Среда , 26-Июнь 2019
Башкы бет / Аналитика / ШАНТАЖГА ШАРТ…

ШАНТАЖГА ШАРТ…

РОССИЯНЫН КЫРГЫЗ БИЙЛИГИН ШАНТАЖ КЫЛУУСУНА ЭҢ МЫКТЫ ШАРТ ТҮЗҮЛДҮ. Эзелтен “разделяй и властвуй” ыкмасын мыкты өздөштүргөн империя аны жаздырбай пайдаланып, “Кыргызнефтигаз”, “Кыргыз темир жолун” көзөмөлүнө алууга киришти.

2010-жылдагы куралдуу төңкөрүштө Кремлге милдеткер жана карыздар болуп калган АША үчүнчү ыңкылапка ачыктан-ачык умтулуп жатканда Жээнбековду желкелеп, “биздин ык менен болосуң, болбосо биз АШАга “ставка” кылабыз” деп, каалаган максатына жетүүгө Кремлге абдан ыңгайлуу шарт түзүлүп турат. Жээнбековду кулатабыз деп, эки айга ультиматум койгон АШАнын КСДПсынын курултайына Путиндин “Единая Россия”, Мироновдун “Справедливая Россия” партиялары куттуктоо жолдоп, ийгилик каалаганы эмнени каңкуулайт?…

Улуттук кызыкчылыкты баалай да, биле да албаган, демек ал үчүн биригүүгө бара албаган, тескерисинче жеке саясий кызыкчылыгы үчүн баарын сатууга даяр турган кыргыз элитасындагы мындай абалдан Кремль пайдаланып, АША учурунда башталган каалаганын четинен алуу өнөкөтүн кайра баштады. Бул ирет тизме башында “Кыргызнефтигаз”. Андан кийин “Кыргыз темир жолу”, банктар…

Туңгуюкка кептелген Жээнбеков бул жөнүндө лам деп ооз ача элек. Кыязы ал Ошто алты-жети жыл губернатор кезинде унчукпай отура берип, бары-жогу билинбегендей эле президенттигин да ошентип өткөрө турган болуп жатат окшойт.

АША “Кыргызгазды” 1 долларга карматып, аны “улуу жетишкендиги” катары калжаңдай айтып келатат. Мындан Кыргызстан уттубу же утулуп атабы? Бул жердеги республиканын саясий, экономикалык эгемендүүлүгүн камтыган чоң суроолорду, маселелерди мындай коюп, кыргызстандык керектөөчүлөр уттубу же утулубу деген жөнөкөй суроого жооп издеп көрсөк. Жоопту Тажикстан тарифи менен салыштыруудан эле табабыз. Тажикстанга Өзбекстан 1 миң кубметр газды 100-120 доллардан сатып жатат. “Газпром” болсо Кыргызстан калкына 206 доллардан, ишканаларга 253 доллардан сатып жатат. Эки эседен ашык кымбат. АШАнын калжаңдаган, алжаңдаган саясатынын бир ыптасынын баасы ушундай…

АША күйүүчү май базарын да Россиянын монополиясына кармата берген. Ошондуктан Кыргызстанда Казакстанга караганда бензинге баа 10-15 сомго кымбат. Бул жөнүндө 3-4 жыл мурун жазган элек. Биздин айрым депутаттарга кече жакында бул маалымат жеткен экен, парламентте аны көтөрүмүш болушту. Бирок натыйжа жок.
Кыргызстан күйүүчү май базары Россиянын монополиясында болгондуктан Казакстан кире албай жатат. Алар Кыргызстан базарында бензин сатууга ынтызарлыгын ачык билдиришкен. Бирок эшик жабык болду. Уруксат берилбеди. Кыргыз бийлиги укпады. Укса да монополияга каршы эч нерсе дей албагандыктан “кулагы кесилген кулдай” туруп берди. Казак тарап ачууланып, транспорттук блокадасын кайрадан баштады. Жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны кыргыз-казак чек арасында кайра пайда болду…

Россия учурда Кыргызстандын дагы бир стратегиялык тармагын колуна алуу алдында турат. Ал темир жол. Кыргызстан темир жолуна Москва эч бир кызыкпайт деле болчу, эгерде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору болбосо. Москва бул долбоорду колуна алып, Кытай экспансиясына жол бербөөгө кызыкдар. Анткени бул долбоор ишке ашса Кытай таасири Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга артат, Москванын гана көзүн караган Кыргызстан транспорттук туңгуюктан чыгат, демек Москванын таасири азайат. Кремль мына ошондон чочулайт.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору ишке кирсе Россия аймагы аркылуу Кытайдын жүк ташуусуна зыян келет. Россия транзит кирешесинен кур калышы мүмкүн. Бул эң башкысы…
Ошондуктан Москва бул долбоорду ишке ашырбоо үчүн түрдүү тоскоолдуктарды жасап келди. АШАны пайдаланды. Ага турмушка ашуусу эч реалдуу болбогон Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Россия темир жолун курабыз деген абсурддук идеяны айттырды. Алжаңбай-калжаңбай айтты…

Эми мына Путиндин марттагы Бишкекке сапары учурунда “Кыргыз темир жолу” менен “Россия темир жолу” “Кыргыз темир жолунун” долбоорлору боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Демек, “Кыргыз темир жолу” ар кандай жаңы долбоорлорун орус темир жолу менен гана аткарат. Анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну.

“Кыргызнефтигаз” кетсе республикадагы анча-мынча мунай иштетүүчү заводдор биротоло өчөт, чийки заттан куру калат.

Бул эки стратегиялык ишканадан сырткары “Айыл банк”, “РСК” банктын Россия колуна өтүүсү жөнүндө сөздөр жүрүүдө…

Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү. Жүз миңдеген эмгек мигранттары ал жакта эмгектенип үй-бүлөсүн багып жатат. Кытайга караганда Россия бардык жагынан жакын, көнүмүш. Бирок стратегиялык өнөктүн биздин ички саясий абалыбыздан пайдаланып, бардык жагынан матап губерниясына айлантып жатуусу канчалык кабыл алаарлык…

Өкүнүчтүүсү кыргыз бийлигинин жеткен компеттентсиздигинен, коррупциялашуусунан жадаган, чарчаган калк ичинде Кыргызстанды Россиянын бир губерниясына айланса деле макулбуз дегендер көбөйүп баратышы. Жарандар арасында кыргыз бийлигине колун жаңсап, буларың жыргатпайт, элди тентитип, мамлекетти да жок кылат деген түңүлүү көбөйүп баратканы өкүнүчтүү…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс