Среда , 19-Июнь 2019
Башкы бет / Кыргызстан / БҮГҮН ЖӨНӨКӨЙ АК САКАЛДАН БАШТАП ГЕНЕРАЛ ДЕПУТАТЫҢАРГА ЧЕЙИН КАЛЫСТЫКТАН ТАЙДЫҢАР

БҮГҮН ЖӨНӨКӨЙ АК САКАЛДАН БАШТАП ГЕНЕРАЛ ДЕПУТАТЫҢАРГА ЧЕЙИН КАЛЫСТЫКТАН ТАЙДЫҢАР

АЛБЕТТЕ, БҮТ БААРЫ ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫК ҮЧҮН.
СИЛЕР НАПСИҢЕРДИН КУРМАНДЫГЫ БОЛГОНУНАРДЫ БИР КҮН ТҮШҮНӨСҮҢӨР, АДАХАН МАДУМАРОВКО БОЛГОН КАРАЛООЛОР БИР КҮН ТОКТОЙТ ЖАНА ЧЫНДЫК ЖЕҢЕТ. УШУНУ МЕНЕН ЭЛЕ ШАЙЛОО БОЛБОЙ, БИЙЛИК АЛМАШБАЙ КАЛБАЙТ.
ЭРТЕН ДА ЖҮЗ КӨРҮШҮП ЖҮРӨӨРБҮЗ АМАН БОЛСОК.
БУЛ КҮНДӨР, БУЛ ЖАЛГАН ЖАЛААЛАР ӨТӨТ КЕТЕТ УНУТУЛАТ БИРОК СИЛЕРДИН КАЛЫСТЫКТАН ТАЙГАНЫҢАРДЫ БИЗ ТҮБӨЛҮКӨ УНУТПАЙБЫЗ ЖАНА МИҢДЕГЕН АДАМДАРГА КИМ ЭКЕНИНЕРДИ ЭСТЕТИП ДАЛИЛДЕП ТУРАБЫЗ…
БҮГҮН ЧЫНДЫКА КӨЗ ЖУМГУЛА МЕЙЛИ БИРОК ЖАШОО БУМЕРАНГ….
КАЛЫСТЫКТАН ТАЙБАГАН АГАЙ ЭЖЕЛЕР АР ДАЙЫМ ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ….

Экс-депутат айым Надира Нарматова эжебиздин калыстык сөзүнө көңүл буруңуздар!

КАЛЫСТЫК СӨЗ.
Коомчулукта,ММК,ларда,соцсайттарда,пикирлерди таанышып олтуруп,жекече калыстык сөзүмдү билдирип коюууну туура көрдүм.
Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин, ошол мезгилде утурумдук мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн даярдалган,
эч кандай укуктук күчкө ээ болбогон протоколго кол койгонун шылтоо кылып,кечке жер сатар,саткын деп бөчөкө көрсөтүлүп жаткандыгы акыркы 2,3 жумадан бери реалдуу жашоонун ачуу чындыгы экендигин баарыбыз көрүп келе жатабыз.
Ошол эле мезгилде ,чындыка тике карап, эч кандай укуктук күчкө ээ болбогон протоколдун мазмунун түшүнбөгөн, билимсиз,кайдыгер, чыныгы өз милдетин аткарбай,тажик жарандарынын кыргыздын жерине кирип үй салып,бак тигип,отурукташып алганга уруксат берип,тамаша кылып олтурган Айбалаев баш болгон, Ж.Разаков төш болгон, А.Шадиев,ж.б.ушул мезгилге чейин жергиликтүү бийликте иштеп келген 5.6 губернатор,аким жетекчилердин,укук коргоо органдарынын ,өкмөттүн жоопкерчилиги жөнүндө сөз болуш керек.
Тескерисинче өз айыбын Мадумаровго оодара салган Айбалаев баш болгон,Баткенде иштеп кеткен, жетекчилер жооп бериш керек.
Эч ким үн катпайт.
Бир жактуу эле, талкуулашып, оодара салгандары Кудайга да,мыйзамга да жакпайт.
Жогорку Кеңеште да Ж.Мусабекова,М,Сабиров аттуу депутаттардын маегин угуп таң калдым.Депутаттар бир жактуу талкуу жүргүзүшкөнү түшүнүксүз.
Кыргызстандын жери, Тажикстанга өткөрүп берүү жөнүндө ратификация болгон мыйзамдуу келишим жок болгондон кийин,
Протокол боюнча Кыргыз территориясына киргенге мүмкүн эмес-деп, чек арачылар, укук коргоо органдары ,архитектура ж.б. органдар тыюу салыш керек эле.
Ошондуктан коомчулукту, Баткендиктерди адаштырбай,Өкмөт тарабынан элге туура түшүндүрмө берүүсү абзел.
Эмнеге үн катышпайт?
Же ашыкча чыры чуу кимдир бирөөлөргө керекби?
Жылан чагып жатса да таш алып берип койгонго жарабаган заманга калдыкпы?
ТАҢ КАЛЫШТУУ??????…..

KG KG
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс