Вторник , 23-Июль 2019
Башкы бет / Дүйнө / Иран менен Америка сүйлөшүүлөргө барабы же согушабы?

Иран менен Америка сүйлөшүүлөргө барабы же согушабы?

Категория: Аналитика – Published: 15/05 – 09:29

Евразиялык изилдөө борборундагы (IRAS) Евразия иштери боюнча ирандык саясат таануучу, эксперт Шуайб Бахман АКШ менен Иран каршылашабы же сүйлөшүүлөргө барабы деген суроолорго өз пикирин билдирди.

АКШнын Иранды сүйлөшүү үстөлүнө  чакыруу максатында  Ирандын өзөктүк программасы боюча келишимден чыгышы, Иранга каршы экономикалык сакцияларды киргизиши жана саясий кысым көрсөтүүсү айрым элиталардын жана коомдук пикирдин ойлорун Иран тезинен Трамптын өкмөтү менен олуттуу сүйлөшүүлөргө барышы керек жана дагы жаңы келишимге жетишиши керек деген нукка бурду. Бул айрым адамдардын пикири боюнча эгер Иран Америка менен сүйлөшүүлөргө барбаса, анда согуштун көлөкөсү өлкө боюнча өтө оор болот жана ал АКШнын аскердик басып кирүүсүн ар убакта күтүшү керек. АКШнын Иранга карата саясаттарын жакшылап караганда Ак Үй эки жүздүүлүк кылып жаткандыгын көрсөтүп турат. Анткени АКШ бир жагынан экономикалык санкцияларды киргизүүдө, Жакынкы Чыгышка кемелерин жөнөтүүдө жана согуштук учактары аймакка коркутуу тили менен сүйлөп жатат. Ал эми башка жагынан Иранды сүйлөшүүгө чакыруу үчүн түздөн-түз жана кыйыр түрдө каттарды жөнөтүп, Ирандагы экономикалык жагдайды жакшыртарын убадалап жатат.

Иран менен Америка сүйлөшүүлөргө барабы же согушабы?

Иран учурдагы жагдайда бир нече себептерден улам  Америка менен сүйлөшүүлөргө бара албайт:

1.  Американын мурдагы сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратышы;
2.  Американын ар кандай эки тараптуу жана эл аралык макулдашууларды ишке ашыруудагы өз милдеттенмелерин аткарбоосу;
3.  Ач көздүгү, ошондой эле эки тараптуу жана эл аралык сүйлөшүүлөрдөгү бир тараптуулугу;
4.  Американын жаңы келишим түзүлсө дагы Ирандагы  режимди өзгөртүү аракетин улантуусу.

Америкалыктар акыркы жылдардан бери Иранды бир нече ирет согуш менен коркутуп келет. Америка би нече далилдерден улам Иранга кол сала албайт:

1.  Американын мүмкүнчүлүктөрү жана аскердик чыгымдары Ирандыкынан бир нече эсеге ашат. Бирок АКШнын аскердик күчтөрү Ирандын ассиметриялык согуштардагы  аскердик жөндөмдүүлүктөрүн жакшы билишет. Ошондуктан алар Тегеран менен башталган согушта өзүн женүүчү катары элестете алышпайт. Чындыгында Америка Ирандын стратегиялык борборлоруна же инфраструктураларына кол салуу менен зыян келтириши мүкүн. Бирок, албетте, Американын чыгымдары, каржылык жоготуулары, аскерлеринин курмандыктары Ирандыкынан көбүрөөк болот. Мындай окуя Американын дүйнөлүк коомдук пикирдин алдында кадыр-баркын түшүрөт жана Трамптын өкмөтүнүн кулашына алып келет.
2.  Америкалыктар Иран менен кризистик аймактардагы түздөн-түз жана кыйыр тирешүүсүнөн улам Ирандын күчүн башка батыш өлкөлөрүнө караганда көбүрөөк билет. Ошондой эле Америка өзүнүн Ооганстанга жана Иракка аскердик басып кирүүсүндө эч качан жеңишке жеткен эместигин унутпашыбыз керек. Америкалыктар Ирактын алсыз өкмөтүн же Ооганстандагы Талибан уюмун жеңе албаган,  күчтүү бийлиги жана бирдиктүү эли бар Иран менен согушса, аны эч качан жеңе албайт.
3.  Америка акыркы жылдары өзүнүн Жакынкы Чыгыштагы негизги көңүлүн Чыгыш Азияга бурууну пландаштырып жаткандыгын бир нече ирет билдирген. Бирок чындыгында АКШнын Жакынкы Чыгыштан чыгышынын себептеринин бири Американын Иранга каршы аракетинен ийгилик чыкпаганы. АКШнын Ооганстан, Ирак, Сирия жана Йемендеги кризисте максаттарынын бири – Ирандын күчүн башкаруу жана Тегерандын таасиринин күчөп кетишине жол бербөө болуп саналат.  Жыйынтыгында Америка кризисти да башкара албай, максаттарына жетпей калды. Ошондой эле Ирандын стратегияларынан улам чоң кыйынчылыктарга туш болду. Американын Сириядагы аскерлерин чыгарып кетиши жана Ооганстандагы аскердик күчтөрүнүн санын азайтышы АКШнын Иранга каршы туруусунан артка чегингендигин билдирет.

4.  Иран менен аскердик чыр-чатактын кесепеттери Кошмо Штаттары үчүн дагы жана анын аймактык өнөктөштөрү үчүн дагы кыйратуучу болушу мүмкүн. Америкалыктар Иран менен аскердик чыр-чатак “аскердик чыр-чатак” менен чектелип калбастыгын жакшы билишет, аны менен бирге аймактардан, ал тургай бүткүл дүйнөдөн жооп аларын билишет. Ошондуктан, Иран менен аскердик чыр-чатактын кесепеттери Америка үчүн өтө жогору жана бул өлкөнүн кызыкчылыгын коркунучка кептеп, көптөгөн адамдардын курмандыгына алып келиши мүмкүн. Башка жагынан алганда, Американын аймактагы эч бир өнөктөшү Иранга каршы согуш баштай албайт. АКШнын аймактагы эң маанилүү, абдан күчтүү жана эң бай союздаштарынын бири болуп эсептелген Сауд Аравиясы акыркы төрт жыл ичинде Йеменди жеңе албай койду. Сауд Аравия Иран менен эч качан аскердик чыр-чатакка барбайт. Анткени алар анын кесепеттеринен өтө кооптонушат. Ошондуктан Америка эч бир өнөктөшү Иранга кол салат деп үмүттөнө албайт.
5.  Иранга кол салуу менен Америка эч качан өзүнүн максаттарына жетпейт. Анткени Американын Иранга бардык кысым көрсөтүүлөрү жана санкция киргизүүлөрү Иран Ислам Республикасынын системасын өзгөртүүгө багытталган. Иранга каршы кандай гана кол салуу болбосун, бир жагынан өлкө элин агрессорго каршы бириктирет жана экинчи жагынан алар саясий системаны сөзсүз колдоого алышат. Мындай жагдайларда, Ислам Республикасынын системасы жоюлбайт дагы ошондой эле элдин колдоосу күчөйт. Ошентип Америка өзүнүн акыркы максатына жете албайт.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс