Среда , 26-Июнь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Кадамжайда коррупциядан тажаган эл президентке, парламентке жана А. Мадумаровго кайрылды

Кадамжайда коррупциядан тажаган эл президентке, парламентке жана А. Мадумаровго кайрылды

КАДАМЖАЙДА КОРРУПЦИЯДАН ТАЖАГАН ЖЕРГИЛИКТҮҮ АКТИВИСТТЕР КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ ТАЛАБЫН КОЮП, ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВГО, АДАХАН МАДУМАРОВГО, ПАРЛАМЕНТКЕ КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго
Көчүрмөлөрү: “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери
А.К.Мадумаровго
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешине
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаттарына
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
О.Жамшитовго

Баткен облусунун жашоочуларынан кайрылуу

2019-жылдын 20-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Баткен облусунун эли менен жолугушуусунда коррупциядан жабыр тарткан, Президенттин чакырыгын кабыл алып коррупция менен күрөшкөн биз, Баткен облусунун карапайым калкы акыркы үмүт менен өз арыз- муңдарыбызды айтып, кат жүзүндө да кайрылдык. Биз, Баткен облусунун карапайым калкы бул арыз-муңдар менен буга чейин Кыргыз Республикасынын дээрлик бардык атка минерлерине бир нече жолудан кайрылып, Октябрь Революциясы түзүп берген Кыргыз мамлекетинин жоголуп кетүү коркунучу кучөп, атка минерлердин баарынан үмүтүбүз үзүлүп, Президентке жетпей чечилбей жатат го деген ойдо акыркы үмүт менен Президентке төмөнкү мазмундагы арыздар менен түздөн-түз кайрылдык:
Коррупциядан жабыр тарткандар.
А) Баткен облусунун мурдагы прокурору А.К.Мамажакыповду кошо жүргөн прокурорлор мыкаачылык менен өлтүрүшкөнү толук далилденип турса дагы, ал прокурорлор сайрандап, ээн-эркин жүрүшөт. Алар күнөөнү М.Калыковго жүктөп коюп жатышат. Эч кимге (кошо жүргөн прокурорлордон башка) белгисиз болгон М.Калыковду А.К.Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү деп, кошо жүргөн прокурорлор баш болушуп, кечки саат 10дор чамасында кармап кетишкен. А.К.Мамажакыповдун өлүгү эрте мененки саат 6 ар чамасында табылган. Сөөгү табыла элек, өлгөндүгү тактала элек А.К.Мамажакыповду М.Калыков өлтүрдү деп эсептеген А.К.Мамажакыпов менен кошо жүргөн прокурорлордун көздөрү ачыкпы же өздөрү өлтүрүшкөнүн жашыруунун амалын кылышканбы? Бул айла-амалдарын жашыруу үчүн документтерди жасагандары да далилденип олтурат. (негиздеме тиркелет)
Б) Кадамжай РИИБунун ТБунун тергөөчүсү Н.И.Балтабаевди пара алды деп кармашканда провокация, документ жасоо, документти жасалмалоо (36 цифра замаскаланган, замасканын үстүнөн 21 цифра жана 33 тамга жазылган), аткезчилик, коррупциянын фактылары далилденсе да коррупционер укук коргоо түзүмдөрү, сот бийлиги “бизге мыйзам колдонулбайт” деген таризде далилдүү документтерди жок кылышып, жок кыла албагандарын “көрүшпөй” “баары мыйзамдуу” дешип, мыйзамсыз айыптап, мыйзамсыз өкүмдөрдү кабыл алышууда. (негиздеме тиркелет)
В) Р.С.Маманова Президенттин чакырыгын кабыл алып коррупция менен күрөшкөндүктөн коррупционерлер жалаа жаап, ага карата кылмыш иши козголуп, соттор айыптап, Жогорку соттон кайра бузулуп келип, дагы жергиликтүү соттордо каралмакчы. (негиздеме тиркелет)
Г) Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановдун үстүнөн жабыр тарткан калк тынымсыз арыз жазып, бир нече кылмыш иши козголуп, соттор тарабынан жаза-чарасы кабыл алынса деле өкмөт башчысы кызматынан четтетилбей коррупциялык аракетин улантып, жогортогу коррупционер чиновниктерге кызмат кылуусун улантып келет. (негиздеме тиркелет)
Д) А.Орозбеков атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы үлүш жер участкаларын турак жай курууга берип, карапайым калкты кордоп, жазасыз жүрөт. (негиздеме тиркелет)
Е) Марказ, Халмион, Алга, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөттөрүндө жайыт жерлерди трансформация кылбастан, кээ бир үлүш жерлерди турак жай куруу үчүн тилкелерге бөлүп акчалууларга берген. Жер алгандардын арасында Өзбек Республикасынын жарандары да бар. Эч кимиси жазасын алган жок. (негиздеме тиркелет)
Ж) Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Кара- Кыштак айылынын тургуну Сарыев Мурзалиге чоң энеси Калматова Улуккан өзүнө гана тиешелүү болгон мүлктү мурастап керез калтырса, соолуган соттор коррупциялык жол менен анын мурастык укугун кордоп, эч кандай тиешеси жок адамга алып берип койгон. (негиздеме тиркелет)
3) Турдукулов Жумабай Эрмековичке таандык Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндөгү 10 үйдүн батирин коррупционерлер эки жолу документ жасап тартып алышты. КР Жогорку Кеңешинин депутаттары да аралашты. (негиздеме тиркелет)
П. Чечилбеген чек ара маселеси боюнча.
А) Биринчи катчылар “СССР мезгилинде такталган аймактарда эгемендүүлүктү жарыялашканына” карабай Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чек ара маселесиндеги чыр-чатак, Ак-Сай айылында ок атышуу менен коштолуп келет. Ал эми Кыргыз Республикасынын атка минерлери бул чыр чатакты “бизнеске” айландырып алышкан. (негиздеме тиркелет)
Б) Биринчи катчылар “СССР мезгилинде такталган аймактарда эгемендүүлүктү жарыялашканына” карабай Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чек ара маселесиндеги чыр-чатак адам өлүмү менен коштолуп келет. Ал эмес Өзбек Республикасы таанып, Кыргызстанга калтырган жерлерди да чечиле элек дешип, өздөрү пайдаланып жүрүшөт. Кыргыз Республикасынын атка минерлери бул чыр чатакты “бизнеске” айландырып алышкан. (негиздеме тиркелет)
Ш. Президенттин чакырыгын кабыл алып коррупция менен күрөшкөндөр тарабынан аныкталган мамлекеттик байлык болгон кен-байлыктарды талап- тоноолор боюнча.
А) Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында жайгашкан Бел-Алма көмүр кениндеги коррупция ийне-жибине чейин далилденсе да, ал эмес өз алдынча көмүр казган “Беш-Арча” ЖЧКу 2015-, 2016-, 2017-, 2018-жылдарда техникалык проектиси жок, экспертизалардын кортундусун албай көмүр казганын өздөрү мойнуна алышса да Акрам Мадумаров баш болгон коррупцияга шектүүлөр, коррупциялашкан укук коргоо түзүмдөрү, сот бийлиги “жеп койгонбуз” деген таризде далилдүү документтерди жок кылышып, жок кыла албагандарын “көрүшпөй” “баары мыйзамдуу” дешип, Бел-Алма көмүр кениндеги коррупцияны жашырып келишүүдө. (негиздеме тиркелет)
Б) Баткен облусунун Кадамжай районунун А.Орозбеков атындагы айыл аймагында жайгашкан “Надыр-Кен” темир-күмүш кениндеги коррупция толук далилденген. Мамлекетке, элге пайдасы жок, эсепсиз, ал эмес Өзбек, Казак Республикаларына аткезчилик жол менен ташылып кетип жатат. Губернатор, аким баш болгон жергиликтүү бийлик башчылары бул жердеги коррупцияга аралашкан деген эл ичинде бекем ишеним бар.(негиздеме тиркелет)
В) Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында жайгашкан Шамбы-Сай алтын кениндеги коррупциялык топтун башчысы арам ырыскылары үчүн жергиликтүү элди бири-бирине каршылаштырып 2708 000 сомду алдамчылык менен таратып, 200 000сомун өзүнө ыйгарып, чалгындоо иши бүтпөстөн туруп, Д.Т.Зилалиев менен бирдикте ГКЗга коюшуп, казып алууга лицензия берип, гиро геологиялык чалгындоо жүргүзбөстөн АОС түздүрүп, Үч-Коргон- Теңизбай жолун арам акча жештин объектисине айландырып, соцпроектен 3 000 000 сом жеп, ал аз келгенсип казыла элек алтындан 10 тоннасын жештин камын көрүп, запасты 17 тоннадан 7тоннага түшүрүп, чалгындоо ишине 2015- жылга чейин 20 000 000 АКШ доллары кетти дешсе, эч кандай иш кылбастан туруп, 2017-жылы 30000000 АКШ доллары сарпталды деп, 10000000 АКШ долларын жеп, бир бөлүгүн “жогоркуларга” узатып турабы, жоопкерчилик тартуунун ордуна министирлик деңгээлиндеги мамлекеттик кызматты ээлеп жүрөт. (негиздеме тиркелет)
2019-жылдын 20-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Баткен облусунун эли менен жолугушуусунда коррупциядан жабыр тарткан, Президенттин чакырыгын кабыл алып коррупция менен күрөшкөн биз, Баткен облусунун карапайым калкы өз арыз-муңдарыбызды айтып, кат жүзүндө да кайрылууларыбызга азырга чейин жооп ала элекпиз. Коррупционер атка минерлер Президентти алдап өздөрүнүн коррупциялык аракеттерин улантып, Октябрь Революциясы түзүп берген Кыргыз мамлекетин талап-тоноо менен алек окшойт. Демек коррупцияны ооздуктоого Президентибиздин күчү жетпей жатат.
Коррупцияны жеңүүнүн, укуктук-соттук реформаны ишке ашыруунун, мамлекетти талап-тоноону токтотуунун, СССР мезгилинде такталган чек араны сактап калуунун, Октябрь Революциясы түзүп берген Кыргыз мамлекетинин жоголуп кетуу коркунучун жоюунун Конституциялык укуктун чегиндеги жолу тынчтык жыйынын өткөрүү эсептелет. Ошондуктан Президенттин чакырыгын колдоп коррупция менен күрөшүү, укуктук-соттук реформаны ишке ашыруу, мамлекетти талап-тоноону токтотуу, СССР мезгилинде такталган чек араны сактап калуу, Октябрь Революциясы түзүп берген Кыргыз мамлекетинин жоголуп кетуу коркунучун жоюу максатында коррупционер атка минерлерге карата нараазылык билдирип, Конституциялык укуктун чегинде тынчтык жыйынын өткөрүү менен:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде коррупционерлерге чечкиндүү чара көрүү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына толуктоолор киргизүү жөнүндө референдум өткөрүүсүн;
2. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровдон биздин өткөрүүчү тынчтык жыйындарга келип катышып, биздин талаптарыбыздын мыйзамдуулугуна көз салып турушуңузду;
3. Биздин сунуш-талабыбызды колдогон Кыргыз Республикасынын башка аймактарынын жашоочуларынан биз белгилеген убакытта өз жерлеринде тынчтык жыйындарын өткөрүүсүн;
4. Мамлекеттик кызматтагы ариет-намысы бар, адамдык сапатын жоготпогон, Кыргыз мамлекетинин чыныгы атуулдарынан, карапайым калкты Президенттин чакырыгын колдоп коррупция менен күрөшүү, укуктук- соттук реформаны ишке ашыруу, мамлекетти талап-тоноону токтотуу, СССР мезгилинде такталган чек араны сактап калуу, Октябрь Революциясы түзүп берген Кыргыз мамлекетинин жоголуп кетүү коркунучун жоюу максатында жардам сурап Россия Федерациясына кайрылууга мажбур кылбай аракет кылууларын суранабыз.

Баткен облусунун жашоочулары:
Эрмеков С.
Өтөнбаев А.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс