Пятница , 19-Апрель 2019
Башкы бет / Дүйнө / АКШ Косоводогу FETÖ мүчөлөрүн Түркияга берүүгө каршы чыгууда

АКШ Косоводогу FETÖ мүчөлөрүн Түркияга берүүгө каршы чыгууда

АКШнын  Приштинадагы элчилиги Гүлен тарапкерлерин экстрадициялоого каршы чыкты.

Түркиянын ТИМи АКШнын Приштинадагы элчилигинин дипломатиялык ведомство террордук кыймыл болуп саналган Фетхуллах Гүлендин (FETO) Косоводо жашынып жүргөн тарапкерлерин Түркияга экстрадициялоого каршы чакырыгын сынга алды.

Түркия ТИМнин өкүлү Хами Аксойдун билдирүүсүндө Анкара Косовону аталган топко каршы иш жүргүзгөн балкандык өлкөлөрдөн үлгү алууга чакыргандыгы белгиленген. «Биз башка да өнөктөштөрүбүз менен союздаштарыбызды FETOго каршы жүргүзүлүп жаткан чараларга тоскоолдук кылбастан,  акыл-эстүү мамиле жасоого чакырабыз»,- деди Аксой сөзүнүн арасында.

Дипломаттын айтуусунда, Түркия менен бир катар өлкөлөрдүн  FETÖнун чет өлкөлүк уюмдары менен күрөшүү боюнча кызматташтыгы бир топ натыйжаларды берүүдө. «Бул уюм бир гана Түркиянын коопсуздугуна эмес, алар ишмердүүлүгүн жүргүзгөн өлкөлөр үчүн да коркунуч жарата тургандыгын түшүнүп жатышат», – деди ал.

Аксой Ислам кызматташтык уюму (ИКУ) жана Пакистан FETÖну террордук уюмдардын тизмесине киргизгендигин эске салды.

Мындан мурда АКШнын  Приштинадагы элчилиги Косоводо жашынып жүргөн FETÖнун алты тарапкерин экстрадициялоого каршы чыккан.  Америкалык дипмиссия бул маселеге байланыштуу «Косовонун саясатчылары менен чалгын кызматчыларына кысым жасоону токтотууга» чакырган.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс