Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Дүйнө / РФнын Анкарага с-400дү берүү боюнча позициясы өзгөрбөйт

РФнын Анкарага с-400дү берүү боюнча позициясы өзгөрбөйт

Россиянын Түркиядагы элчиси Анкаранын россиялык ЗРКсын сатып алуусунун айланасындагы кырдаалга баа берди.

Россия Түркиянын алдында РКК (ПВО) С-400дү берүү боюнча өз милдеттерин аткарууну ишке ашырат.

Бул тууралуу шаршембиде журналисттерге РФнын Түркиядагы элчиси Алексей Ерхов айтты.

«Россиянын позициясы принципиалдуу болгон жана ошол бойдон кала берет, ал өзгөрбөйт.  Россия өзүнө Түркия Республикасына карата тиешелүү милдеттерди өзүнө алган. Андыктан Россия бул милдеттерди акниетүүлүк менен аткарат», – деди Ерхов.

Анын айтуусунда, бул үчүн эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн биргелешкен аракети керек. «Бул ичин чындыгын айтканда, айрым жагдайлары белгисиз биздин өлкөлөрдүн адистеринин чоң биргелешкен иши талап кылынат. Балким, кайсы бир топтор качандыр бир кайдадыр барышарын жокко чыгарбаймын», – деди дипломат.

2017-жылы декабрда Түркиянын президенти  Режеп Тайип Эрдоган Россия менен ЗРК С-400дү сатып алуу боюнча келишимге кол коюлгандыгын маалымдаган.

Кийинчерээк  “Ростех” корпорациясынын жетекчиси  Сергей Чемезов сөз жалпы суммасы 25 миллиард долларды түзгөн төрт С-400 дивизиондорун сатып алуу тууралуу болгондугун тастыктаган.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс