Среда , 21-Август 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Ирандын элчилиги Ош шаарынын элине ооз ачырды (фото)

Ирандын элчилиги Ош шаарынын элине ооз ачырды (фото)

Категория: Башкы жаңылыктар – Published: 31/05 – 11:52

Ош, 31-май, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Ушул күндөрү шаарда масштабдуу “Рамазан Чатыры” аттуу кайрымдуулук жана социалдык-маданий долбоор иштеп жатат.

Ош шаарында 300гө чукул адамды батырган чатырда күн сайын калктын аялуу катмарына ооз ачуу тамактары берилүүдө. Иш-чара маданий-агартуучу программа менен коштолууда.

30-майда Иран Ислам Республикасынын элчилиги Ош шаарынын тургундарына ооз ачырды. Ага шаардагы түрдүү багыттарда иш алып барышкан жарандар, карапайым эл катышты. Ооз ачырууга Иран Ислам Республикасынын маданий өкүлчүлүгүнүн директору Гасеми Парвиз да катышып, кыргызстандыктарга жакшылык каалады. Ал рамазан айы Кыргыз-Иран элдеринин ортосундагы достук байланышты тереңдетүүгө, ошону менен бирге элдердин арасындагы бири-бирин таанууга, түшүнүшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаралганын кошумчалады.

“Бүгүнкү болуп жаткан рамазан чатыры жакшы иш-чара деп ойлойм. Биздин элчилик буга жыл сайын катышат. Быйыл дагы катышканыбыз чоң сыймык. 31-май рамазан айынын акыркы жума күнү болуп атат. Бул күнү дүйнөлүк Кудс күнү. Бул күн бүткүл мусулмандардын ыйык күнү. Бардык мусулмандарды ынтымакка чакырчу күн. Ошону менен бирге Палестина элинин үнүн жеткирүү күнү.

Ар бир мусулман дүйнөнүн кайсыл гана жери болбосун, Палестина элинин абалын сезе билиш керек, анткени алар да мусулман, алардын азабын өз жүрөгү менен сезе билиш керек. Сионизм режиминин эң негизги максаты – бул, Палестина элин жок кылуу, ал гана эмес, картадан алардын изин жок кылуу болуп саналат.

Бүткүл мусулмандар мындай иште өзүн көрсөтүш керек. Анан аны коргоого өз аракеттерин жумшашы керек. Биз, Палестина элинин укугун бардык мусулмандардын укуктары менен бирдей карайбыз”,-деди Гасеми Парвиз.

Ошондой эле ал эми бүткүл Кыргызстан элине бакубат жашоо, жакшылык каалады. “Орозо айында кылган дубаларынын баары кабыл болсун дейбиз. Кыргыз мусулмандарынын жасаган дубалары кабыл болсун, орозоңор кабыл болсун”,-деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош шаарында “Рамазан чатыры” долбоорунун башкы максаты – орозонун урматына колунда жок, муктаж адамдарга биргелешкен кайрымдуулук ооз ачуу тамактарын уюштуруу. Мындан тышкары, түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук атмосферасында биргелешкен ооз ачуу иш-чараларын уюштуруу менен өз ара байланыштарды чыңдоого салым кошот. “Рамазан чатырын” Ош шаардык мэриясынын көмөгү менен “Умма” ислам журналы уюштурган. Ага орозо айында ар күн сайын түрдүү ишкана, мекемелер элге ооз ачыруу өткөрүшүүдө.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс