Пятница , 19-Апрель 2019
Башкы бет / Досье / ЭЛДИН ЭСИН ООДАРГАН «ЭЛИМ БАРСЫӉБЫ?!» ФОНДУ

ЭЛДИН ЭСИН ООДАРГАН «ЭЛИМ БАРСЫӉБЫ?!» ФОНДУ

Дүйнө жүзүндө кайрымдуулук деген атка жамынып алып жемкорлук иштерди, финансылык кылмыштарды жасаган уюмдар арбын. Биз сѳз кыла турган Кыргызстандагы “Элим барсыӊбы?!” кайрымдуулук фондунун ишмердигине карата да бир топ шек жараткан сѳздѳр кыргыз коомчулугунда байма-бай айтылып келет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы, Башкы прокуратура, фискалдык органдар сыяктуу атайын мекемелер изилдѳѳ жүргүзүп, текшеришпесе, айтылган сѳз айтылган жерде кала берет. Биз фонддун кайрымдуулук аракеттерине байланышкан ак иштерин адилеттик катары айтып, шек жаратканын да кошо тизмектеп, коомчулуктун назарына коюуну туура кѳрдүк.

Бул уюмга мурдагы жемкорлошкон бийлик жетекчилери менен байланышы бар, Түркияда террордук уюм деп табылып, биздин ѳлкѳ жетекчилери тарабынан кѳӊүл кош мамиле жасалып келе жаткан чуулгандуу Гүлен тобунун Кыргызстандагы “куйруктары” менен тыгыз ѳнѳктѳш деген айыптар коюлуп келет. Буга чейин кыргыз маалымат каражаттарында Гүлен тобуна тиешелүү делип жүргѳн бир топ ири ишкана жана уюмдардын бул фонд менен ѳнѳктѳш, демѳѳрчү катары алакасы бар. Бул сѳздѳрдүн канчалык чындык, канчалык шек жарата тургандыгы боюнча ѳзүӊүз калыс жыйынтык чыгарыӊыз! Биз далилдерди келтирели:

Фонд менен ѳнѳктѳш ишканалардын саны – 52. Алардын ирилери:

1) Ири соода борборлор: “Аю гранд комфорт”, “Дордой Плаза”, “Азия Молл”, “Фрунзе” ж.б.

2) Компаниялар: “О!”, “Билайн”, “Айнекстан”, “Шоро”, “Тойбосс”, “Адвер Групп” ж.б.

3) Курулуш фирмалары: Уран бетон”, “Азия бетон”, “Ак шагыл”, “Эталон курулуш”, “Береке Констракшн”, “Про Групп”, “Борсан” ЭАКК, “KG Group” ж.б.

4) Банктар: “Дос-Кредо” банк, “Чан Танг” инвестбанкы, “Оптима” банк, “Бай-Түшүм” банкы, БТА.

5) Окуу жайлар: «Ала-Тоо» эл аралык университети, «Силк Роуд» эл аралык мектеби, “Сапат” мектептери ж.б.

6) Тѳлѳм терминалдары: “Киви”, “Мобильник”, “Умай кошелёк” ж.б.

7) Ар түрдүү ишканалар: “Ожак кебаб”, “Карпет KG”, “Зебержет”, “Билал Кидсс”, “Папа Джонс” ж.б.

Ѳнѳктѳш уюмдардын саны – 8. Ирилери:

1) ЖИА, 2) “Эл аралык ишкерлер кеӊеши”, 3) “Тайм ту Хелл” Эл аралык уюму, 4) “Бизнесс Аппс”, 5) “Асмер Групп” ж.б.

Медиа кызматташтардын саны –  28. Ирилери:

1) ТВ компаниялар: КТРК, “Санат”, НТС, “Апрель”, “Аян”, ВВС, “NEW ТВ”, “24 ТВ” ж.б.

2) Радио компаниялар: “Марал ФМ”, “Биринчи радио”, “Миӊ Кыял ФМ”, “Азаттык” ж.б.

3) Басылмалар: “Заман Кыргызстан”, “Супер KG”, “Шоокум” журналы, “Дилазык” ж.б.

4) Медиа агенттиктер: “Элес пияр” агенттиги, “Промо медиа”, “Намба медиа”, “Кабар” ж.б.

Булардан сырткары косметика, кийим, килем саткан дүкѳндѳр, басмаканалар, ломбарддар ѳнѳктѳштѳрдүн тизмесинде. “Гүлен тобуна” тиешелүү деп саналган шектүү түрк ишканалары, алардын капиталын пайдаланып байыган кыргыз ишканалары да бул катарда. Эгерде абай салып байкай турган болсок, жогорудагы ишканалардын айрымдары ЖИАнын да, “Эл аралык ишкерлер кеӊешинин” да, ошол эле кезде “Элим барсыӊбы?!” фондунун да өнөктөшү болуп жүрөт. “24 ТВ”, “Марал ФМ” сыяктуу ЖМКлардагы жарнамалык роликтер, ушул эле жогорудагы ишканалардын жарнамалары экендигин байкоого болот. Булардын кайрымдуулук, коомдук  прогрессивдүү фонддордо, бизнес ассоциацияларда, уюмдарда, өздөрүнө тиешелүү деп саналган ЖМКларда уюмдашып иш алпарып жаткандыгынын себеби эмнеде? Балким экилик бухгалтерия жүргүзүү, көмүскө финансылык иштери болушу мүмкүнбү?

Фонддун тарыхы

Бул фонддун жетекчиси Хабиб деген ат менен белгилүү болгон жигиттин толук аты-жөнү – Арзыкулов Хабибилла Кадыралиевич, 1985-жылы туулган. Кадамжайдагы “Семетей” кыргыз-түрк лицейинде (Гүлен тобуна тишелүү “Себат” мектептерине кирет) окуп, 2008-жылы КУУнун юрфагын аяктаган соӊ ЖИАга, андан кийин ЖИА түптөгөн ушул фондго жумушка орношот. Чү дегенде эле ити чөп жеп, директор болуп, социалдык тармактарды колдонуучулар атагандай чет өлкөдөн бери болбогон “саякатчы бакага” айланып чыга келет. Кайсыл каражатка чет өлкөлөп жүргөнү коомчулуктун кызыгуусун арттырган. Европанын 9 өлкөсүнө, Аравия, Казакстан, Корея ж.б. чет жактарга, АКШнын 8 штатынын ири шаарларына бир нече жолу “Кайрымдуулук сапары” аркылуу барып, ал жактагы жердештерибизден (“Себаттын” бүтүрүүчүлөрү чет өлкөлөрдө бири-бири менен тыгыз байланышып турат) туруктуу демөөчүлүк көрсөтүү боюнча келишим түзүп келет. Хабиб мырза ЖМКга берген айрым маалыматтарында “Элим барсыӊбы?!” фондун ЖИА негиздеген десе, дагы бир жерде өзү түзгөн фонд катары көрсөтүлгөн. Анын көзгө илинген иштеринин бири Нарбото базарында, дагы бир Гүлен тобуна тиешелүү деп айтылып жүргөн “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду менен бирге 500 бодо мал союу акциясын Курбан айт майрамынын урматына уюштургандыгы менен эсте калды (barakelde.turmush.kg. 09.09.2016). Хабиб мырза учурда Англияга окууга кеткен.

Кызык жери, 2017-жылы 30-июнда “Элим барсыӊбы?!” кайрымдуулк фонду ЖИА негиздеген фонд эмей эле, менчик фонд болуп кайрадан каттоодон өтөт. Ошол эле кезде коммерциялык иш жүргүзбөсө да ЖИАнын мүчөсү болуп калат (jia.kg). Фонддун 10 жылдык отчётунда болсо негиздөөчү (учредитель) – Матыев Нурланбек Сагыналиевич экендиги көрсөтүлгөн. Эң кызыгы, Нурлан мырза КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын экс-стас-катчысынын м.а. болуп иштеген. Эмне себептен ЖИАга мүчө болгон, бирок килтейген салыктардан бошотулган бул фондду кайра эле салыкчы негиздеп калды экен? Мындайча айтканда фонддун неиздөөчүсү жөн жай киши эмес. Мурда мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген кишинин бул шектүү фонддун негиздөөчүсү болгондугу таӊ калтырбай койбойт. Ошол эле кезде фонддун 2016-жылдагы Түркиядагы төӊкөрүш аракеттеринен соӊ, 2017-жылы кайрадан катоодон өткөндүгүнүн өзү чоӊ суроо жаратат.

Ал эми “Элим барсыӊбы?!” фондунун ревизиялык комиссиясынын мүчөсү Базарбаев Жылдызбек Төлөнбаевич ошол эле кезде ЖИАнын да ревизиялык комиссиясынын мүчөсү. Фондго жаӊы директор болуп келген Айдар Кубанычбековду массалык маалымат каражаттары мурда ЖИАда иштеп келген деп жазган менен ал учурда да ал жакта иштеп жатат. Ал эки ири бөлүмдүн координатору. Ошентип канчалык коомчулуктун башын айлантууга аракет жасашканы менен булардын ички органдары, “өпкө-боору” бир экендиги ачык байкалууда.

Фонддун финансылык отчётторун маалымат каражаттарынын беттеринен табуу кыйынга турат. Анча мынча колго илингендери “Мээримдүү тыйын” акциясына 3 жылда 250 миӊ сом чогултулду, 2014-2018-жылдарда 400дөн ашуун ишкерден 15 424 943 сом топтолду, Улан Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө 10 миӊ доллар берилди, Дача Су кырсыгына 2 миллион сом топтолду деген гана үзүк-үзүк маалыматтардын болушу фонддун финансылык иштеринде мандем бар экендигинен кабар берет. Эгерде бул фонд гүленчилердин ишканалары менен тыгыз байланышы болбогондо, башка фонддор сыяктуу эле финансылык отчётторун, топтогон жана тараткан каражаттарын ачык жана толук жарыяламак.

Фонд боюнча айрым маселелер

Албетте, “Элим барсыңбы?!” фонду элге жасаган кайрымдуулук иштерин бетке тутунуп актанышы мүмкүн. Кайрымдуулугуңарга ыракмат! Бирок, фонддун иш-аракетиндеги айрым шек жараткан маселелер жөнүндө айта кетпесек болбос.

1-маселе. «Адвер Групптун» жарнамалык шиттеринде чуулгандуу – «Кайран элим кайда баратабыз?» баннерлери илинген. Аны президент А. Атамбаев баш болгон, ЖИ «Коӊурбаева», «Кыргызстан Патриоттору» фондунун ѳкүлдѳрү, «Ыйман» дийний маданиятты ѳнүктүрүү фонду буюрутма берген деген талкуулар жүргөн. Убагында бул чуулгандуу баннерлерге буюртма бергендердин арасында “Элим барсынбы?!” кайрымдуулук фонду да бар деген пикирлер айтылган. Кайрымдуулук фонд деген атка ээ болгондон кийин, анан да Курбан айтта эт таратып, Орозо күндөрү ооз ачырып соопчулук иш жасап жүргөн соӊ, диндарлардын кийим-кечесине асылбай эле коюшса жакшы болмок.

2-маселе.  «KG Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов маркум журналист Улан Эгизбаевдин үй-бүлѳсүнѳ 3 бѳлмѳлүү батир белек кылгандыгы үчүн «Элим барсыӊбы?!» фонду тарабынан жылдын мыкты меценаты тандосуна добушка коюлат. Фонддун ѳкүлдѳрү добуш берүүдөн мурда Ташовдон фондго “салым” кошуу талабы менен кайрылышкан. И. Ташов макул болбой койгон соң добуш берүү теӊирден-тескери жакка бурулуп, фондго демөөрчүлүк жардам кѳрсѳтүп жүргѳн «Бай Түшүмдүн» жетекчиси Бабур Тѳлбаев жеӊип чыгат. «KG Групп» жетекчиси бул жерде кыӊыр иштер болуп кеткендигин айтып, фонддун ишмердүүлүгү «таза эмес» экендигинен күмөн санагандыгын билдирет. Ал эми фонд болсо акча талап кылбагандыгын айтып, бирок, И. Ташовдон демөөрчү болууну ѳтүнгѳнүн жашырышпайт (kabarlar.kg).

3-маселе. Фонд жыл сайын кедей-кембагалга таратуу үчүн чет ѳлкѳдѳн колдонулган кийимдерди алдырат. Бирок ошол эле фонддун жетекчиси Хабиб мырза «Азаттыкка» эски киймидерди сатуудан айрым ишкерлер 300 миӊ $ пайда табышаарын айтып берген. Кайрымдуулукка делген акчанын бул бизнеске жумшалуусу шариаткы туура келеби?

4-маселе. Акча топтоо үчүн тѳлѳм терминалдарды, электрондук капчык, чогултуу номери, акча топтоо кутучалары, банк эсптери жб. ачылган. КР боюнча 735 акча топтоо кутучасы бар. Бирок түшкөн каражаттардын суммасын жана анын кайда жумшалганын ушул мезгилге чейин  так көрсөтүп бере элек.

5-маселе. Фонддун финансылык ишмердүүлүгүнө “Interfinance” ЖЧКсы көз карандысыз аудит жүргүзүп, кынтык “тапкан эмес”. Албетте, кеӊсеси Бишкекте жайгашкан аудит мекемесинин жыйынтыгын ушундай таризде күтсө болот. Он жылдыкка арналган журналдагы отчётто цифралар көрсөтүлгөн эмес. Киреше менен чыгаша так жазылбаган аудиттик отчетко кантип ишенсе болот?

6-маселе. Фондко жылдын мыктысы сыяктуу номинацияларды ыйгарган мекемелер “Марал FМ” «Сорос» фонду экенин да эске сала кетели. “Марал FM” «гюленизмди» жайган ЖМК экендиги маалым. Ал эми “Соростун” постсоветтик өлкөлөрдө кандай иштерди жасагандыгы, чалгынчылыкка байланышкан жагдайлары тууралуу баарыбызга маалым.

 

Фонддун 10 жылда жасаган иштеринен учкай (elimbar.kg):

1) Элден акча, кийим-кече, тамак-аш ж.б. чогултат, муктаждарга таратат.

2) «Азра жемиштери» берген карлик кѳчѳттѳрдү соцобъектилердин аймагына отургузат.

3) Балдар күнүнѳ карата балмуздак тараткан иш-чарларды уюштурат.

4) Жайында 100дөн 200гө чейин баланы Ысык-Кѳлгѳ эс алдырууга алпарат.

5) Ооз ачар, Курман Айтта кайрымдуулук тамак-ашын таратат.

6) Бир кой союп, этин 5 кишиге соопчулукка таратып берет.

7) Майыптарга, чет ѳлкѳдѳн операция жасаткандарга акчалай жардам кѳрсѳтөт.

Мындан сырткары фонд акысыз иштеген ыктыярчыларды жумушка тартып келет. Демөөчүлөр Кыргызстандагы окуучулардын окуусуна материалдык көмөк көрсөтүшөт.

 

Фонд боюнча социалдык тармактардагы талкуулардан (kabarlar.org):

1) Орозбек Муратов: ““Элим барсыңбы?!” фонду афёра. Жакында көп нерселер ачыкка чыгат”.

2) Элмира Канымкулова: “Бул фонд аркылуу оӊой эмес арам акчалар кирет экен Кыргызстанга. Ошол жагын текшериш керек”.

3) Бакыт: “Кайрымдуулук фонд эмес эле шоу бизнес болуп кетти го… Ошентип пияр кылбай эле койсунчу”.

 

Ойлон элим!

Ошентип “Элим барсыңбы?!” кайрымдуулук фондунун ишкердигинин күнгөй-тескейин чагылдырууга аракет жасадык. Анын Кыргызстандагы өнөктөштөрүнүн басымдуу бөлүгү Гүлен тобуна тиешелүү экендигин өзүңүз аңдап билиңиз!

АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүлендин байлыгы 50 миллирад доллардан ашуун. Гүлен капиталынын түгөнбөгөн башаты АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) сыяктуу чет өлкөлүк мекемелерге барып такалары айтылып келет.  Ал эми дүйнөнүн ар кайсыл бурчундагы Гүлен жамаатына тиешелүү, бири-бири менен тыгыз ымалалашкан уюм, ишкана, фонд жана бирикмелердин капиталына чек жок. Гүленчи тобу бул жабык уюм. Гүлендин экстремисттик идеясын колдо да, жамаатташтардан каалаганча акча алып, ишкердигиңди баштап, байып жата бер! Кызмат көксөгөндөргө карьера курууга – көмөк, окугандарга – билим, чет жакка барып окуп, иштөөнү каалагандарга – жардамды кош колдоп көрсөтүшөт. Анткени өз кишилер ар кайсыл жерде, ар кайсыл тармактарда керек. Гүленчилер Кыргызстанда гүлдөп өсүп жатат, алардын тарапташтарын Ак үйдөгү бийлик бутактарынан тартып, дин чөйрөсү, медиа айдыңдарда, бизнес ишканаларда, эл аралык компанияларда, финансылык уюмдарда кездештирсе болот. Гүлен идеясынын туу чокусу ушундай, – алга жыл, байы, билимдүү бол, жамаатташ, убакытты күт, даяр бол… Кыскасы “Барса келгис үңкүр” деген жомокко окшош.

 

А. Саматов.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс