Среда , 26-Июнь 2019
Башкы бет / Аналитика / Гүленчилерди тааныйсызбы?

Гүленчилерди тааныйсызбы?

Апрель айынын башында жергиликтүү веб сайттардын биринде дүйнө жүзүндөгү айрым өлкөлөрдө коркунучтуу деп табылып, тыюу салынган Фетхуллах Гүлен тобунун Кыргызстандагы “Сапат”мектептерин жактаган макала жарыяланды.

«Сапаттын» ачылышына Түркиянын кайсы лидерлери катышкан?“ деген аталыштагы макалада Режеп Тайип Эрдоган, Тансу Чиллер, Абдуллах Гүл, Месут Йылмаз сыяктуу Түркиянын таанымал саясатчыларынын азыркы “Сапат”, мурдагы “Себат” мектептеринин ачылышына катышканы жөнүндө баяндалды. Макала окурманды “Себат” мектептерин  түрк бийлиги өзү ачып алып, азыр кайра өзү сындап жатат деген пикирге жетелейт. Бирок “Себаттын” саясат жана саясатчылар менен болгон мамилесинин кандайча өнүккөнү, түрк саясатчыларынын “Себаттан” кантип көңүлү калгандыгы, түрк мамлекети бул топту кантип террорчул деп тааныганы жөнүндө макалада кеп жок. Бирок эске салчу жагдай, түрк бийлиги, анын ичинде Режеп Тайип Эрдоган өз убагында Гүлен тобун колдогонун танбайт. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн Эрдогандын сөздөрүн цитата түрүндө берели:

  • “Бул саткын топтун чыныгы жүзүн мурда көрө албай калганыбыз үчүн аябай өкүнөбүз. Ушунун айынан жаратканга жана элибизге жооп беришибиз керек экенин билебиз. Жараткан да, элибиз да бизди кечирсин” (А 3-август 2016-жыл)
  • “ФЕТО биздин бийликтин учурунда чоңоюп, күчкө толгонун танбайм. Бул чын. Өзүм баш болгон азыркы бийлик бул топ ушундай бир саткынчылыкка барат деп эч ойлогон эмеспиз. Алданып калдык” (CNN Türk.8-июнь 2018-жыл)

Медреседен саясатка жеткен гүленчилер

Медреседен тарбия алып, имамдык кесипти өздөштүргөн Фетхуллах Гүлен жана анын тарапташтары өткөн кылымдын 70-жылдары “жарык үйлөр” (Işık Evleri) деген ат менен белгилүү батирлер аркылуу жаштарды өзүнө тарткан. Алгач диний сабактар окутулган бул 2-3 бөлмөлүү батирлер Түркиянын Измир шаарында, андан соң башка шаарларда да көбөйгөн. Мындай батирлерде көбүнесе айылдан келген жаштар жашаган. Аларга жергиликтүү ишкерлер “химмет” деп аталган төлөмдөр аркылуу колдоо көрсөтүп турушкан. Кайрымдуулук аркылуу чогултулган каражаттары көбөйгөн соң бул уюм 1980-жылдан баштап Түркияда жеке мектептерди, коллеждерди жана жатаканаларды ача баштаган.Окуу жайлар жана жатаканалар Гүлен культуна жана идеологиясына сугарылган жаштарды тарбиялоодо негизги ролду аткарган. Ата-энесинен, тууган-уругунан алыстаган жаш улан-кыздар өзүн тарбиялаган системага кызмат кылчу аскерлерге айланышкан. Көз караштары, жүрүм-туруму, керек болсо кебете-кешпири да бири- бирине аябай окшош болгон бул жаштар уюшкандык менен бизнес, билим берүү жана дин тармагына киришкен. Бирок булардын эң негизги жетишкендиги – саясий чөйрөнү көзөмөлгө алуусу жана мамлекеттик бийликке жайгашуусу болгон. Полиция, аскерий система жана сот бийлигине тамыр жайган. Фетхуллах Гүлендин балапандары чоңоюп,айрымдары мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийликке чейин жеткен.

Мурдатан түрк бийлиги канчалык деңгээлде гүленчилер менен кызматташып келсе да, 2012-жылдан тарта Фетхуллах Гүлен уюму менен Режеп Тайип Эрдоган жетектеген түрк өкмөтүнүн ортосунда тиреш пайда болгон. Себеби мамлекеттик бийлике тамыр жайган гүленчилердин күн сайын саясий талаптары күчөп, бийликтин ички жана сырткы саясатына таасир тийгизе баштаган. Эрдоган гүленчилердин керек болсо өзүн оодарып салууга кудурети жетээрин байкаган соң алгач Фетхуллах Гүлен уюмунун эң чоң киреше булактарынын бири болгон жеке мектептерди жана окуу курстарын жабууга аракет кылган. 700дөн ашык окуу жайы жабылган. Мындан сырткары бул топтун бизнес бирикмелерин, массалык маалымат каражаттарын жаап, полицияны жана сот системасын гүленчилерден тазалай баштаган. Натыйжада Гүленге тиешелүү миллиарддаган доллар киреше алып келген окуу жайлар, бизнес бирикмелер жабылып, бийлик бутактарындагы гүленчилер кызматтан бошотулган. Эрдогандын негизги жана акыркы максаты – аскерий системаны да гүленчилерден арылтуу эле. Бирок түрк бийлигинин мындай ниетин билген Фетхуллах Гүлен уюму 2016-жылдын 15-июлунда аскерий төңкөрүш кылууга белсенген. Бийликти кулатуу үчүн гүленчилер 8651 аскер (143 генерал), 35 аскерий самолет, 37 вертолет, 246 танк жана брондолгон машина, 3 кеме жана 8651 курал-жарак колдонушкан.

Шашып жасалгандыгы үчүн ишке ашпай калган төңкөрүштүн натыйжасында миңдеген гүленчилер кармалып, гүлен тобуна Фетхуллах Гүлен террористтик уюму (FETÖ) деп тыюу салынган. Кыскасы, Фетхуллах Гүлен уюмунун диний жана светтик билим берүү менен башталган иш-аракеттери аскерий тополоң менен аяктаган.

Гүлен уюмунун айрым КМШ өлкөлөрүндөгү саясаты

Советтик бийлик кулаган соң Фетхуллах Гүлен уюму өзүнүн тамырын КМШ өлкөлөрүнө жайбай койобойт эле. Батыш өлкөлөрү тарабынан колдоо алган бул топ геополитикалык да максатта кызмат кылмак болчу. New Yorkerжурналы кошулуп, дүйнөдөгү көптөгөн массалык маалымат каражаттары жазгандай, Гүлендин мектептери АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) уясына айланган.

Гүлен уюму 1990-жылдан баштап Россияда жана Борбордук Азия мамлекеттеринде да лицейлерди ачкан.Бирок Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) бул топтон алгачкы күндөн тарта эле күмөн санап, 2003-жылдан баштап Фетхуллах Гүлендин Москава, Санкт-Петербург сыяктуу шаарлардагы мектептерин жаап, 2008-жылы бул уюмга Россиянын аймагында толук тыюу салган.

Өзбекстан да бул уюмдун коркунучтуу экенин Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен алгачкылардан болуп аңдап билген. Кыска убакыттын ичинде саны 16га жеткен Фетхуллах Гүлендин мектептерин өзбек бийлиги жалаң гана байлардын балдарын окутат жана жашыруун максаттарга ээ деген жүйө мененжапкан. 2011-2012-жылдары кайра жандана баштаган Фетхуллах Гүлен уюмунун ишканалары текшерилип, 51 киши алдамчылык жана салыктан качуу беренелери боюнча жоопко тартылган.

Тажикстан жана Түркмөнстанда да гүленчилердин ишмердүүлүгүнө тыюу салынып,  экономикалык кылмыштарды жасагандыгы үчүн Фетхуллах Гүлен уюмунун ондогон мүчөсү түрмөгө кесилген. Тажикстандагы “Шалола” мектептери жабылып, мүлкү мамлекетке өткөрүлгөн.

Ашхабаддагы Түркмөн-Түрк мектеби Түркиядагы төнкөрүштөн кийин жабылган

Казакстанда Нурсултан Назабаевдин күчтүү бийлигине альтернатива боло албаса да Гүлен уюму дагеле элитаны тарбиялап чыгууда маанилүү ролду аткарып келүүдө. 1992-жылдан баштап ачылган окуу жайлардын саны 30га жакын жана алар KATEV фондуна тиешелүү болуп эсептелинет. Бул окуу жайларды бүтүргөн миңдеген жаштар бийликтин авторитардуу мүнөзүн колдонуу аркылуу саясат жана бизнес чөйрөсүндө өздөрүнө аябагандай чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн. Назарбаевден кийинки бийликтин калыптанышына бул топтун мүчөлөрүнүн тассир этүүсү күтүлүүдө.

Кыргызстандагы Фетхуллах Гүлендин мектептери

Бардык өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да Фетхуллах Гүлен уюму көптөгөн окуу жайларды ачкан. Алгач ата-энелерден эч кандай акча талап кылбаган “Себат” жана “Сема” мектептери, окуу акысын 30-40 доллардан көтөрүп атып 13 миң долларга чейин жеткирген. Карапайым калк катардагы мектептерде билим алса, байлык жана бийликке ээ жогорку катмардын балдар-кыздары гүленчилердин мектептеринен чет тилге негизделген билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Бул система бала бакчалар, орто мектептер, коллеждер, жогорку окуу жайлары аркылуу коомдун башкаруучу катмарын даярдоодо. Ал эми Гүлендин мектептеринин кызыкчылыгын жана бул мектептерден түшүп жаткан кирешени чоочун көздөрдөн жана ачуу сөздөрдөн балдары ошол мектептерде окуган “ак сөөктөр” сактап келүүдө.

Фтехуллах Гүленге тиешелүү болгон бул мектептер негизги эки функцияга ээ. Биринчиден, бул мектептер аябагандай чоң киреше булагы болуп эсептелинет. Буга чейин бул окуу жайларды бүтүргөн миңдеген окуучулар бул топко миллиондогон киреше алып келген. Азыркы учурда да миңдеген кыгыз жарандары бул мектептерге 5 миң доллардан 13 миң долларга чейин акча которууда. Бул мектептердин салыктан бошотулганын эске алганда, кирешенин өлчөмүнүн эбейгейсиз чоң экенин көрүүгө болот.

Гүлен тобуна тиешелүү бул мектептердин экинчи функциясы саясий максаттарга кызмат кылуусу болуп эсептелинет. Кыргызстанда балдары (же неберелери) Гүлен мектептеринде окубаган саясатчыларды же бийлик жетекчилерин учуратуу аябагандай кыйын. Бардык саясатчылар кайсыл бир жактан бул топко байланган. Ачыгын айтканда, бул топ менен эсептешпестен же болбосо бул топтун кызыкчылыгына каршы кандайдыр бир иш кылуу мүмкүн эмес. Муну биз “гулендин барымтасы” десек туура болот. Себеби алгачкы мезгилде билим берүүнү максат кылган топ катары таанылган Фетхуллах Гүлен уюму, азыркы учурда ички жана тышкы саясатка, бизнес чөйрөсүнө, жалпы эле коомдук жашоого таасир эткенчоң күчкө айланган.“Себат” мектептеринин бүтүрүүчүлөрү жалгыз эле өздөрү бүтүргөн окуу жайдын эмес, жалпы Фетхуллах Гүлен уюмунун кызыкчылыгын алдыга сүрөп жатышат. Ошондуктан “Себат” мектептери жалгыз эле чоң киреше булагы эмес, кыргыз элитасын даярдаган чоң саясий фабрика болуп эсептелинет. Алгачкы бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда премьер-министрлик кызматка чейин жеткен бул система керек болсо Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев сыяктуу өлкө жетекчилерин да калчап келгени белгилүү. БулардынСооронбай Жээнбековдун да колун канчалык “байлаганы” табышмак бойдон калууда.

Бийликтин колу-бутун бууган гүленчилер

Түркиядагы төнкөрүштөн кийин атын “Сапат” деп өзгөртө салган бул окуу жайларды жабууга азыркы бийликтин күчүнүн жетип жетпеси да күмөн. Саясий элитанын бутагын кесүү Кыргызстанда чоң саясий окуяларга себеп болушу толук мүмкүн. Бир жагынан карасаң диний топ катары көрүнгөнү менен экинчи жактан саясатка саясий партиялардан да көбүрөөк таасир тийгизүүдө. Фетхуллах Гүлендин диний аалым деп таанытышканы менен аны жактагандардын саясий максаттарда биригүүсү жана мамлекеттик органдарга тамыр жайуусу бери эле дегенде Кыргыз Республикасынын светтүүлүгүнө шек келтирүүдө. Же диний топ экенин же болбосо саясий кыймыл экенин ачык айтпаган бул уюмдун негизги максаты болушунча көп байлык топтоо жана ал байлыкты сактап калуу үчүн бийликти колдонуу болуп эсептелинет. Тактап айтканда, мамлекеттик органдарда иштеген гүленчилер өздөрүнүн уюмунун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин ресурстарын колдонушат. Ошондуктан, Фетхуллах Гүлен уюмунун Кыргызстандагы киреше булактарына жана саясий лоббисине карата чара көрүү эр жүрөктүүлүктү талап кылат.

Ошондуктан Фетхуллах Гүлен уюмуКыргызстандагы социалдык жана саясий абалды келечекте таптакыр башка нукка бурушу толук мүмкүн. Гүленчилер айрым мамлекеттик органдардын жумушуна таасир тийгизе баштаганы, саясий ресурстарды өздөрүнүн максаттарына ылайык колдонуп жатканы, министрликтерге жана башка ведомстволорго жайгаштырган кишилери аркылуу өздөрүнүн кызыкчылыгын сүрөп жатканы байкалууда. Чечим кабыл алуучу кыргыз элитасына азыр Гүлендин “мөмөлөрү” даамдуу сезилиши мүмкүн, бирок мындай диний-саясий топтор өздөрүнүн кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыктарынан ар дайым жогору койорун унутпаш керек.

Элдияр Калилов.

Татарстан.

Булак: Ачык сз гезити.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс