Среда , 26-Июнь 2019
Башкы бет / Дайджест / Келечегибизди гүленчилерге алдырып жибердикпи?

Келечегибизди гүленчилерге алдырып жибердикпи?

Кызгалдак Жакыпова 13-апрель 2019, 18:45

Саясат Дүйнө жүзүндө


Келечегибизди гүленчилерге алдырып жибердикпи?

Кыргызстан эгемендүү мамлекет аталып, байрагын көтөрүп, акчасын чыгарып, баш мыйзамын кабыл алып, дүйнө элдери менен байланыш-алака түзгөн өткөн кылымдын 1991-1995-жылдарында урунттуу бир ишке кабылган. 1992-жылы кыргыз элине билим берүү тармагында кол-кабыш кылабыз, жардамдашабыз, балдарыңарды дүйнө алдыңкыларына сүрөйбүз ж.б. көптөгөн перспективалуу сунуштары менен биричи жолу “Себат” Түркиялык жеке менчик билим берүү мекемеси ачылган. Бул мекеменин Кыргызстанга келишин ошол кездеги бийлик дагы кубаттап, бюджеттик каржылоосу өп-чап болуп турган мамлекеттик билим берүү тармагына пайдалуу инвестициялык салым катары мүнөздөшкөн. Ошол кездеги ажо Аскар Акаев бул лицейлерге мамлекеттик колдоо катары жеңилдик болсун деп облус борборлору, чоң шаарлардан мамлекеттин балансындагы чоң имараттарды акысыз пайдаланууга берген. Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн расмий уруксат-лицензияны да тездик менен Билим берүү министирлигинен алышкан. Андыктан бул мектептерге тиешелүү делген көптөгөн имараттар чындыгында мамлекеттики. Бул имараттардын, мындайча айтканда элдин мүлкүнүн мамлекетке кайтарып берилишин көзөмөлдөгөн иш-аракеттердин бийлик тарабынан дагы деле болбогондугу коомчулукту тынчсыздандырууда.

Лицейлердин алгачкы ишмердүүлүгү жергиликтүү калктын тилин табууга жана өзүлөрүн жакшы жагынан көрсөтүүгө багытталган. Билим берүүнү 7-8-класстан баштап уюштурушкан. Албетте окууга кабыл алуу экзамен аркылуу ишке ашырылып, таң калаарлык жагы алгачкы мезгилде окуу бекер болгон.  Лицейлер кыска убакытта борбор шаар Бишкекте, Ошто, облустук борборлордо жана айрым чоң өнөр жайлуу шаарларда ачылып иштеп баштаган. Билим берген мугалим эже-агайлардын дээрлик 80% чет өлкөнүн тактап айтканда Түркиянын жана АКШнын жарандары болушкан. Мына ушул жерден дагы белгилеп айта кетүүчү аянычтуу  жагдай, аталган окутуучулардын арасында американын пайдасына тыңчылык кылган англис тилин окуткан мугалимдердин болгону тууралуу Орусиялык жана Түркиялык басылмалары американын New Yorker журналына шилтеме кылып 2016-жылы жазып чыгышкан.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, өлкөдөгү өткөөл мезгилде сапатын жогото баштаган мамлекеттик билим берүүгө ишенбеген, бирок колунда акчасы же бийлиги бар жарандарыбыз өз уул-кыздарын акырындап коммерциалык негизде билим бере баштаган “Себат” лицейлерине беришкен. Бул ата-энелер өз кезегинде аталган окуу жайдын демөөрчү жана колдоочуларына айланышкан. Англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөө, компьютерде иштей билүү, улуттук жана эл аралык олимпиадаларга байма-бай катышуу, ал эле эмес, балдардын ислам дининен кабары болуусу жана жакшы адептүүлүгү өңдөнгөн бир топ көрсөткүчтөр Кыргызстан жарандарынын алдыңкы бөлүгүн өзүнө тарткан. Натыйжада республикабыздагы дээрлик баардык белгилүү атка минер чиновниктердин, депутаттардын, бизнесмендердин жана өнөр адамдарынын балдары “Себат” лицейлеринин окуучуларына айланышкан. Башында бекер башталган окутуу акырындап коммерциялык негизде акы төлөп окутууга айланып, колунда жок үй-бүлөдөн болгон бир далай зээндүү жаш балдар лицейдин саясатынын натыйжасында бул окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Акырындап бул билим берүүчү мекеме, курамында 16 лицей, 1 эл аралык университет, 3 жалпы билим берүү мектеби, жалаң гана чет тилде сабак берген эл аралык мектептери бар олчойгон билим берүү системасына айланган.  Арадан өткөн 26 жылдын ичинде бул билим берүү мекемелери түркиялык диний лидер Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” жамаатынын долбоору экендиги белгилүү болгон. Азаттык радиосунун Билим берүү жана илим министрирлигине шилтеме кылып 2017-жылдагы  берген маалыматына ылайык 1992-жылдан бери “Себат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы саны 12,000 ден ашуун болгон. Балдарга билим берип эмгектенген мугалимдеринин саны 1000ден ашыгыраак экени маалым.

Бул окуу жайдын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү ушул жамааттын эл аралык тобуна ийгиликтүү кошулуп, алыскы чет өлкөлөрдөн билим алып, тажрыйбаланып, алды байыса, кээ бирлери саясатка кирип, ал эми ортозаары булардын кызматкерлерине айланышкан.  Уядан жаңы учкан бул жамааттын балдарына Батыш өлкөлөрүнүн университеттери, компаниялары ошондой эле Кыргызстанда иштеген батышчыл эл-аралык уюмдар эшигин кеңири ачышкан. Жөнөкөй эле мисал, Silk Road сыяктуу эл аралык мектептерди Кыргызстанда ачуу үчүн эле эл аралык стандарттагы шарттар жана батыштагы бул аталыштагы окуу жайлардынын расмий лицензиясы – уруксаты керек. Иш көрсөткөндөй батыштын бул окуу жайлары өз лицензияларын “Себат” мекемесине ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн беришкен. Эмне максатта жана кайсыл кызматы үчүн батыштын жогоруда аты аталган окуу жайларына өзүнүн лицензиясын себатчыларга берген? Албетте, акча табууга жана идеологиялык  жалпы кызыкчылыка негизделген биримдиктин негизинде Гүлен жамаатына ушундай артыкчылык берилген.

Бул мектептерде билим алуу үчүн төлөнүүчү акы “ат көтөргүс” кымбат. Мисалы, Себат лицейлеринде бир жылдык билим алуу акысы орточо 4 миң АКШ долларын чапчыйт, ал эми Silk Road мектебинде баланы окутуу үчүн жылына 11 миң АКШ долларын төлөш керек. Албетте бул кымбат баалуу билим берүү Гүлен жамаатынын жашыруун жана ачык чоң каржылык кирешелерди топтоп, байуусунан кабар берүүдө.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган “Жеке менчик билим берүү мектептерди салыктардан бошотуу” жөнүндөгү мыйзам, бул топтун мындан ары дагы байып, кирешесин көбөйтүүгө уникалдуу шарт түзүп берди. Негизи эле, “Сапат” билим берүү мекемесинин жылдык таза кирешеси жана алардын коомдук максатта пайдаланышы тууралуу маалыматтардын маалымат айдыңында ачыкка чыкпагандыгы табышмактуу. Айрыкча буларга тиешелүү Silk Road сыяктуу мектептердин батыштагы лицензия берген тараптар менен киреше бөлүшүү боюнча мамилеси жабык тема бойдон калууда.

Интернеттеги ачык маалымат булактарында “Сапат” мекемесинин жыл сайын окууга кирген жана окууну бүтүргөн окуучуларындын так саны берилген эмес. Мына ушул себептен жогоруда билдирилген 12 миңденден ашуун окуучунун орто эсеп менен 3 миң АКШ долларына эле көбөйтүп эсептеп көрсөк, жалпы суммасы 36 миллион доллар деген чоң суммадагы акча каржаты чыгууда. Бул акчанын Сапат мекемесинде топтолуп, диний же саясий топ экени белгисиз Гүлен жамаатынын кызыкчылыктарына ылайык иштетилиши көп суроолорду жаратууда.

Silk Road мектебин эле ала турган болсок Бишкекте окуган 70-80 окуучунун жылдык төлөгөн 9 миңден 11 миң долларга чейинки акчаны 1 жылга көбөйтсөк 630 миң жана 770 миң АКШ долларын түзөт. Эми ушул жалпы сумманын акыркысын 15 же 20 жылга көбөйтсөк 11 миллион 550 миң жана 15 миллион 400 миң доллар каражат болууда. Бул эсептер ачык булактарда болгон орточо көрсөткүчтөргө негизделген. Бул суммадагы акчалар айсбергдин чокусуна окшоп, бизге көрүнгөнү гана. Көрүнбөгөн, жашырылган жагы албетте Гүлен жамаатынын окуу жайлары аркылуу элибизден топтогон акча жана башка каражаттары болууда. Бул Кыргыз коомчулугунда көп суроолорду жаратууда. Бул багытта даректүү иликтөөлөр бийлик тарабынан жүргүзүлүшү керек экендигин Түркияда болгон кандуу окуялар көрсөтүп койду. 15-июль 2016-жылкы төңкөрүш аракети биз үчүн сабак болушу керек.

Кыргызстандын кийинки тарыхы көрсөткөндөй 2005-жылы март айындагы жана 2010-жылдын апрель айындагы эки ыңкылап коомубуздагы негизги көйгөйлөрдү ачып көрсөттү. Өлкөбүздөгү саясий лидерликтин боштугу, коррупция жана али күнгө чейин оңоло албай келаткан улуттук экономика, саны өсүп жаткан тышкы миграция, жаштардын арасындагы сапатсыз билим, кылмыштуулук, радикалдашуу сыяктуу бир катар көйгөйлөр даана көрүнүп калды. Ал эми эң негизги маселе коомдогу жакыр катмар менен бай жана бийлерден түзүлгөн каймак катмар ортосундагы ажырымдын күн өткөн сайын чоңойушу болду. Элита делген илимдүү, билимдүү, бай жана бийликте отурган катмар, жогорудагы көйгөйлөрдү чечмек түгүл, билим берүүнү ураан кылып, иш жүзүндө улуттук элитаны барымтага алган “Гүлен” жамаатынын саясатын жүргүзгөн кызматчыларга айланышкан. “Гүлен” жамаатынын заманбап мектептери жалгыз эле бизде эмес, дүйнөнүн төрт бурчунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Иштеп эле тим болбостон, билим берүүнү жамынып алып түшкө кирбеген кирешелерди табууда, ошол эле мезгилде жергиликтүү элдин элитасын тарбиялап, байлыка жана бийлике негизделген өзүнүн империясын чоңойтууда.

Сыртынан байкалбаганы менен бул уюшкан диний-саясий топтун “кылыктары” 2016-жылдын июль айында Түркияда орун алган аскердик төңкөрүш аракетинде дүйнөгө шардана болду. 16-июлга караган түндө Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн ичиндеги гүленчи аскерлер Стамбулдагы чоң көпүрөнү тосуп, элге каршы курал колдонуп, ал эми борбору Анкара шаарында Кызыл Ай аянтында карапайым жарандарга ок атып, бомба таштап, парламент менен улуттук телевиденияны басып алып, ажосу Эрдоганды бутага алышты.

Ушул жерде эмнеге Гүлен жамааты  төнкөрүш кылгысы келди? деген суроого жооп берсек. Себеби, алардын мектептерин, банктарын, диний мекемелерин Түркия бийликтери жаба баштаган жана мамлекеттик органдарга сиңип кеткен Хизметтин адамдарын тазалай баштаган. Аскерий чөйрөдө күчтүү  болгон бул топтун адамдарынын төңкөрүш аракети акыркы шансы болчу.

Аскердик төңкөрүш аракетинен 240 жаран өлүп, 2200 адам жарадар болгон. Натыйжада 160 миң жаран камалып, 626 окуу жайы жабылып, 524 жеке менчик мектеп мамлекетке өткөрүлгөн. 19 профсоюз уюму, 35 медициналык мекеме жана 15 университет жабылган. 1200дөн ашык коомдук жана кайрымдуулук фондду ишмердүүлүгүн токтоткон. Бул мисалдар Гүлен тобунун Түркияда канчалык тамыр жайганын, мамлекет менен тиреше турган деңгээлге жеткенин көрсөтөт. Анткени ийгиликке жете албаган аскердик төңкөрүш аракетинен кийин жүргүзүлгөн тергөө процесси Түркиядагы бул жамааттын болуп көрбөгөндөй тамырлашкан уюшкан топ экендигин көрсөткөн.

Аталган окуянын жел аргысы албетте Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемесине келип тийди. Мына ушул жерден бул уюмдун өлкө ичинде таасири көрүндү десек жаңылышпайбыз. 1992-жылдан бери иштеп келген жеке-менчик билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды кыргыз жараны экендигине карабай  кызматынан кетип, ордуна Нурлан Кудайбердиев дайындалган. Эң башкысы, мекеменин аты өзгөрүлүп “Сапат” болуп, мекеменин негиздөөчүлөрүнүн бирөөсү катары Кыргыз Республикасынын билим жана илим министирлиги киргизилген.

Гүлен тобунун мектептерин жабуу жана алардын ордуна Түркиялык Маариф фондунун мектебин ачуу тууралуу Түркия бийлигинин демилгеси экс-ажобуз Алмазбек Атамбаев тараптан колдоо тапкан эмес. Мындай чечимдин ошол кездеги бийлик тарабынан кабыл алынышына эмне түрткү болду деген суроо бар. Себеби балдары Себат мектептеринде окуган экс-премьер министр Сапар Исаков, Гуленге жолугуп келди делген Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов сыяктуу чоң чиновниктер, ошондой эле жеке киреше булактары Гүлен жамааты менен байланышкан таасирдуу кишилер тоскоол болушкан. Ал кездеги мамлекеттик маалымат каражаттары да гүленчилердин сөзүн сүйлөгөн. Бул тиреш акыры келип бир тууган элдердин мамилесине бир катар кедергисин тийгизди. Түркиянын Кыргызстанга болжонгон бир катар долбоорлору токтотулган.

2018-жылдагы өлкөбүздөгү Президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбеков ажо болуп шайланып келди. Гүлен тобуна карата кандай мамиле жасайт делген Жээнбековго Түркия Президенти Эрдоган 2018-жылдын сентябрь айындагы өлкөбүзгө болгон расмий зыяратында дагы бир жолу гүленчил топтун коркунучун эскертти. Президентибиз абалды талдап, таразалоонун сөзүн берип Эрдоганды Түркияга узатып койду. Кээ бир эксперттер муну ажонун өзүнүн айланасындагы гүленчилерден арыла элек деп жоромолдоду. Ошондуктан Гүлен тобуна карата туура чечим кабыл алууда Президент Сооронбай Жээнбеков канчалык эркке жана күчкө ээ деген суроо туулат.

Айрым серепчилер жана журналисттер гүленчилердин медиа, бизнес, билим берүү жана акыры келип саясатта күчтүү позициясы бар экендигинен коомчулукка кабар беришүүдө. Атап айтсак, орус тилдүү Дело № гезити жана бир катар маалымат басылмалары Марал FM, saresep.kg, Жаш Ишкерлер Ассоциациясы (ЖИА) жана Элим барсыңбы коомдук фнду, Адеп Башаты фонду ж.б. уюмдар “Хизмет” кыймылына таандык экендигин жазып чыккан. Түркиялык медиа булактары учурда кылмыш иши козголуп, тергөөсү менен соту чубалган экс-премьер министр Сапар Исаковдун дагы гүленчилерден экендигин маалымдаган. Эрдогандын Кыргызстанга болгон акыркы иш сапарында 130 гүленчинин тизмесинин УКМКга берилиши тууралуу сенсациялык маалымат али күнгө чейин актуалдуу бойдон калууда. Себеби, расмий Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү Түркия тараптан мындай тизме берилбегендигин билдиришкен.

2019-2020-жылдагы Кыргызстандагы ички коомдук-саясий окуяларга бул топтун катышуусу жана таасири кандай болот? деген суроо да бар. Себеби 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо, жамааттын кызыкчылыгын колдоп коргогон адамдарын Жогорку Кеңешке келүүсү жана өкмөттүн курамында отуруусу өңдүү божомолдор батышчыл таасири бар бул топ үчүн максаттуудай сезилет.

Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай Фетхуллах Гүленге тиешелүү делген Кыргызстандагы имарат-мүлктөр Монголияда болгондой кокустан башка чет-элдиктерге сатылып кетсе кандай болот? деген түкшүмөлдөр. “Сапат” мекемесинин макамы эл аралык болуп эсептелет. Курамында Билим берүү жана илим министирлиги болсо да аралаш-менчик бойдон калган бул мекеменин мүлктүк маселеси актуалдуу бойдон калууда. Негизи эле мамлекет “Сапат” менен катар Гүлен тобунун мүлкү тууралуу атайын иликтөөсүн жасашы керек деген ойдобуз.

Макаланын соңунда, белгилеп кетүүчү нерсе Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан демилгеленип, сунушталган “Маариф” Фондунун пилоттук мектебин Кыргызстанга ачуу жана бул окуу жайды жер-жерлерге жайылтуу маселеси. Себеби, колунда жок ата-энелердин балдарына Маариф мектептери жардамчы болобу деген илгери үмүт бар. Мына ушул маселени кийинки макалабызда изилдеп, талкуулайбыз.

Булак: NazarNews.kg

 


Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс