Вторник , 23-Июль 2019
Башкы бет / Досье / Рамазандын сообун алууга шашыл!

Рамазандын сообун алууга шашыл!

Кечээги күнүм аябай үзүрлүү болгонсуду.

Ишкер инилерим муктаж мекендештерибизге колдон келишинче акчалай жардамдарын таратышты. Мен жоомарт инилеримди бир нече үй-бүлөгө алып бардым.

Фотодогу Жаркынбай акенин үй-бүлөсү жардамга дайыма муктаж.

Ал кишинин 2 кызы коляскада отурат. Аялынын көзү начар көрөт. Өз алдынча жүрө албайт.

Биз барганда Жаркынбай акенин эки кызын, аялын бир медициналык борборго алып кетишкен экен. 3-4 саат ошол борбордо дарыланышат дейт. Анан кайра өздөрү жеткирип коюшат экен. Ал борборду Жаркынбек аке жакында эле тааптыр.

Жаркынбек аке өзү “Дордойдо” араба түртөт. Мени менен чогуу барган жигиттер ал кишини таанышат экен. Кудайы момун, бирөөнүн бир тыйынын алдабаган киши дешти. Мынчалык көп сыноо башына түшкөнүн билбейт экенбиз деп баш чайкашты. Бул үй-бүлөгө дайыма жардам берип турууга убада беришти.

Жаркынбек акеге акчалай жардам бердик.

Кубанып батасын берди.

Бул үй-бүлө жардамга такай муктаж. Балким үйүн бүтүрүп берчү азаматтар чыгабы. Участок өзүнүкү экен.

Орозонун битир садакасын берүүнү каалагандар болсо, ЭЛСОМ эсепке мага которуңуздар. Отчетун бир тыйынынан бери берем.

Сураныч: акчалай гана жардам бериңиздер.

Өзүбүз барып беребиз дегендерге дарек: Бишкек шаары, Калыс-Ордо жаңы конушу, Мечиттин жанындагы көчө. Мечиттегилер баары Жаркынбайды таанышат экен.
Ошолордон сурайсыздар.

ЭЛСОМ: 0553262627

Нургазы Мусаев.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс