Вторник , 20-Август 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Ирандын президенти Кыргызстанга келди

Ирандын президенти Кыргызстанга келди

Категория: Башкы жаңылыктар – Published: 14/06 – 09:33

Кечээ, 13-июнда Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Рухани Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

Иран президенти Шанхай Кызматташуу отурумуна катышууга Бишкекке учуп келди. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, ИИР президенти Бишкекте өтүүчү  Шанхай кызматташуу уюмунун 19-отурумуна катышуу үчүн 13-июнда кечке жуук Бишкекке учуп келген.
Хасан Руханини Манас аэропортунда тосуп алууга Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген бир топ башчылар келишкен.
Белгилей кетсек, Хасан Рухани бул сапарында Кыргызстандын президенти Сооранбай Жээнбеков менен эки тараптуу мамилелерди карап чыгуу максатында жолугушмакчы.
Буга кошумча Иран президенти Шанхай Кызматташуу уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн отурумуна катышат.
Эске салсак, Шанхай Кызматташуу отурумуна Орусия, Кытай, Индия, Пакистан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикистан президенттери мүчө катары катышышат. Ал эми Монголия, Белорусия жана Иран президенттери бул отурумга көзөмөлдөөчү болушат.
Саясий, экономикалык, коопсуздук, коомдук жана маданий маселелер боюнча маалымат алмашуу Шанхай Кызматташуу отурумунун күн тартибинде каралган.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс