Среда , 26-Июнь 2019
Башкы бет / Дүйнө / ИИР парламенти Азиядагы америкалык аскердик базаларды террордук деп атады

ИИР парламенти Азиядагы америкалык аскердик базаларды террордук деп атады

Категория: Күндеми – Published: 10/04 – 11:18

Тегеран Вашингтондун ИРСКны (КСИР) террордук уюмдардын тизмесине кошкон чечимине жооп берди.

Ирандын мажилиси (парламент) Батыш Азиядагы баардык америкалык куралдуу күчтөрдү террордук деп жарыялады. Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.

Тиешелүү документ парламенттин жыйынында 9-апрелде АКШнын Ислам революциясынын сакчылар корпусун (ИРСК) терррордук уюмдардын тизмесине кошуу тууралуу чечимине жооп катары кабыл алынды.

Чечимди иран парламентинин 189 депутаты колдоп, экөөсү каршы добуш берип, бирөөсү – калыс болду.

Кабыл алынган мыйзам долбоорунда АКШнын Батыш Азияда жайгашкан баардык аскердик жана чалгындоо бөлүктөрү, ошондой эле менчик жана юридикалык жактары террордук деп жарыяланды.

Мындан тышкары каржылык, техникалык, билим берүүчү, материалдык-техникалык жана башка бул түзүмдөргө берген жардамдары террорчуларга көмөктөшүү жана колдоо катары бааланат.

Документте Иран өкмөтү жана куралдуу күчтөрү бул чечимди аткарууга милдеттүү экендиги айтылат.

Мындан тышкары Иран өкмөтү ар кайсы өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, АКШ тарабынан ирандык куралдуу күчтөрдү террордук деп жарыялашына жол бербөөгө жооптуу экендиги белгиленген.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс