Пятница , 19-Апрель 2019
Башкы бет / Досье / Президент Кара-Суу районунун элинин үнүн угабы?

Президент Кара-Суу районунун элинин үнүн угабы?

КР Президенти С.Ш. Жээнбековго

                                                                                         КР Президентинин Аппаратынын 

                                                                                          жетекчиси Д.А. Эсеналиевке

                                                         КР Коопсуздук Кенешинин катчысы Д.К. Сагынбаевке

                                                                                    

                                                                Токторалиева Орозкандан, 723317, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак

                                                                            айыл аймагы Кызыл-Байрак айылынын тургуну (тел.0778 493908)

АЧЫК КАТ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Досалы Акпаралиевич!

Урматтуу Дамир Казакович!

Биз мурда коррупционер Ш. Капаров устунон Башкы Прокуратурага, Жогорку Кенешке, КР Окмотуно, КР Президенти чейин бийликтин бардык бутактарына Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш. Капаровдун жер тилкелерди ажыратуудагы коррупциялых схемалары жонундо кайрылып, чара колдонушун суранганбыз. Бирок, канатандыраарлык жооп алган жокпуз. Ошондуктан КР Президенти С. Жээнбековго биздин катыбызды жеткирип коюн деп, Россия Президенти В.Путинга кайрылууга мажбур болгонбуз. Ошондон кийин, бизди Ош облсунун МУКК башкармалыгына чакырышып: “Биз Путинга кайрылганыбыз жок” – деп айтыныз, биз Ш. Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартабыз” – дешти. Ошондой кийин: “Биз Путинга кайрылганыбыз жок” – деп айттык. Бирок, Ш. Капаров кылмыш жоопкерчилигине тартылбады. Ошондуктан 27 март куну В. Путин Бишкекке келгенде, экинчи арызыбызды жонотобуз десек, бизди укук коргоо органдары кызматкерлери кайтарып, уйубуздон чыгарбай: “Арызды жонотпонуз, биз Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартабыз” – деп ишендирди. Бирок азыркы мезгилде жоопкерчиликке тартылбаган Ш. Капаров болсо озунун жан жоокерлери менен бизди куугунтуктап, кысым кылып жатат. Суроо туулат эмне укук коргоо органдарынын кучу карапайым элге жетет, коррупцияга маалынган коррупционерге жетпейби?.. Себеби Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаров оч алуу максатында, озунун таанышы Токтобай Торогельдиевди уюштуруп, карапайым элди сотко берип, 1,5 миллион сом акча берсин деп шантаждап жатышат. Бизди жудотуу максатында, кунуно сотко чакырышат. Биз жер сатпасак, бюджет акчасын жебесек, коррупционер болбосок, жол киреге да акчабыз жок болсо… Ошол эле мезгилде Ш. Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып уй-жай куруу учун жер тилкелерди кошелёктору аркылуу сатып, мыйзамсыз байып, уйунун алдындагы Ишкаван каналын нугун 20 метрге жылдырды. КР мыйзамдары, Жер Кодекси боюнча жер тилкелер кезектуулук тартиби менен, коомдук угуулар откорулуп берилиши, жер тилкелерди алган жарандардын тизмеси айылдарда корунуукту жерлерде илинип турушу керек. Ш. Капаров КР жер мыйзамдарын одоно бузуп жатат. Эгерде ал мыйзам боюнча жер тилкелерди берсе, жер бизнеси болбой калат, бизге окшогон карапайым эл жер тилке мыйзамдуу бекерге алат жана эч жакка арызданбайт. Биз ошол создорубузду бир нече жолу Ш. Капаровко айттык, бир нече жолу арыз менен жогорку органдарга кайрылдык. Ошол убакыттарда мен Кара-Кульжа районунда торолгонмун, мен Президенттин жердешимин, мен “Ордолуу журт” коомдук бирикмесинин торагасымын деп, биз тааныбаган Токтобай Торогельдиев чыгып, карапайым элге жер тилке бербеген, Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш. Капаровдун тарабын алып журду. Айыл окмотунун башчысы Ш. Капаров жер бизнеси менен алек болуп, Кызыл-Кыштак айыл окмотунун карапайым элине жер бербей, айылдагы бей бечаралардын паспортторун кошелёктору аркылуу сатып алып, кезектулук тартибин сактабай, коомдук угууларды откорбой, жер алган жарандардын тизмесин элге жарыялабай, бей бечаралардан сатып алган паспортторго жер тилке ажыратылсын деп токтом чыгарып, колунда бар, башка жактан келген адамдарга жерлерди чон акчага сатып, Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жашоочуларынын жерге болгон укугун тепелеп-тепседи. Ошондуктан, Кара-Кульжа районунда торолгон Т. Торогельдиев эмне учун карапайым элдин тарабын эмес, коррупционер тарабын жан талашып жатат экен? – деген суроо пайда болду. Же болбосо Т. Торогельдиев, же анын уй-булосудогулор бироолордун паспортторуно жер тилке алган бекен, ошого жан талашып коррупционер Ш. Капаровдун тарабын алып жатат бекен? – деп, жогорку органдарга анын жана анын уй-булоосун мулкун текшерип берууну суранганбыз. Анын атында эчтеке жок экен – деп айтып жатышат, биз ага тан калганыбыз жок, себеби, айыл окмотунун башчысы Ш. Капаров айылдагы карапайым элдин паспортторун кошелектору аркылуу 5-10 мин сомдон сатып алып, колунда бар бай адамдарга жер тилкелерди сатат. Бирок ошол жер тилкелер айылдын карапайым элинин атына катталган болсо да факт жузундо башка жактан келген байларга тийиштуу болуп, ал байлар ошол жерге кабат-кабат уйлор куруп жаыштат. Жер тилкени озунун атына кийин откорушу да мумкун. Ошондуктан Кызыл-Кыштак айыл окмотундогу коррупциялык жер сатуу бизнесине, схемаларына кандай тийиши бар Кара-Кульжа районунда торолгон Т. Торогельдиевдин? Аны билуу максатында Ш. Капаровдон 2013 жылдан баштап уй-жай куруу учун жер тилке алган жарандардын тизмесин, 2010 жылдан баштап муниципалдык жерлерди, менчикти алган жарандардын тизмесин тиркеме боюнча берсин деп бир нече жолу арыз менен органдарга кайрылдык. Бирок, Ш. Капаров ачык айкын болуусу керек болгон ал маалыматтарды беруудан баш тартып жатат, себеби анда анын коррупциялык схемаларын бети ачылып, Ш.Капаров жана анын кошелёктору темир торуно отурушу анык болот. Ошондуктан ал маалыматтар Ш. Капаров тарабынан мамлекеттик сыр катары элге жарыяланбай жатат. Биздин мыйзамдуу талабыбыз аткарылбай жатат. КР Президенти С.Ш. Жээнбеков: “Сот жана куч органдары коррупция менен каттуу курошсун!” – деп тапшырма берди, “Карапайым эл менен курошту токтоткула” – дегенине карабай, Сот жана куч органдары биздин арызыбызды устурттон текшерип, Ш. Капаров ажыраткан жер тилкелерди алган жарандардын тизмесин текшербей жатат.

Сураташ участкасындагы коптогон жер тилкелер жен ичинен сатылып жатат. Мыйзам боюнча жер тилкелердин саны, жайгашкан жери, бериле турган убакытты жонундогу маалыматтар элге жарыяланышы керек. Ш. Капаровго кирсен, жер жок дейт, бирок ошол эле убакытта, айылдагы бей бечаралардын паспортторун кошелёктору аркылуу сатып алып, кезектулук тартибин сактабай, коомдук угууларды откорбой ал паспортторго жер тилке ажыратылсын деп токтом чыгарып, жерлерди сатат. Мисалы учун Сураташ участкасында “Суротту-таш” коргоо зонасыдан (тарыхый, улуттук эстеликтеринин Республикалык тизмесине кирген) Ш. Капаров мыйзамсыз 76 жер тилке ажыратып, сатып, акчасын алгандан кийин. “Бул жер тарыхый, улуттук эстеликтеринин Республикалык тизмесине киргизилген экен “Суротту-таш” коргоо зонасыдан мыйзамсыз жер бериппиз” – деп, Кызыл-Байрак айылына кочургон. Адамдар материалдык зыянга учураган. Бирок, Ш. Капаров ал жерди Республикалык тизмесине киргизилген  “Суротту-таш” коргоо зонасыдан экендигин билип туруп, атайын баюу максатында, ошол жерден мыйзамсыз жер ажыраткан, жоопкерчиликке тартылбаган.

КР Президенти С.Ш. Жээнбеков Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуусунда жер боюнча айтылган маселелер жана сунуштар боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ бийлик органдарынын ишмердигин комплекстүү текшерүү жүргүзүүнү тапшырды. Ведомстволор аралык жумушчу топтун корутундусу боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин өз милдеттерин жоопкерчиликсиз жана компетенттүү эмес аткарганы коомчулуктун негиздүү сынын жана ишенбөөчүлүгүн жараткан. Коррупцияга маалынган Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш. Капаровдун мыйзамсыз аракеттерин текшеруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тузуп, бийлик органдарынын ишмердигин комплекстүү текшерүү жүргүзүү зарыл.

Ошондой эле Т. Торогельдиев мен Президенттин жердешимин, мен Кара-Кульжа районунда торолгонмун деп бизди коркутуп, мен “Ордолуу журт” коомдук бирикмесинин торагасымын деп биздин устубуздон жана карындашыбыз устунон, улуш жерлерибиз боюнча арызданып: “Ш. Капаров устунон арызданышты токтоткуло, болбосо оздоруно жаман болот” – деп коркутуп, Г. Мирзакаримованын карындашына бир нече жолу озуно оозеки жана телефон чалып: “Мирзакаримова Гулнара арызданышты токтотсун” – деп коркутуп, шантаждаган. Аны телефон распечаткасынан да текшерсе болот. Т.Торогельдиевдин шантаждары натыйжасында Г. Мирзакаримованын куйоосу ооруп, кан кусуп Ош облустук ооруканасынын реанимациясында жатып чыкты. Суроо туулат Ш. Капаров уюштуруп жаткан Т. Торогельдиевдин “Ордолуу журт” коомдук бирикмесинин уставында карапайым элди коркутуу, шантаж кылуу, коррупционерлерди тарабын алуу деп жазылганбы? “Ордолуу журт” коомдук бирикмеси салыктарды, социалдык фонд толомдорун оз убагында толойбу? Статистикалык отчётторду оз убагында тапшырабы? Ошондой суроолорго жоопторду кутуп калабыз жана Т.Торогельдиевдин коргоосунда болгон Ш. Капаровду мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартып беруунузду, Т. Торогельдиев тарабынан кугуунтукталган Мирзакаримов Махамадякубду Ош облустук ооруканага кеткен акча каражаттарды созсуз толоп беруусун камсыз кылуунузду суранабыз.

Азыркы мезгилде, Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш. Капаров устунон КР МУКК Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы тергоо болуму тарабынан кылмыш иши козголуп, тергоо амалдары журуп жатат. Бирок, тергоо амалдары журсо да Капаров иштен четтетилгени жок. Бул эсе укук коргоо органдарынын аракеттерине шек келтирип жатат…

Ошол кылмыш иштин алкагында Ш. Капаровдун кошелёктору боюнча иликтоолор жургузуп, Т. Торогельдиевдин да Г. Мирзакаримованын карындашын, куйоосун жана бизди коркутуп, мен Президент жердешимин деп шантаж кылганы боюнча мыйзамсыз аракеттерине укутук баа берилиши керек. Себеби Президент менин атымды саткан адамды камагыла деген.

Жогоркулардын негизинде жогоркуда жазган талаптарыбыз аткарылышын жана  коррупцияга маалынган Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш. Капаровду иштен четтетип, мыйзамсыз аракеттерин текшеруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ бийлик органдарынын ишмердигин комплекстүү текшерүү жүргүзүү учун Республикалык денгелде комиссия тузуу боюнча буйрук чыгарып беруунузду суранабыз.

КР Президенти С.Ш. Жээнбековдун жеке кабыл алуусун суранабыз.

КР Президенти Аппаратынын жетекчиси урматтуу Досалы Акпаралиевич! КР Президенти С.Ш.Жээнбековго унубузду жеткириниз. Биз Бишкекке жоо журушго даярбыз!

Эгерде биздин мыйзамдуу талаптарыбыз аткарылбаса, КР Президентине унубуз жетпесе, кабыл албаса, коррупционер Ш. Капаров устунон ООНга, Россия, Кытай, Казакстан, Озбекстан жана башка олколордун Президенттерин интернет даректерине аркылуу кайрылууга мажбур болобуз.

 

Коррупционер тарабынан                                                    О.Д. Токторалиева,

кугуунталган жабырлануучулор                                          Г.М. Мирзакаримова, 06.04.2019 ж.

 

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбуз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Ш. Капаровду жана анын “коргоочусу” Т.Торогельдиевди күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс