менчик жана акы төлөнүүчү мекеме.

Балдарын бул мектептерге жиберген ата-энелер билиши керек болгон нерсе, мектеп төлөмдөрүнүн бир бөлүгү ФЕТО/FETÖ террордук уюмуна финансылык булак катары колдонулууда. Бул жагынан алып караганда маселе сырттан көрүнгөндөй же болбосо Аскар Айтматовдун катында жазылгандай жөнөкөй эмес.

Ошондуктан Түркия Республикасы альтернатива катары Кыргыз элине Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин текшерүү жана көзөмөлүндө иштей турган, эл аралык бакалавр даражасын берген, кыргызча, орусча, түркчө жана англисче билим берип, заманбап жабдыктарга ээ Маариф мектептерин салууну сунуштап жатат.

Кыргыз жетекчилигинин бул сунушубузду оң маанайда кабыл алып, кыргыз элин заман талабына ылайык жана ийгиликтүү жаңы альтернативалык билим берүү мекемелери менен камсыз кылаарына, бул үчүн керектүү негизди түзөөрүнө ишенебиз.
Аскар  Айтматов  айткан айыптоолорду кабыл алуу мүмкүн эмес.

Төмөнкү жагдайларды белгилеп кетүү ылайыктуу деп эсептейбиз. 2018-жылы Бишкекте Улуттук китепкананын үчүнчү кабатын толугу менен оңдоп, “Чыңгыз Айтматов залы” деп атап, кыргыз бир туугандарыбыздын колдонуусу үчүн берген мекеме Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги болгон. Ошол эле жылы Бириккен Улуттар Уюмунда түрк жана кыргыз тышкы иштер министрликтери менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган орток көргөзмө ачылган. Элчилигибиздин демилгеси менен Кыргызстанда жана Түркияда Чыңгыз Айтматов жөнүндө ондогон иш-чара уюштурулган. Бул жагынан алып караганда Чыңгыз Айтматовдун элесине арнап  Кыргызстандан кийин эң көп иш-чара өткөргөн мамлекет Түркия, түрк эли жана түрк элчилиги болгон.

Аскар Айтматовдун биз менен  болгон мамилеси  үзүлгөндүктөн жогоруда айтылган иш-чараларадан маалыматы жок экендиги көрүнүүдө. Бирок кыргыз элинин  бул иш-чаралардан маалыматы  бар экенине ишенебиз.

Урматтуу элчибиз Женгиз К. Фыраттын иш-аракеттери жана жетекчилиги астында өлкөбүздүн Кыргызстанга жана кыргыз элине көргөзгөн жардамы үзгүлтүксүз улантылат. Бул жылы Бишкекте Түрк-Кыргыз Достук ооруканасы ачылып, облустарда бала бакчаларды жана поликлиникаларды куруу, таза суу чыгаруу долбоорлору ишке ашырылат. 180 кыргызстандык бейтапка акысыз дарылануу мүмкүнчүлүгү берилип, 100дөн ашык кыргызстандык студенттин Түркияда магистратурада жана докторантурада окуусуна шарт түзүлүп, аларга стипендия берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Элчибиздин демилгеси менен өлкөбүздүн Ван провинциясындагы жергиликтүү кыргыздарды коомдук жана маданий жаатта колдоо долбоорлору ишке ашырылууда. Ошондой эле биз тараптан Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигин керектүү жабдыктар менен камсыз кылууга багытталган кеңири масштабдагы иш-чаралар аткарылууда. Муну менен катар түрк-кыргыз достугун бекемдөө максатында дагы бир топ долбоорлор даярдалууда.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргызстандын эң алдыңкы жогорку окуу жайларынын катарында турат. Элчибиздин иш жүзүндөгү көмөгү менен бул мекеме медицина жана юридика факультеттери менен толукталып, университеттин мындан ары да өнүгүүсүнө шарт түзүлүп, кыргыз жана түрк жаштарынын жогорку деңгээлде  билим алуусу үчүн берилүүдө.

Жогоруда айтылгандар көрсөтүп тургандай, феточулардын  жана алардын жетегиндегилердин негизсиз  жана деңгээлсиз чабуулуна карабастан, иш аракеттерибизди уланта бермекчибиз.

Бул маалыматты Кыргыз элинин назарына урматтоо менен сунабыз.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс