Понедельник , 17-Июнь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Бишкекте Имам Хомейнинин ислам дүйнөсүнүн көйгөйлөрүн чечүүдөгү ордуна арналган тегерек стол болду

Бишкекте Имам Хомейнинин ислам дүйнөсүнүн көйгөйлөрүн чечүүдөгү ордуна арналган тегерек стол болду

Категория: Күндеми – Published: 03/06 – 14:18

Эксперттердин бул темага арналган талкуусу «СА-IrNews.com» агенттигинин редакциясында өттү.

Ирандын рухий лидери Имам Хомейнинин ролу тууралуу эксперттик талкуу Бишкекте Иран, Россия жана Борбор Азия журналисттеринин «СА-IrNews.com» агенттигинин кеңсесинде уюштурулду.

Иш чара «Имам Хомейнинин ислам дүйнөсүнүн учурдагы көйгөйлөрүн чечүүдөгү орду» деген темада тегерек стол формасында өттү.

Сейид Рухолла Мостафави Мусави Хомейни (Имам Хомейни) – ирандык диний, коомдук жана саясый ишмер, 1979-жылы ишке ашкан Ислам революциясынын жолбашчысы, Улуу аятолла. Ал 1979-89-жылдары Иран Ислам Республикасын башкарган. 40 жылдан ашык мезгилден бери бул XX кылымдагы улуу теолог жана саясатчынын орду тууралуу талаштар токтобой келет.

Ислам дининин биримдиги жигердүү тарапкери жана аны бөлүп-жаруунун айыгышкан душманы катары Има Хомейни өз окууларын бүткүл адамзатка арнаган.

Тегерек столго Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани, Иран элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми, И. Арабаев атындагы КМУнун проректору Эмил Каниметов жана бир катар кыргызстандык теологдор менен саясат талдоочулар катышышты.

Күн тартибиндеги төмөндөгү темалардын тегерегинде талкуу болду:

1.  Имам Хомейнинин коомдук турмуштун маданият, дин жана башка тармактарындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдөгү орду;
2.  Имам Хомейнинин эмгектеринин ислам өлкөлөрүнүн Батыштан экономикалык көзкарандылыгын азайтуудагы орду;
3.  Имам Хомейнинин ислам коомчулугунун өз алдынчалуулугун жогорулатуудагы эмгектери;
4.  Имам Хомейнинин эмгектеринин исламдын душмандарына каршы ислам дүйнөсүнүн биримдигин жогорулатуудагы мааниси.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс