Среда , 13-Ноябрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Элдик табып Хашим Зайналиевдин президентке СИЗОдон кайрылган каты

Элдик табып Хашим Зайналиевдин президентке СИЗОдон кайрылган каты

Урматтуу  Президент!!!

Мен 1 ай СИЗОдо жатканым жөнүндө кабарыңыз бар. Ошол 1 ай ичинде камалып жаткандардын көбү менен сүйлөштүм, алардын көпчүлүгү ошол СИЗОдо камалып жатууга ылайык келбейт. Алардын ичинде эне сүтү оозунан кете элек жаштар, кату дарт менен ооруп жаткандар, күнөөсү жок, поступка (жөрөлгө) менен жаткандар. Тактап айтканда СИЗОдо жаткандардын 70%ы адилетсиздикке кабылып калгандар. Алар булл адилетсиздикке жашоо – турмуштун ар түрдүү кырдаалынан улам, жоруктарга, кандайдыр – бир кылмыш иштерине түздөн-түз катышкан эмес, тагдырдын буйругу менен кабылып калгандар.

Эң өкүнүчтүүсү, алар өздөрүнүн тазалыгына (жорукка же кылмышка тиешеси жоктугуна) ишенип, милициянын оперлерине, тергөөчүлөргө, прокурорго жана сотторго акча бербей – закондогу адилеттикке же чындыкка ишенгендер.

Дагы бир көңүл бура турган маселе, алар канчалык көп убакыт СИЗОдо жатса, аларга күнөө коюп жаткан прокурор, соттоп жаткан сот, алардан ошончолук көп акча өндүрөт.

Урматтуу Президент!!! СИЗОдо жаткандардын арасында да соттолушун күтүп, айлап, жылдап жаткандар бар, алар адилетсиздиктен дили ооруп, кабыргасы кайышкан. Алар Кыргызстандын атуулдары. Орозонун улуу күндөрүндө аларды эркиндикке чыгарып, үй-бүлөсүнө кайтуусун камсыз кылсаңыз жараткан Аллахтын ыраазылыгын алган болоор элеңиз!!!

 

Сизди урматтоо менен Хашим табып.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс