Понедельник , 27-Май 2019
Башкы бет / Аналитика / Гүленчилердин Муфтиятты төңкөрүү аракети

Гүленчилердин Муфтиятты төңкөрүү аракети

Өткөн жумада Муфтият, расмий тил менен айтканда Кыргызстан мусулмандары диний башкармалыгы ооз ачаар (ифтар) өткөрдү. Бул ифтар мурдагы жылкы ооз ачаарлардай эле өтүп кетмек, бирок жыйынга Орхан Инанды сыяктуу Фетхуллах Гүлен уюмунун мүчөлөрүнүн да чакырылышы жана буга Түркия элчисинин нааразы болуп, ифтардан кетип калышы ооз ачаарды эсте калаарлык кылып койду. Эсте калчу ар бир окуя ал окуяга күбө болгондорго сабак болушу керек.

Андыктан ФЕТО мүчөлөрүнүн бул жыйынга чакырылышы, түрк элчисинин ифтарды таштап чыгып кетүүсү, Муфтияттын жана саясатчылардын тутуму кыргыз коомчулугуна кандай сабак боло алаарын карап көрөлү.

Биринчи сабак: Түркиянын терроризмге каршы күрөшү

1970-жылдардан тарта Түркияда диний топ катары башталып, бирок акырындап алдына саясий мүдөөлөрдү коюп, 2000-жылдан кийин билим берүү, аскерий жана ички иштер органдарын, бизнес чөйрөсүн жана сот системасын ээлеген ФЕТО уюмунун канчалык коркунучтуу экенин түрк бийлиги кеч аңдаган. ФЕТОнун 2016-жылдын 15-июлдагы бийликти төңкөрүү аракети бул уюмдун эмне үчүн террористтик уюм болгонун далилдеген. Бул топтун кандайча түптөлгөнү, кимдерден колдоо алганы, кандай жашыруун уюмдашканы илимпоздор жана күч органдары тарабынан иликтенип, далилденген жана соттун чечими менен тастыкталган. Андыктан кыргыз бийлиги да диний баалуулуктарды бетине кармап, бирок саясий максатты көздөгөн топторду, бийликти мээлеген жамааттарды, мафиялык түзүмгө ээ уюмдарды дыккатан ализдеп, алардын алдын алышы керек.

Түрк бийлигинин террористтик топтор менен чет мамлекеттерде жүргүзгөн күрөшү жөнүндө да айта кетүү керек. Түркияда тыйуу салынган ФЕТО, PKK, DHKP/сыяктуу уюмдар менен INTERPOL жана EUROPOL, ошондойэлесаясийканалдараркылуукүрөшжүргүзүлүүдө. Жогорудагы топтордун мүчөлөрүн чет мамлекеттерден өткөрүп алуу үчүн Түркия көп жылдардан бери иш алып барып, баалуу тажрыйба топтой алды. Ошондуктан кыргыз мамлекети да өлкө ичинде кылмыш жасап, бирок чет мамлекетке чыгып кеткен кылмышкерлер, ошондой эле Кыргызстанда сот тарабынан тыйуу салынган жыйырмага жакын топтун мүчөлөрү менен эл аралык аренада да күрөш жүргүзүүсү абзел. 2010-жылкы кандуу окуялардын күнөөкөрлөрү, Хизбут тахрир, Өзбекстан ислам кыймылы (азыркы аты Түркистан ислам кыймылы) сыяктуу топтордун мүчөлөрү Кыргызстанда кылгылыкты кылып коюп кошуна мамлекеттерде, европа өлкөлөрүндө ээн эркин жүрбөшү керек. Элчилерибиздин да бул максатта иш алып баруусу, кыргыз мамлекетинин коопсуздугун камсыз кыла турган жумуштарды аткаруусу зарыл. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек учурда эшикти катуу жаап чыгып кете тургандай эрк болуусу шарт биздин дипломаттарда да.

Экинчи сабак: Өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт

Түркиянын Кыргызстандын эгемендүүлүгүн эң биринчи болуп тааныгандыгы, карызкор кылуу аркылуу эмес, кайтарымсыз түрдө жардам бергендиги, чоң державаларга окшоп Кыргызстанда империалисттик максаттарды көздөбөгөнү, туугандык мамилебизди канчалык бапестегени жумурай журтка маалым. Кайсыл тышкы күчтөр бергенин доолап, өлкөбүздүн ички саясатына кийлигишип, оппозициялык лидерлерди төңкөрүшкө шыкактап, өлкөдөгү этникалык жана диний топтордун ортосунда душмандыкты козутуп келгенин булжерде жаза албайбыз, бирок саясий элитабыз жакшы билет. Кайнаса каныбыз кошулбаган мамлекеттер Кыргызстандын тагдырын чечкенге белсенип келишкенин, кээде ийгиликке жетишкенин айтып өтөлү. Ал эми түрктөр болсо, ички саясатка эмес, маданий тармакка басым жасап, орток тилибизди, диний ишенимдербизди, маданий баалуулук жана үрп-адаттарыбызды сактап калуу жана өнүктүрүү үчүн аракет кылып келгенин унутпайлы.

Айрым саясатчылар эмне үчүн Фетхуллах Гүленди жактап, боордош Түркияга оңой эле акаарат айтып жатканы жөнүндө ойлонушубуз керек. Себеби алар Түркияга эмес, океандын ары жагындагы атайын кызматтардын аркасына жашынып алып эл аралык мафияны түптөгөн ФЕТО уюмуна көз каранды. ФЕТОнун аркасындагы геосаясий күчтүн сүрүнө таянып алып өз тууганын кордогон адамдардан эмнени күтсө болот?

ФЕТО уюму аты баарыбызга маалым болгон чоң державанын алгач Түркияны, андан соң жалпы түрк жана ислам дүйнөсүн көзөмөлгө алууга багытталган саясий проектисинин бир бөлүгү экени белгилүү. Бул уюм тарабынан уюштурулган 2016-жылдагы төңкөрүш аракети ишке ашкан учурда жалгыз элеТүркия эмес, Жакынкы Чыгыш жана Орто Азияда чоң өзгөрүүлөр болмок. Түрк бийлиги дүйнө жүзү боюнча бул уюмдун изин кууп жүргөнү жөн жерден эмес.

ФЕТО Түркиянын эл аралык аренада беделине доо кетирип, Түркиянын душмандарынын максатына кызмат кылып келет. Тыйуу салынгандан кийин Фетхуллах Гүлен уюму Түркиянын башка мамлекеттер менен, өзгөчөОрусияменен мамилесин бузууга аракет кылууда.АмерикаданалыстапОрусиягажакындаганТүркияныжазалашүчүнФЕТОнунТүркиядагымүчөлөрүорусучагынэлеэмес, орусэлчисиндаатыпсалышкан.

Бул топтун коркунучтуу экенин Орусия, Өбекстан сыяктуу мамлекеттердин Түркиядан алда канча мурда аңдап билгенин да айта кетүүбүз абзел. Бул өлкөлөрдүн бийлиги 2016-жылга чейин эле ишкерлерди барымтага алган гүленчилерди өлкөлөрүнөн чыгарып, байлардын жана бийлердин гана балдарын окуткан мектептерин жабышкан. Ал эми 2016-жылкы төңкөрүштөн кийин бул уюмга Түркия, Афганистан, Пакистан сыяктуу мамлекеттерде тыйуу салынып, Перси булуңундагы арап өлкөлөрдүн биримдиги, Ислам кызматташтык уюму тарабынан террористтик деп таанылган. Улуттар Биримдигинде ФЕТОго тиешелүү уюм жана мекемелердин кеңеш берүү статусу алынып салынган.

Үчүнчү  сабак:  ФЕТОнун  саботажынан  сактануу

МуфтияттынифтарынаиздөөдөжүргөнОрханИнандынынкошулупкалуусубекериненэмес. Расмий макамга ээ бул ооз ачаарга саясатчы, коомдук ишмер жана эл аралык коноктордун чакырылаарын, түрк элчисинин да феточуларга каршы ушундай реакция берээрин эске алган ФЕТОнун Муфтияттагы өкүлдөрү бул провокацияны атайлап уюштурганы белгилүү болду. Себеби Муфтияттын Түркия менен болгон мамилеси жакшырып, феточулар акыркы мезгилде диний чөйрөдөн сүрүлүп жатканы маалым. Гүлен тобу менен тиешеси бар делген Нуржигит Кадырбековдун «Ыйман» фондунун жетекчилигинен алынышы, анын ордуна Түркия тарабынан каржыланган Ош университетинин теология факультетинин деканынын дайындалышы гүленчилердин намысына тийген өңдөнөт. Ошол эле мезгилде гүленчилердин диний чөйрөдөгү имамы катары таанымал Абдүшүкүр Нарматов менен Марс Ибраевдин Аалымдар Кеңешинин жетекчилиги жана орун басарлыгы кызматтынан алынып, алардын ордуна Манас жана Ош университеттеринин теология факультеттеринин мугалимдеринин дайындалышы ФЕТОну Муфтиятка каршы кичинекей төңкөрүш уюштурууга түрттү деп айтсак болот. Ошондуктан феточулардын бул кутуму түрк элчисине эле эмес, Муфтиятка жана Муфтий Максатбек Токтомушевге багытталган.

Дал ушул жагдай ФЕТОнун өч алуу жана максатка жетүү үчүн кандай методдорду колдонууга даяр экенин көрсөтүүдө. Андыктан кыргыз бийлиги ФЕТОго каршы чара көрөөрдөн мурда бул топ кандай саботаждарды уюштурушу мүмкүн экенин анализдеп чыгышы керек. Азыркы бийликтин бул топтун куйругун басуудан чочулап турганын да түшүнсө болот.

Жыйынтыктап айтканда ооз ачаардагы кутумду уюштуруу аркылуу ФЕТО кыргыз коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурду жана мындан да радикалдуу кадамдарга барышы мүмкүн экенин көрсөттү. Ал эми кыргыз эли, кыргыз элитасы жана кыргыз бийлиги бул окуядан керектүү сабакты алат деген ишеничтебиз. Паразаттуу жана айкөл кыргыз эли ФЕТОну эмес, Түркияны тандаары шексиз.

Абдилазиз Нуралиев.

Булак: Майдан.kg

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс