Среда , 21-Август 2019
Башкы бет / Досье / Ноталардын кагылышына гүленчилер себепкер

Ноталардын кагылышына гүленчилер себепкер

Сокулук районунун Орок айылындагы өспүрүмдөрдүн мушташуусу боюнча окуя болгон жерге өз жаранын, элчиликтин боюнда бар кызматкерине жардам берүү үчүн барган Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыраттын аракетин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги өлкөбүздүн ички ишине кийлигишүү  катары баалап, окуянын эртеси, 6-июнда Түркияга нота  жиберген болчу.

Бирок Түркия Республикасынын тышкы иштер министрлиги эртеси күнү эле, 7-июнда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Омуралиевди чакырып, ага да нота тапшырды. Анда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат өзүнүн дипломатиялык миссиясынын алкагынан чыкпагандыгы, Кыргызстандын ички ишине, саясатына кийлигишпегендиги, окуя болгон жерге консулдукта иштеген, боюнда бар кызматкери телефон чалып, жардам сурап кайрылгандыгынан улам барууга аргасыз болгондугу жана өзүнүн ал жакка барары тууралуу алдын ала керектүү органдарга маалымдаганы айтылган.

Мындан тышкары Түркиянын тышкы иштер министрлиги өз элчисинин аракетин бир тууган, боордош элдердин мамилеси катары баалап, түрк тарап мындан ары да кылымдардан бери уланып келаткан эки элдин достук мамилесин улантууга дилгир экендигин кошумчалаган.

Бул эки боордош мамлекеттин өз ара нота алмашуусу эмненин белгиси? Биринчиден, биздин министрлик менен ЖКнын айрым депутаттары гүленчилердин кыргыз-түрк достук мамилесин бузууга багытталган саботажынын таасиринде калганы байкалат. Себеби ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева гүленчилердин «Марал» радиосуна берген маегинде түрк элчисинин аракетин ачыктан ачык эле Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү деп баалап, ал тургай «кетсин» деген да бүтүм чыгарып жиберди. Эмне үчүн Эльвира Сурабалдиева түрк элчиси ал күнү окуя болгон жерге Кыргызстандын күч органдарына айтып, алардын уруксаты, көзөмөлү астында барганын көрмөксөнгө салууда?

Төмөнкү Орокко өз жаранын алып чыгуу үчүн барып, жергиликтүү жашоочулардын суроолруна жооп берип, өзүн тегеректеген элге кайдыгер мамиле жасабай, алардын суроолоруна жооп берип, керек болсо жабырлануучуларга медициналык жардам берели деген элчинин сөзүн «Кыргызстандын ички ишине кийлигишти»,- деп жер сабаган мамлекеттик кызматкер жана саясатчылардын өздөрүнүн боордоштук, дипломатиялык, саясый түшүнүгүндө мандем бар сыяктуу.

Тышкы иштер министрлигибиз гүленчилердин тилине кирбестен, эки өлкөнүн тээ байыркы кылымдардан бери келаткан бир туугандык, достук мамилелерин эске алып, эгемендүүлүк жылдардагы карым-катнашын, бүгүнкү күндө Түркияда окуп, иштеп аткан миңдеген жаштарыбыздын эртеңки абалын ойлоп койсо болмок.

Маселени тереңден аңдап караган адамдар эки мамлекеттин кайым айтышуусуна Кыргызстандын бийлик бутактарын ээлеп алган гүленчилердин себеп болгондугун байкап жаткан чагы. Бул иш кыргыз-турк мамилесин бузуну каалаган гүленчилердин саботажы экени күмөнсүз. Себеби элчиге доомат арткандардын көпчүлүгү ошол эле гүленчилер же алар менен табакташ, тилектештер болууда.

Ажобуз Сооронбай Жээнбековдун алгачкы чет элдик сапары да дал ушул боордош Түркияга жасалып, президентибиз өтө жогорку деңгээлде кабыл алынбады беле. Анда онго жакын эки тараптуу кызматташтык мамилелери тууралуу документтерге кол коюлган. Ал эми биздин тышкы иштер министрлигибиздеги гүленчилер менен Ак Үйгө жайгашкан айрым депутаттар жана ММКлар ошол келишимдердин аткарылуусуна гана бут тоспостон, эки өлкөнүн президенттеринин да жеке мамилелерине көлөкө түшүрүүдө. Баса, ошол Орозо айт күнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогон баардык түрк тилдүү мамлекеттердин президенттерине телефон чалып, куттуктап, бирок бир гана Сооронбай Жээнбековду куттуктаган жок. Бул да гүленчилердин кесепети эмеспи?…

Э. Досназаров.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс