Понедельник , 17-Июнь 2019
Башкы бет / Досье / Президент С. Жээнбековго алыскы Омандан кат

Президент С. Жээнбековго алыскы Омандан кат

Кыргыз Республкасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Калайык-калк, эл-журтка!!! Урматтуу Президент!!! Мен бул катты Премьер-Министрге жолдойун десем, анын сөзүн эч ким укпайт экен, анын ичинде Саламаттык сактоо министри К. Чолпонбаев да.

Ал эми Саламаттык сактоо Министирлиги менин фамилиямды укканда аллергия болот. Ошондуктан Сизге жолдоого мажбурмун. Соз мындай. Сиздин кабарыңыз бар, биз ракты дарылоонун жолун таап, дарылап жүргөнүбүзгө быйыл 6 жыл толду. Ушул жылдар ичинде, Сиз колдогон медицинадагы онкологиялык оорууларды дарылоодогу Химия терапия, лучевой терапияны толук жок кылып, ошону менен кошо көптөгөн операцияларды жасоонун ордуна, терапиялык жол менен дарыласа боло турганын клиникалык практика аркылуу көрсөтөлү – деп жатканда, Сиздин макулдуңуз менен мени камашып, Сиздин тапшырмаңыз менен Коопсуздук Кеңешинин контролунда Соттор мени иштебесин деп, чечим чыгарышып, укук коргоо органдарынын талабы менен мен өлкөдөн чыгып кеттим. Мен го мейли, каерде болсо да, бейтаптарды дарылап, ишими кылып жүрө беремин. Бирок эл эмне болот? Мен көңулгө рак менен ооруп жаткандарды Улуттук Онкологиялык борбордон кандай азап чегүү менен дарыланып жаткандыгын айтып жатамын!!! Менин Сизге кайрылуумдун себеби, төмөнкүдөй: Айланайын Сооронбай ака! 6 жыл ичинде клиникалык кылган ишим Улуттук онкологиялык борбордун пациенттерди дарылоодогу катачылыгын ондоо менен өткөрдүм!!! Ал борбор рак менен ооруп жаткандарды дарылоодо Союз мезгилинен калган Лучевой аппаратты пайдаланат. Ал аппарат рактын пайда болгон, өрчүгөн (медицинада – локализация) жерге “точечный” удар менен нур бергендин ордуна, массированный ар түрдүү толкун узундугунда, жыштыкта луч берип, ракка жакын жайгашкан сопсоо клеткаларды, ткандарды бүтүндөй органдын иштөөсүн начарлатып, ал тургай жоготот. Мисалга алып тушүндүрүп берейин: аялдардын шейкасында рак болсо, влагалищаны, табарсыкты, матканын придаткалары менен кошо, сийдик каналдарын, жоон ичегинин сигмоидный бөлүгүн, бел омурткасынын сөөктөрүн, курсак коңдойүнүң май ткандарын жалпылап айтканда кичи тазды толук күйгүзөт, булчуңдарды атрофия кылып, лимфатикалык түйүндөрдү катырып салат. Натыйжада, тескеринче рак токтоп калбайт, эми күчүнө кирет; шейкадагы рак жатынга, андан ары яичниктерге жана анын трубаларына, табарсыкка жана сийдик каналдары аркылуу бөйрөккө, жоон ичегиге ж.б органдарга таркалып, күчунө кирет. Себеби, аталып кеткен органдар негизги функциясыларын жоготуп алгандан кийин, рактын денелерине каршы иммундук реакциясы начарлап кеткендиктен рактын денелери отурукташып, өз алдынча локализациялык жана метастазалык зоналар пайда болуп, тез эле инвазия болуп кетет. Жалпысынан айтканда лучевой терапиянын алуунун кеспетинен, ракка каршы организмдин иммунитеттик жөндөмдүулугү түшүп кетет. Мындан башка да көптөгөн патологиялар пайда болот, тактап айтканда: бейтаптын ичи катып, түз ичегеси жарылып, заңы алдынан чыгат, табарсыктын сфинктерлери жакшы иштебей, уретра поражениеге киргендиктен, сийдигин кармай албай калат, ал тургай влагалищанын булчуңдарын рак жеп коюп, табарсыктын кабыгы влагалищага түшуп калат, андан ары сийдик каналында рак өсүп кетип, бөйрөктөн түшүп жаткан сийдиктин жолу жабылып калып, бөйрөккө нефростома орнотууга мажбурлук пайда болот. Түз ичегиде, матканын влагалищанын көңдөйлөрүндө кандын агуусу күчөйт. Мына ошентип, бир эле матканын шейкасындагы пайда болгон ракты, лучевой терапия берип дарылоодон, ушунчалык көп рактын локализациялары, метастазалары жана алардын инвазиялануусу, андан ары татаалдануусу келип чыгат. Акыры барып бейтап, ушунчалык катуу азап чегүудөн көрө- өлүмдү артык көрүп калат. Ушундай эле лучевой терапияны өпкөнүн рагына, лимфатикалык сосуддардын рагына, ал тургай лимфома Ходжкинага жана не Ходжкинага, аялдардын эмчек рактарына, бет, мурун-көңдөй рактарына, тил жана ооз көңдөй рактарына, тамак, кулкун жана кызыл өңгөч рактарына, мээ рагына ж.б рактын түрлөрүнө берилет. Бул жерден белгилеп кете турган жагдай, лучевой терапия алгандардын 100 нөн 10 тирүу калуусу мумкун, калганы баары, адам чыдагыс азап тартып, жан беришет. Мен Сизге ошол бейтаптарды дарылаган табыб – катары кайрылып жатамын. Улуттук онкологиялык борбордогу колдонулуп жаткан, анын ичинде “Барбатрон – 2” да, башкаларын да дарылоо ишинен жана процедураларынан алып салууну суранамын. Дагы бир жолу белгилеймин: муну жасоо Премьер-Министрдин, Генеральный прокурордун колунан келбейт. Сиз көрсөтмө берсеңиз гана ишке ашуусу мумкун. Улуттук онкологиялык борбор – ушул лучевой терапия аркылуу миңдеген эмес, массалык түрдө, миллиондогон адамдарды өлтүрүудө. Кайталап айтамын, менин колумда 6 жыл ичинде Улуттук онкологиянын лучевой терапиясынан өткөн миңдеген мекендештер- Кыргыз Республикасынын гражданары каза болду. Биз алардын өмүрүн сактап калуу үчүн күндү-күн, түндү-түн дебей иштедик, колубуздан келгенин өмүрүн сактап калдык, келбегени жаны кыйналып ооруп жатып каза болду. Аллахым алардын баарыны өз рахматына алсын!!!! Мен ушул Улуттук Онкологиялык борбордун лучевой терапиясын алып, анын азабын тарткандарды көргөн, дарылаган- кишимин. Ошондуктан Сизге жана калайык-калк, эл-журтка айта аламын: Иншалла, лучевой терапиясыз онкологиялык оорууларды дарыласа боло турганын далилдеп бере аламын. Сөзум куру болбоосу үчүн тамактын рагыны дарылоодо Улуттук Онколгиялык борбордун 2 жолу лучевой терапиялык дарылоо курсунан өткөн адам, кандай – азап тартып жатканын көрсун, ошондон жыйынтык чыгарсын – деп, көрсөтүп жатамын.

Сизди жана эл – журтту урматтап – табыб Хашим Зайналиев. 24 май 2019 жыл. Оман.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс