Среда , 21-Август 2019
Башкы бет / Досье / Бала, бала, баланын иши чала…

Бала, бала, баланын иши чала…

Сапар Исаков отставкага кеткен мүнөттөн баштап чоң каталарды кетире баштады. ЖК депутаттарын “өлүк” деп салганы кандай одоночулук. Бийликтин эң жогорку органын бүтүндөй өлүккө теңеп салганда эле Жумакадыровичтин саясий жолу таштакка кептелди эле…
Көп өтпөй бозала болуп, ошол эле 120 “өлүктүн” алдында отчет берүүгө туура келди. Ошол 120 “өлүктүн” алдына келгенде: “Политика столь же захватывающа и опасна, как война. В войне вас могут убить лишь раз, в политике много раз”, – деп Черчиллдин атактуу сөзүн келтирип койсо, Сапар да ыраазы, биз чоң политик турбайбызбы деп 120 депутат да ыраазы болуп калмак.

Исаковдун парламенттеги эң чоң катасы ТЭЦти оңдоо иштеринде баштан-аяк кураторлук кылгандыгын мойнуна алып алгандыгы болду. Албетте, реконструкция мезгилдин кечиктиргис талабы эле. Аны парламентте экс-Өкмөт Башчы Жантөрө Сатыбалдиев абдан жакшы түшүндүрүп берди. Ошол 2013-жылы ТЭЦти реконструкциялоо ишине тандалган ТВЕА менен келишимге ак бата берүүгө белгилүү терсаяк Өмүрбек Абдрахманов баштаган саналуу эле саясатчылар каршы чыкпаса, ЖК дүңүнөн кнопка басып берген.
Ошол эле Текебаев депутаттарды ашыктырып: “ Бүтүндөй региондордун маселеси чечилет, 20 жылдан бери чечилбеген маселелерди биз “тарс-тарс” этип чечип коюшубуз керек. Ошону менен бул президентибиз жасаган иш эмес, бул өкмөт эле жасаган иш эмес, бул парламенттин батасы менен бүтүп аткан иш, парламенттин көзөмөлү менен болуп аткан иш. Биздин жасаган тарыхый ишибиздин бири болуп калат. Карыздан кантип кутулабыз? Эми 20-жылга чейин дагы көрө жатарбыз”, – деп ЖК трибунасынан катуу сүйлөгөн.
Анан эми ошол тарыхый иш кайран Черномырдин: “Хотели как лучше, получилось как всегда” дегендей, көп чатактын башы болуп чыкканда баары этек-жеңин кагынып тура качышты. Кытайга ТВЕАнын эсебинен барып шапар тээп келген 30 депутатты сураган адам болгон жок. Биз болгону Өкмөт көтөрүп келген келишимди колдоп бергенбиз деп отуруп беришти депутаттар. Эгер ушул долбоордун боткосу чыкпаганда, ЖК депутаттары улуу иш жасадык деп түкүрүгүн чачырата мактанышмак.
Эми минтип кагаз иштерин бүтүрүп, Чоң Кожоюндун кол жүгүрүгү катары ЖК, Өкмөт, ТВЕА ортосунда чуркаган бала балээге калып отурат. ТЭЦтин оңдоо иштеринин башында Сапар Исаков турсун деген расмий документ кайсы жерде бар?
Карт бөрү болгондо, мен болгону документтерди даярдаганга аралашкам. Өкмөт даярдаган, ЖК кабыл алып берген десе жашоосу тынч болмок.
Эми жогорку бийлик органдарынын баары аралашкан чуулгандуу долбоордун негизги күнөөкөрү болуп садагага чабылганы калды.
Андан кийинки музейдеги ремонт иштеринин да мен башында турганмын деп мойнуна алып алды Сапар Исаков.
Реалдуулукта ошондой болсо болгондур, бирок ага юридикалык негиздеме жок да.
Даанышман саясатчы өз заманын таанымагы эп. Сапар Исаков сыймыктуу иш деп тааныган долбоор учурда коомчулук тарабынан коррупциянын кайнап турган жери, элдик кыжырдануунун акыркы чекити болуп жатпайбы. Ушу музей ремонттолгонуна укмуш сыймыктанып жатам деген Сапардан башка кыргызды мен учурата элекмин мисалы.
Юридикалык жагын алганда Президенттин Сапар Исаковду музейдин ремонттоо иштерине башчы кылган Указы же дагы бир башка документ жок да.
Музейден да Сапар башына балээ үйүп алмай болду.
Ошол эле кашкөй Черчилль мындай деп айткан: “Ложь успевает обойти полмира, пока правда надевает штаны”.
Жумакадырович аралашкан иштерде чындыгы кайсы, жалганы кайсы, даны кайсы, топону кайсы так аныктоо деги эле мүмкүн эмес.
Бир чындык бар: бул иште бийликчил күчтөр суудан купкургак чыгып кетишет. Арашандык аксакалдын азабын Сапардай жаш, күнөсканада өскөн максималист саясатчылар тартат окшоп калды.
А кайсы күнү өлөөрүнөн башканын баарын билген Ордо шумдары бир ишкана эмес, бүтүндөй мамлекеттин оокатын бөлүп алышса да эч нерсе билбегендей тымпыйып жашай беришет.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс