Вторник , 23-Июль 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Райым Матраимов менен Асылбек Жээнбековдун ортосунда тымызын тиреш жүрүп жатабы?

Райым Матраимов менен Асылбек Жээнбековдун ортосунда тымызын тиреш жүрүп жатабы?

 Же бул бийлик менен ага эн жакын саналган Матраимовдордун саясий оюнубу?

1-май күнү кыргызстандыктар Райым миллион баштаган бир тууган Матраимовдордун көпчүлүк буга чейин билбеген же билсе дагы көрбөгөн күчүн сезгендей болду. Дегеним, Кара-Суунун эрке баласы уюштурган ТОЙго кыргыз парламентинин жарымы, учурдагы жана экс-аткаминерлер барып сайрандашты. Ал жерде Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы, күн карама ЖК төрагасы, өкмөт башчынын биринчи орун басары баштаган – ага ыктаган саясатчылар көрүндү. Алардын бул кадамын айрымдар Райым миллиондун алдынан өтүү кадамы катары баалашты. Себеби, 2020-жылкы парламенттик шайлоодо каражаты эбегейсиз, Кыргызстанда эң көп калк жашаган Ош облусунда таасири күчтүү Матраимовдор чечүүчү күч болот деген божомол бар.

Бирок, калк ичинде сөз болуп жаткан Райым Патиге Асылбек Жээнбеков, анын көздөй адамы саналган ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров (саясий чөйрөнү ичинен билгендер аны ТОРО деп коюшат) көрүнгөн жок. Анын ордуна Асылбек Жээнбеков – кыргыз коомчулугунда сүйлөгөн сөзү менен соңку кездери талкууга кабылып келген ЖК депутаты Тазабек Икрамовдун уулдуу болушунун урматына жайылган дасторконунан көрүндү. Интернетте тараган тасмада парламенттин көмүскөдөгү кожоюну кесиптеш инисинин Сооронбай деп ат койгон уулуна бата берип жатканын көрүүгө болот. Тазабек Икрамов жайган дасторкондо отурган Асылбек Жээнбеков, Кыргызстандын саясий элитасынын жарымы барган жыйынга келбегени таң калтырат.

Буга удаа эле, соңку кездери бийликке ыктап келген “Kyrgyztoday” басылмасы Райым Матраимовго байланыштуу материалдарды жарыялады. Анын бири, 3-майда Бишкектеги “Будда бар” ресторанында Райым миллион өзү бир кезде жетектеген бажыдагы санаалаштары менен 49 жашын белгилегени айтылат. Андан тышкары, ал отурушка атайы Түркиядан ашпозчу чакырып, саатына миң доллардан акы төлөп, анын келген-кеткенин, 5 жылдыздуу мейманканада жатканы төлөнгөүу кеп болгон.

Муну менен хан сарайда тымызын саясий, таасир талашуу оюндары жүрүп жатабы?
Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо спонсору болду деген Райым миллионду же бир ата, бир энеден туулган инисин кыйа албай жатабы?
Балким, бийлик менен Матраимовдордун эл көзүнө жасаган оюнубу деген суроолор жаралат.
Эмнеси болсо да аталган суроолордун түйүнү 2020-жылдагы шайлоого чейин чечилип, маскалары сыйрылат деген үмүттөмүн.

Мирбек Айтикеев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс