Понедельник , 27-Май 2019
Башкы бет / Аналитика / 1 ч. · Жогорку Кеңешти камсыздоого 2019-жылы 786,6 млн. сом акчаны сартпоо пландаштырылган.

1 ч. · Жогорку Кеңешти камсыздоого 2019-жылы 786,6 млн. сом акчаны сартпоо пландаштырылган.

Аны 120 бөлө турган болсок, анда ар бир депутатты “багууга” кыргызстандыктардын чөнтөгүнөн жылына 6,5 млн. керектелет экен. Бул жөн гана факт. Бул сумманын тегерегинде көп кеп кылсак болот. Ошончо акча жумшап мындай парламенттин кереги барбы деген маселенин үстүнөн ой толгосок, анда эл өкүлдөрү боюнча толгон негатив топтосок болот. Бирок мен бул оюмду андай максат менен жазган жокмун. Балык депутаттарды аныктап, алардын атын атоо да менин максатым эмес. Бул акчага мамлекет канча социалдык маселелерди чечип алса болмок деп да маселе койгон жокмун.

Ошол эле учурда кээ бир депутаттардын ишмердүүлүгү, тактап айтканда ишмердүүлүгүнүн жоктугу жөнүндө айткым келет. Медаль сыяктуу эле бул маселенин эки жагы бар. Бир жагынан кейиштүү, боор ооруй турган жагы, экинчиси мыйзамдуу жагы. Эми табышмактатпай депутаттын атын атай берейин. Жогорку Кеңеште ант бергенге эле келип, андан сырткары жумушка бир да келбеген депутат бар десе ишенесиңерби? Бар экен. Эсиңерде болсо, өткөн жылдын биринчи күндөрү жүрөк оорусунан каза тапкан Жыргалбек Калмаматовдун ордуна “НИМ компани” ЖЧКнын жетекчиси Насыр Мусаев деген талапкер тизме боюнча кезектеги мандатын алган. Анын берилген анты шектүү болуп, кээ бир ЖМКлар ал антын өзү окубай, фонограмма менен берилди деген божомолдорун да жазып, ал тургай ресуртарына видео да коюшкан. Кыймылдоого жөндөмү жок Насыр Мусаевди отурган арабасы менен ант берүүгө келип кеткен боюнча көргөн киши жок. Ал бир дагы сессияга катышкан эмес. Бул жөн гана факт. Жана бул факт боюнча депутаттардын ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзам жана нормативдик актылардын жоболорунун баары бузулган жокпу деген суроо туулат. Ошол эле бул жагдайдын артында адамдын оорусу турат. Андыктан бул адамдын дарегине катуу сөз айткан да болбойт. Оору кимдин болсо да башына келет. Оорудан Кудай сактасын. Ооруганыбыз айыгып кетсин деп тилейбиз. Мыйзамдарда да тилек кылып, ден соолугуна байланыштуу 120 күн жумушка келбеген учурда гана атайын медициналык эксперттик комиссия анын ишке жарамсыздыгы боюнча тиешелүү корутунду чыгарып бериши керек. Комиссия андай чечим чыгарбаса, анда ал адам ишке жарамдуу болуп эсептелет жана жумушка чыгууга милдеттүү. Бирок биздин ЖКнын депутаттарынын ишмердүүлүгү боюнча да Регламентте алардын иштөө нормалары такталган. Ага ылайык, бир сессиянын ичинде 30 же андан көп ирээт жүйөөлүү себептерсиз жыйналыштарга катышпаган депутат мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратылат.

Бул мыйзамдуу жагы. Эми кайрадан фактыга кайрылалы. Аты аталган эл өкүлү апрель, май жана июнь айлары боюнча ден соолугу тууралуу справканы аппараттын кадрлар бөлүмунө өткөрүп бериптир деген маалымат бар. Ошол медициналык справкаларда көрсөтүлгөндөй ал Москвадагы клиникалардын биринде дарыланып жүрүптүр. Ырас, буга чейин Жогорку Кеңештин бул маселени көзөмөлдөөчү атайын комитети, Борбордук шайлоо комиссиясы бул адамдын айыгып кетишине ишенип, күтүп жүруштү дейли. Биз деле ар бир адамдын айыгып кетишине ишенип үмүт кылабыз. Бирок андай үмүт үчүн мыйзамда да мөөнөттөр так каралган. Бирок каралган мөөнөттөрдүн чегинен эчак эле чыгып кетпедиби? Мага белгилүү болгон маалыматтарга ылайык Насыр Мусаев өткөн жылдын апрелинде 5, майда 7, июнда 8 күн пленардык отурумдарга келген эмес. Бирок 20 күндүн ордуна 16 күнгө медициналык справка тапшырган. Ага чейинкиси январь, февраль, март айлары кандай болгонун билбейм, бирок андан кйинкиси да кызыктуу. Июль жана август айлары депутаттар каникулга чыгышаарын баарыбыз билебиз. Бир айда депутаттар эс алса, экинчи айда алар шайлоочулар менен жолугушуп иш алып барышы керек. Аталган депутаттын жергиликтүү шайлоочулардын арасында кадыр-баркы өтө жогору деп угабыз. Андыктан алар менен жолугушуу өткөрбөй эле, жанындагы адамдар иш алып бара бергенге толук мүмкүнчүлүк бар окшойт. Анын ресурстары эбегейсиз зор болсо керек. Бирок сентябрдан тартып депутат Жогорку Кеңеште болуш керек эле. Тилекке каршы ал ден соолугун чыңдай албаган көрүнөт. Анткени кайрадан былтыркы жылдын сентябрында – 5, октябрда – 9, ноябрда – 7, декабрда – 8 жолу пленардык отурумдарга катышкан эмес. Ал эми ушул жылдын январь айында 6 отурумга келбеген болсо, 14-февралга 4 жолу пленаркага катышкан эмес. Ошентип биринчи сессиянын мөөнөтүндө 20 күндүк отурумга келбей, 16 күнгө справка тапшырса, экинчи сессияда 39 күн отурумга келбеген Насыр Мусаев убагында эч кандай медициналык справка тапшырбаптыр. Жанындагы мамлекеттен айлык алып жаткан жардамчылары депутаттын айлыгына деле ай сайын Москвага учуп барып справкаларды тапшырып турса болот эле. Бирок бул жагынан да мыйзам бузулга сыяктуу.

Бул жагдай күбүр-шыбыр ачыкка чыгып калган. Жакында көк бөрү боюнча журналисттердин астына актанып чыккан мурунку “Кыргызстан” партиясынын фракция лидери Канат Исаевге маалымат жыйыны учурунда анын кесиптеши тууралуу берилген суроо күтүүсүз болгон окшойт. Ал 20дай отурумга келбесе керек деп карандай калп айтып кутулуп кетти. Анын сөзүнөн бул жагдайды коом астында ким жаап-жашырып келгени айдан ачык билинип калды. Баса бул адам лидер болуп турган учурунда “Кыргызстан” партиясынын бир нече депутаттарын, атын атасак, Чолпон Эсенаманованы, Эльмира Джумалиеваны жана Урмат Ишенбековду чыркыратып туруп эле мандатка жолотпой койгонун баарыбыз унута элекпиз. Алар арыз жазган эмеспиз деп чыркыраса болбой эле, аларсыз фракциянын чеимин чыгарып, эшикке чыгарып койгон. Көрсө ЖМКларга мен “мошенник” эмесмин деген лидер талапкерлерден алдын ала арыз алып койгон деген да кептер чыккан.

Болуптур. Алар менен болгону болуптур, боёгу каныптыр. Эми эмне болуп жатат? Эмне үчүн күүлү-күчтүү адамдар куулган партияда минтип жалпы жарандарга тиешелүү болгон мыйзамдар да, Жогорку Кеңештин регламенти да бузулганы шек жаратып жатат? Кандайча салык төлөөчүлөрдүн каражатына камсыздалган Жогорку Кеңеште мындай көрүнүштөр болуп жатат? Айтмакчы, Насыр Мусаев элге окшоп айлыктан айлыкка жашаган деле адам эмес экен. Жашаган жеринде деле калктын кадыр-баркына жеткен адам дешет. Ал үчүн депутаттык мандаттын мааниси деле жок окшойт. Анда бул сырдуу жагдайды жаап-жашырып отургандар кимдер? Элдин эмгегин, анын ырыскысын ким каалагандай калчап башкарып жатат?

Баса, дагы бир табышмактуу жагдай бар. Ушул эле партиянын тизмесинде 64 деген номер менен Мусаева Рахима Насыровна деген талапкер катталган. Ал ким? Бир тууган кызы эмеспи? Эми партиялардын тизмелери кантип түзүлгөнүн баарыбыз эле билебиз. Капчыктуу адамдарсыз иштер жылбайт. Балким табышмактын учугу ошол жакта болуп жүрбөсүн? Кандай болсо да Жогорку Кеңешти ушундай абалга жеткирип, базардын деңгээлине чейин басмырлаган болбойт го…

Суроо ачык. Журналист кесиптештер бул маселеге олуттуу карап, партиянын “кылыктарын” ачыкка чыгарып, мыйзам чегинде иштөөгө чакырыш керек деп эсептейм. Партиянын талапкерлер тизмесинде элге-жерге жараган мыйзамдарды жаратуучу атуулдар болсо керек. Андан көрө ошолордун күчүн алыш керек деген ойдомун. Ал эми Насыр Мусаевге чың ден соолук каалайлы.

Силер кандай деп ойлойсуңар, достор?

Джумабаев Авланбек

(макала автордун ФБдагы барагынан алынды).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс