Понедельник , 27-Май 2019
Башкы бет / Аналитика / Гепатит В – бул кандай вирус?

Гепатит В – бул кандай вирус?

Бул гепатиттин вирусунун “А” вируска салыштырганда айырмасы бар: тукум куучу геному эки жиптүү: +жиптүүү ДНК 1700-2800 чейинки нуклеоидден туруп жиби толукталган эмес, -минус жиптүү ДНК 3200 нуклеоидден туруп, чынжырдык жиби толукталбаган, ички жана сырты оболочкага ээ болуп, нуклеокапсиддерден куралат да, анысы гликопротеиндин липиддер менен кошулган компоненттерден турат. Тукум куучулук касиетти алып жүргөн геному, нуклеокапсид деп аталган жогоруда айткандай 2 жиптүү ДНК менен кошо андан көз каранды болгон полимеразалык РНК жана протеинкиназадан туруп, 2 түрдүү белоктук протеинден менен капталат. 1-чи антиген ядролук антиген деп аталат да, ал протекиназалык активдүүлүккө ээ болуп, белоктун фосфорлонушуна өбөлгө түзөт. Мителик кылып жаткан кишинин организминин иммунитеттик жообуна сезгичтуулугу жогору келип, НВеАg трансформацияланат. Бул трансформациялануу 2-чи белоктук протеиндин таасиринде жүрөт. Вирустук нуклеокапсиддин сырткы оболочкасынын жогорудагыдай компоненттерден турушу, анын сырткы дуйно менен байланышында 2 турдуу кызмат кылып берет. 1- чиси кандын сывороткасындагы альбумин менен байланыштырып, полимеризация шарттында полиальбуминияга өтөт. 2-чи кызматы вирус учун рецептордук мааниге ээ болуусу. Бул деген антигендик касиетти пайда кылат дегенди тушүндүрөт. Иммунологдор вирустун ушул антигендик касиетине жараша, бул вируста 4 түрдүү антигендик жондөмдүүлүк бар экенин аныкташкан.

1. HBsAg – бул австралийский антиген деген ат менен медицинада белгилуу болуп, эн көп таркаган түрү. Бул антиген сыртында S1 жана S2 протеиндин болушу боордун гепациттик клеткасынын мембранасынан өткөрүп, анын цитоплазмасына жайгашуусуна жол ачып берет. Ушул антигендин 8 генотипи илимде такталган. Ушул белоктук антигендердк 3 карбоксилдик фукциональдык группалардын таасири болуп НВs – белогу чоңураак, аны кээде LHBs белгилешет, орточосу MHBs белгилешет, кичүүсү MHBс белгилешет, ал 119 чейинки амино кислоталардын калдыгынан куралат , өзүнү гидрофобдуу алып жүрөт. Бул вирустун татаал жашоо циклине ээ. Вирус боордун гепацитардык клеткасынын ядросуна жетип барып, вирустук ДНК туюк түргө трансформацияланып, жаңы синтезделе турган же вирустун репликациясына шаблон болот. Жаны репликацияланган ДНК өзүнө керектүү болгон компонентерди толуктап, клеткадан чыгып кетет, ал эми туюк формага өтүп алган вирустун ДНК боордун клеткасы менен интеграцияланып, калып калат да, убактысы келгенде, репликацияланып жаңы вирусту синтездейт. Вирустун мындай жашоо цикли илимде толук ачылган эмес. Көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча, бул вирустун генотиптеринин көп санда болушунун себебин, жашоо циклинен деп эсептешет.
Гепатит ВГВ курамына мындан башка дагы 3 антиген кирет. Негизги 2 антиген антиген – HBcAg(core-антиген) жана HbeAg анти­ген инфекциялык. 4-чү антигендин – HbxAg деп аталат.
HBcAg –бул антиген нуклеокапсиддин ядросунун сыртында болот, канда циркуляция болбойт. Боордон түздөн-түз биопсия алса, женил эле аныкталат. Бул антиген 3 турдүү протеинди пайда кылат, баары гидрофобдуу келет; S-белок, бул реагенттер менен полимеризациялык реакция пайда кылат да бейтаптын курч жана өнөкөт ооруулардын кандын сывороткасынан жеңил табылат. L-белок 55 аминокислотадан куралат. Ал эми М-белок 109-130 аминокислотдан туруп, вирустун репликациядан кийинки капсиддердин морфологиялык калыбына келтирүүдө жана гепацитардык клеткадан чыгып кетүүсүндө чоң кызмат аткарат. Бул антиген гепатит В ооруган бейтаптын боорунда дайыма сакталып калат.
HBeAg-антиген, вирустун ядросунда молекулалык массасы 15000 дальтон келген белоктук полипептидден турат. Бул антиген ооруунун башталыш учурунда кандан табылат, убакыт өтүшү менен канга чыгуусу токтоп, НВsАg ордун бошотуп берет. Бул антиген табылган учурда, бейтаптан сырткы чөйрөгө жугуу ыктымалдуулугу көбүрөөк болуп, вирустун ДНК жана полимеразиялык РНК репликациясы жогору темпте жүрөт. Бул антигендин активдуулүгү 5-6 жумага созулат. Бул антигендин канда жоголушу, иммуный системанын антителонун иштеп чыгуусу сероконсервация деп аталат да сыртка жугуп кетүү коркунучу жоголот. Бирок бир нерсени эске алып коюу зарыл, антигендин сеоконсерванция болуусу канда толук жоголду дегенге жатпайт, ал 5 жылга чейин сактала берет.
HbxAg – гепатит “В”нын бул антигендик түрүнү изилдөлөр өтө аз болгондуктан, илимий адабияттардан, журналдардын жана Интернеттеги материалдардан табылбады. Болгону Америкалык иммунологдор боордун алгачкы гепатоцеллюлярной карциномы же ракты пайда кыла тургандыгын аныкташкандыгын билдик. Ушул рактын түрү менен ооруган бейтаптарды щелочный средага ээ болгон дарылар аркылуу дарылаганда, бейтаптарды оңдоп түзөп алууга жетишкенбиз. Бул деген щелочтуу чөйрө түзүү менен антигендин активдүүлүгүн төмөндөтүү мумкүн экенин түшүндүрөт.
Эми биз кишинин бооруна жайгашкандан кийин, гепатитик “В” вирус кандай жашаарын баяндайлык. Боордун гепатоцитик клеткасына вирустун толукталбаган ДНК, өзүнү 2 жиптүү толукталган геном ДНК өтүп, клетканын ядросуна кирет. Клетканын ядросунда вирустун геномдук ДНК, андан толук транскрипция (синтезделүүчү белоктун кодун көчүрүп алуу) алып, 4- и-РНК 3200 дон 3500 чейинки нуклеоид кармаган транскрипциялык геном, цитоплазмага чыгып вирустун белогун пайда кыла турган трансляцияны эндоплазматикалык торчонун гранулдарында жүргүзөт. Синтезделген белок РНК – дан көз каранды болгон ДНК полимеразиясынын айланасында нуклеокапсиддин өзөгүн пайда кылып, ал өзөк гепоцитардык клетканын ядросундага ДНК дан транкрипциялангандан кийин вирустук ДНК сы өзгөрүү учурап, чынжырдык жиби бүтпөгөн матрицалык + жана –минус ДНКга репликацияланат. Бул өзгөрүүнү РНК ны рибонуклеаза жана транскриптазалык ферменттердин таасири астында ажырап, бузулуусунан улам пайда болот. + плюс жана – минус ДНК нын айланасын курчай турган нуклеокапсид трансяция учурунда пайда болгон белоктордон куралып, вирустун 4 түрдүү антигенин пайда кылат. Калыптанып алгандан кийин вирус клетканы таштап чыгып кетет. Вирустун антигендери протеогликондон туруп, глюкоза менен кошулган жана кошулбаган болуп бөлүнөт.
Эми гепатитик вирус В гепоцитардык клеткага кандай патология алып келет? Аввалан бар клетканын ичиндеги метаболизмди бузаарын карап көрдүк: клеткага азык заттардын ташылышы, анын ичинде иондордун балансынын бузулушу, матрицалык ДНК нын өзүнүн репликациясы, и-РНК коддорунун транскрипциясы, протеиндердин цитоплазмадагы кыймылынын жана жайгашуусунун механизмдери бузулуусу вирус тарабынан ташылып кетиши ж.б патогенездер пайда болот. Эң негизги процесс – клетканын митозу (бөлүнүп көбөйүүсү) бузулат. Натыйжада, клеткадан калийдин иону чыгып, анын ордуна натрий, кальций иондору кирип, органдын ишип кетуусуно жана организмде отек пайда болуусуна алып барат. Ушул процесстердин баарыны – цитолиз деп түшүндүрүлот. Цитолиздин кесепетинен гепацитардык клеткаларда дистрофия жүрүп, акыры некрозго алып барат. Бул дегени – боор өзүнүн функиясын аткара албай жатканын түшүндүрөт. Ушундай патология учураган бейтап өзүндө эмне симптомдорду байкайт? Аппетиттин начарлоосу, кусуу, оң капталдан оорууну сезүүсү, алсыздык, теринин саргаюусу, сийдиктин азаюусу жана анын кызыл түскө чыгуусу, калдын карараак чыгуусу, ичте асциттин пайда болуусу ж.б. симптомдор туят. Жыйынтыктап айтканда, боор циррозго өтүп, бырышып калат. Калган органдарга патология берет. Атап айтканда, гематологиялык; кандын өзгөрүүсү жана коюлануусу, кан тамырлардын ийкемдүүлүгүнүн төмөндөшү, боордун, портальный венанын, кызыл өңгөчтүн ж.б. веналарда шлактын көбөйүүсүнөн улам жарылып кетуу коркунучу пайда болот, көк боор ишип кетуусу, бөйрөктүн гломерулонефритке өтүшү, жоон ичегилердин кеңейүүү ж.б патологиялар.
Гепатит В пайда кылган эпидемиянын масштабы өтө кең. Буткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнодо 350 млн адам ооруйт, жылына 2 млн. ашык адам каза болот. Ошондуктан бул дарт ар бир мамлекет үчүн актуалдуу маселе катарынан орун алган. Анын ичинде биздин Кыргызстан учун да актуалдуу бойдон калууда. Президент, Өкмөт жана Саламаттык сактоо Министирлиги бул маселе кайдигер карагандыктан көптөгөн Мекендештер каза болууда. Караган учурунда да аны дарылай турган эффективдүү жолу официалдуу деп аташкан медицинада жок. Дарылоонун эффективдүү жолу жок экенин өнүккөн АКШ, Япония, Евро союз мүчө болгон бардык мамлекеттер мойнуна алат. Учурдан пайдаланып айтаарым, бул маселени Россиялык кесиптешим менен биргеликте чечип, клиникалык чоң эффектке жетишкенбиз. Урматтуу Мекендештер!!! Бул биздин ийгиликти пайдалансаңар болот.

(Уландысы бар)

Хашим Абдирахманович Зайналиев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс