Среда , 26-Июнь 2019

ЭТ-НАН

Раатбек Момуналиев деген эр жигит бар. Бейиши болгон Санатбаевге аты уйкаш экен деп эстеп калгам. Өзү да ошол тармактын өкүлү. Балдарды футбол боюнча машыктыруучу. “Айыл азыгына” атайын келиптир. Өзүбүзчө сүйлөшсөк дейт. Бир аш бышым олтурдук окшойт. Ой жүгүртүүсү зирек, Көп көйгөйдүн көрүнүшүнөн мурда түбүн, себебин көргөн, көрүп эле тим болбой, алардын ар бирине кошо күйүп, кошо ооруган, өзү аркалаган кесиптен бир майнап чыгарсам дегенде ак эткенден так этип, ичкен ашын жерге койгон чанда бир баатырдын бири экен. Футбол деген оюн эмес, футбол деген миңдин биринин, балким жүз миңдин биринин гана колунан келе турган өтө чоң өнөр дейт. 5-6-класстардагы идиреги бар балдарды алтын издегендей издеп таап, бир жакшы топ курап алгам дейт. Машыгуу оңой эмес, зор күч-кайратты, талыкпас эмгекти талап кылат. Балдар суй жыгылып чарчашат. Анан менин кыйноом аз келгенсип, машыгуудан чыгып алып мектептердеги сабактарына кетишет. Ортодо үйлөрүнө барганга да убактылары жетпейт. Ата-энелери берген майда-чүйдө тыйынга көчөдөн шам-шум этип кете беришет. Азыр баланын жеген тамагына ким көз салат? Таттуу, кооз көрүнгөнүн жейт да. Анан ушул күнүгө сэндвич жеп, кола ичкен балдардан кантип чемпион чыксын дейт. Ушул балдарга тазараак тамактан арзаныраак экопакет жасоо мүмкүнбү деп келиптир.

Андан соң Раатбек экөөбүз бир нече ирет жолугушуп, акыры бир чечимге жеттик. Көрсө болоор-болбос тыйынга эч кынтыксыз таза, ал турсун чүйгүн азык менен бала эмес, чоң киши деле кадимкидей курсак кампайтып кетсе болот экен. Анын башкы азыгын эзели эт менен нан көрбөгөнсүп гамбургер-чизбургер деп бурулдап-чызылдып олтурбай эле ЭТ-НАН деп атап койдук. Эт-нандын жеңилинин ичине 20 граммдан ышталган куйрук май, кубаттуусуна бышкан сүр эт, чүйгүнүнө жылкынын чучугун салмай болдук. Эмнеге эмнени аралаштырып же эзип кошуп салды деген ой эч кимде болбойт. Баары тең айдан ачык көрүнүп турган нукура азыктар. Атайын буйрутма менен камыр турушка бир киши бир жегидей дрожсуз нан жасаттык. Эт-нан куйрук май менен 30, сүр эт менен 50, чучук менен 60 сом болду. Ага күч болчу азыктардын бир тоё жегидей курамын кошуп, кагаз стаканга салып койдук. Анын 50 граммы 20, 100 граммы 40 сом. Суусундугуна жеңили үчүн максым, жарма, кубаттуусу үчүн уй кымыз, чүйгүнү үчүн кымыз коштук. Балдарга 0,5 литрлик суусундук кичине көбүрөөк экен. 0,3 литрлик жетиштүү сыяктанды. Баштыкты болсо ЭР АЗЫК деп атадык. Эң арзан эр азык 60, эң кымбат чүйгүнү 200 сом болду.
Ышталган куйрук май менен жасалган алгачкы сынаакы эр азыкты Раатбек баатырдын балдары бири калтырбай тамшанып жешти. Баштыкта аларга жакпай калган бир да азык болбоду. Эмикиде күч болчу азыктар курамын кошпой эле чучук менен эт-нан алдырып жесекпи деген да ой пайда болуп жатат дейт Раатбек. Чынында эле кыргыздын №1-таңсык азыгы болгон чучук салынган 60 сомдук эт-нан кантип 90 сомдук көчөдө куйкаланган эт-нан сөрөйлөрдөн артык болбосун?! Анын үстүнө мында жалгыз “Айыл азыгы” дүкөнүн байытаар эч кандай коммерциялык сыр да жок. Ниети бар ар ким жасап жей берсе болот. Эмнеси болсо да эр азык идеясын көтөрүп чыккан Раатбек баатырга миң алкыш айтып, Жараткан Кудай эч бир тилегинен кем кылбасын демекчибиз!

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс