Вторник , 23-Июль 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Шермендечиликке жол жок! Майрам күнү маанайды айныткан жүрүш.

Шермендечиликке жол жок! Майрам күнү маанайды айныткан жүрүш.

Сарасеп салсак айланабызда эмне эле болуп жатат ыя? Майрамды шылтоо кылып,аялдарга күйумуш болуп батышчылдар кайрадан баш көтөрдү.Артында айтылуу апчем Роза Отунбаеванын карааны көрүнгөнсүйт. Акчасын алып атышкан сон, ачык жузүн көрсөтүп, ТВсы менен кошо кызмат кылып Равшан Жээнбеков, эзели тынбаган эски НПОчу Эдил Байсалов, укуруктун узунун кармаган укук коргоочу Рита Карасартовалардын жүрушкө көрк берип, топтогон азбы- көпбу абройлорун төгүп жургөндөрүнө жол болсун!

Кыргыздын коом түзүлуш эрежеси арамза бөөш адам укугуна эмес, андан алда канча бийик жолу улуулук эрежесине, салттуулукка негизделет. Үй бүлө-кичи мамлекет. Инсанат – үй-бүлөдөн башат алып, коомго мүчө болот. Үй-бүлө жана мамлекет адамдын инсан болуп калыптанышын камсыздайт. Үй-бүлөлүк ички эреже тартип боюнча ата-эне-баланын өз ордулары так аныкталган. Ата-үйдүн ээси, Эне-үйдүн куту, коломтосу, бала ортосундагы шам чырак.
Бизде аялзаты үчүн “чай куйбайм”, “төрөбөйм”, “өзүмдү өзүм билем..” ж.б былжырак сөздөрдү жетесиздик катары кабыл алат. Ооба, бизде ушул тапта ондой турган ого эле көп иштер бар.Бирок кечээки журуштүн идеясы ондоого эмес, бузууга, бүлүндүрүгө жол ачат.Түпку улуттун баалуулуктарына негизделген бирдиктүү идеологиялык багытты аныктабасак, ичтен-сырттан ириткен күчтөр билгенини жасай берет. “Жаман үйдүн коногу бийлейт” болбой өз келечегибиз учүн улуттук биримдикке келели! Кечээ жакында “Кыргыз чоролору” ак калпак күнү жүрүш жасашканда тоскоолдуктар болот да, буларды эмнеге тайраңдатканга жол бердик дейм да…?!

Кадыр Кошалиев

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс