Вторник , 23-Июль 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаров өз милдеттерин так аткарбай жатат

Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаров өз милдеттерин так аткарбай жатат

24-октябрь 2018-жылы Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын Хашимов жана Сабиров кочолору жергиликтүү бюджеттен 756 мин сом акча каражаты ажыратылып асфальтталган (портал ЭГЗ № 180827120991228). Тендердин женүүчүсү подрядчик «Альянс Строй ЛТД» ЖЧК субподрядчик «Кушчу» ЖЧК болгон.

5 ай отпой, жаны асфальтталган жол начар абалга келди, аңдар, жаракалар пайда болгон. Себеби төшөлгөн асфальттын сапаты начар, калындыгы аз, битумунун сапаты талапга жооп бербейт Тилекке каршы, кээ бир жерлерде аткарылган иштердин сапатынын начардыгынан жол түшө баштады, ким жооп берет? Жаны асфальтталган жол бир жыл да туруштук бере алган эмес. 3 ай туруштук бера албаган жолдун сапатына «рахмат» – дейт кочо жашоочулары.

Бирок, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кылынган иштер жонундо жакшы пикирин айтып жатышат https://www.youtube.com/watch?v=FFAB8AigLbo

Бирок, бул видеодо айыл окмотунун окулу жергиликтүү бюджет эсебинен “Кушчу” ЖЧКсы тарабынан курулган сапатсыз, начар асфальт жолун эмес, кочо тургундары оз каражаттары эсебинен “Сын-Таш” курган асфальт жолун корсотуп жатат.

 

Суроо туулат Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаров жолдун сапатын, жыштыгын, асфальттын калындыгын, асфальтка иштетилген битумдун сапатын текшерген бекен?

Айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаровдун шалаакылыгын жана жол куруу подрядчик ишканалардын жоопкерчиликсиздигин улам жашоочулар жаны асфальтталган начар, сапатсыз жолго качанкыга чейин чыдашы керек?..

«Автомобиль жолдор жөнүндө» КР Мыйзамынын 39-4 беренесине ылайык жаны асфальт төшөлгөн жолдорду колдонуу үчүн беш жылдан кем эмес кепилденген болуп саналат.

Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш. Капаров апрель 2019 жылы ал жолду асфальттоо учун кошумча 121 мин сом акча каражаты бөлгөн (портал ЭГЗ № 190422160076764).

Подряд ишканалар озунун сапатсыз иштерин ондойт жана Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш. Капаров алардын аткарган иштерин сапатын көзөмөлдөөгө алат деп үмүттөнөбүз.

Кызыл-Кыштак айылынын жашоочулары.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс