Вторник , 20-Август 2019
Башкы бет / Досье / ТҮКҮРДҮМ УШУЛ БИЙЛИККЕ!

ТҮКҮРДҮМ УШУЛ БИЙЛИККЕ!

Президент Эдил Байсаловду Улуу Британияга элчи кылып дайындады. Демек бийлик ЛГБТны өлкөдө мыйзамдаштырууну сап башында турган лидерлеринин бирин бул кызматка дайындады. Ал гана эмес, 2010-жылдын “Ош коогалаңы” окуясынын негизги себепкери ,кыргыз элинин элдешкис душманы,сепаратист Кадыржан Батыровду “адам укуктары” деп,өлкөдөн чыгарууга чоң жардам бергени эл арасында кеңири айтылып жүрөт.

Мен мындай түшүндүм ,Байсалов Атамбаевди жамандап,ага карата бир топ материалдар менен компрамат жаадыргандыгы үчүн элчилик кызматтын креслосун басып жыгылды. Бул дегени бийлик менен Байсалов соодалашууга барды дегени.
Мындан чыкты бийлик “улут намысы,каада-салт,нарк-насил” бүт бардыгын бир тыйынга сатып жиберген сыяктуу элес калтырды.
Кудай бетин ары кылсын ,эртең өлкөбүздө ЛГБТны мыйзамдашып кетсе бүт бардыгын мына ушул бийлик күнөөлүү болот. Себеби бүт бардыгы ошого баратат. Байсаловду Британияга элчи кылып дайындаган бийликтин бетине тфу! Түшүнсөк Кадыржан Батыровду өлкөдөн чыгарууга жардам бергени,Батукаевдин өлкөдөн чыгарууга жардам бергениндей эле эмеспи?
Байсаловду колдогондор бактылуу болгула!

(материал автордун ФБдагы барагынан алынды)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс