Понедельник , 27-Май 2019
Башкы бет / Аналитика / БАННЕР-ГЕЙТ

БАННЕР-ГЕЙТ

Коомду бир жумадан бери удургутуп жаткан баннер чатагы биздин туруксуз идеологиябыздын бир мөмөсү болуптур. Куну бир тайга барабар баннерлердин бир түндө эле Бишкектин көчөлөрүнө жайнап илине калышы жарнама, саясий пиар тармагында дээрлик 20 жылдан бери тирилик кылып келе жаткан мен үчүн чоң саясий оюндун желаргысы катары сезилген. Бирок анализдеп көрсөм бир акция эле болгон сыяктанат.
Баннер чатагынын жандырмагы Германия канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга келишинде окшойт. Аскар Акаев чыйыр салып кеткен демократиялык баалуулуктардан Кыргызстан канчалык четтеп, мезгил-мезгили менен автократия, тоталитаризм оорулары менен эпкиндеп турганына карабастан, биздин өлкө “Матушка Европа” үчүн демократия аралчасы катары кала берүүдө. Демократиянын аталары үчүн деспоттук-тоталитардык кошуна “стандардын” арасында Кыргызстан тим эле сүймөнчүк баладай. Мунун өзү Кыргызстан үчүн дагы көз күйгүзгөн сонун-сонун гранттарга, жардамдарга өбөлгө болуп берчү оокат.
Ошол кооз картинаны Кыргызстандагы адам укугунун айрым маселелери жана ислам фактору гана бузуп турган. Азимжан Аскаровдун тегерегиндеги ызы-чуу камырга ачыткыны ашыкча кошуп жибергендей эле жасалма окуя. Меркель кеткенден кийин акырындап унуткарылат.
Баннер чатагы деле ошол. Укмуш демократия куруп жатабыз деп көкүрөк каккылаган демди Кыргызстанда мечиттердин санынын дүркүрөп өсүүсү, ага карабай жума намазга келген элдердин тирелип мечиттерге батпай туруусу, хиджапчан аялзатынын күн санап көбөйүп баратышы басып турган. Дүйнөдөгү эң чоң донор мамлекеттердин бирининин Өкмөт башчысы улук башын кичик кылып Кыргызстанга келе жаткандан кийин ошол ислам факторунун таасирин азайтып көрсөтүү, биз өз улуттук баалуулуктарыбызды туу тутуп келе жатабыз деген маанини билдирүү үчүн ушул баннерлер ойлонуп табылган сыяктуу.
Президенттин акыл кошчулары артык кылам деп тыртык кылып ала жаздашты.
Европада, тескерисинче, исламга болгон кызыгуу күн санап өсүп, Ангела Меркелдин улутташтары топ-тобу менен ислам динине өтүп жатканынан кабары жок окшойт биздин идеологдордун. Европанын архитектуралык керемет чиркөөлөрү прихожандардан куржалак калып, музей катары гана кызмат кылып, айрым шаарларда болсо чиркөөлөргө кадам таштаган бир пенде жок, өндүрүш ишканалары, маданият үйлөрү ж.б. ижарага берилип жатканынан биздикилер кабары жок сыяктуу. Биздин идеологдор өз элибизге жана Европа элине мокочо кылып көргөзгүсү келген ислам Европада өзүнүн билинер-билинбес кайра жаралуусун баштан кечирип жатканын билишпейт окшойт.
Өлкөнүн түбү тешик бюджетине жамаачы болчу грант же кредит көтөрүнүп келчү бир аял үчүн бийликтин акыл кошчулары бүтүндөй элдин аздектеген ишенимине, баалуулугуна түкүрүп салууга даяр экен.
Германия бизден үйрөнчү нерсе аз эмес. Гомосексуал, лесбиянка, бигендер, интерсексуал, асексуал, транссексуал, феминист, кызын аялдыкка алуу, атасына күйөөгө тийүү, итине үйлөнүү, атына турмушка чыгуу ж.б. адамдык табияттан тыш тирукмуш балакеттерден сактанууну немистер бизден үйрөнсүн. 20 жылдан бери өлкө калкынын бештен бири талаалап жүрсө да үй-бүлөлөр бузулбай, ата-эне, бала-чака кароосуз калбай, коомдун кантип сакталып турганын бизден үйрөнсүн Европа.
Европа адамча туулуп, адамча жашап, адамча кошулуп, адамча көбөйүп, адамча өлүүнү бизден үйрөнсүн.
Ата баласына, бала атасына, небере чоң ата, чоң энесине айттырбай конокко барса болоорун, кайсы ресторанга кирбесин ар качан эркек аялды конок кылаарын, боюнда бар аялдын, жашы улуу адамдын даражасы ар качан жогору турарын, карыздап болсо да той кылып, конок күтүп, ал үчүн үй-бүлө чарбасын толук талкалап алып деле жашаса болоорун, уул-кызын окутам же үйлөйм деп ата-эне өмүр бою кредит төлөп өмүр кечирсе болоорун, эң акыркы кайырчы өлсө да тууганы чыгып, аздектеп жерге берээрин, бир тууганына, уулуна же кызына денесинин бир бөлүгүн орган катары белек кылып да күн кечирсе боло берерин, чет жерде кара жанын карч уруп иштесе да тишинин кирип соруп жашап, айылдагы ата-энесин, бала-чакасын баккан адам өлүп калбасын Европа бизден үйрөнсүн.
20-кылымда ар кандай саясий себептер менен Кыргызстанга миңдеген немистер көчүрүлүп келгенин билебиз. Алардын чекесине чертпей, төрүбүздөн орун берип, аздектедик. Ортодо адамзат апааты болгон Экинчи Дүйнөлүк согушта ушул немистин огунан канча кыргызстандык ажал тапканын да билебиз. Германия ушул жааттан алып караганда деле бизге карыздар.
Эми ушул бир кредит же грант үчүн биздин ата-бабабыздан келе жаткан динибизди кара көрсөтүп, кокуй, эле, кокуй деп жар салуунун, өлкөбүздө болуп жаткан руханий процесстерди жаап-жашыруунун канчалык кажети бар эле. Бизде Европанын ондогон инстутуттары, коомдук уюмдары иштеп, ар бир кыймыл, ар бир тенденция, ар бир тармак, алтүгүл Балтабай менен Жармагүлдүн кайсы күнү урушуп, кайсы күнү жарашаарынан бери маалыматы бар европалыктардын.
Улуттук иденттүүлүк дейбиз, жалпак тил менен айтканда улуттун улут катары белгиси кайсы дегенде кыргыздын эң оболу мусулман экендигин дүйнө тааныйт.
Ислам бир эле аял, анын кийген хиджабы менен чектелбейт. Ал бүтүндөй дүйнө тааным, жашоо образы. Айрым бир жамааттагы аялдар бетин жапкан никаб кийип алган фактылар бар. Никаб кийүүнү Чубак ажы Жалилов баш болгон, Максат ажы, Шамсуддин ажы, Марс ажы, Сиражидин ажы, Илияс ажы, Абдышүкүр ажы, Кимсанбай ажы, Молдо Надыр ж.б. дээрлик бардык төбөсү көрүнгөн аалымдарыбыз колдоого алган эмес. Алтүгүл Чубак ажы никабчан аялдарга өтө катуу, орой айтканын өз көзүм менен көргөнмүн. Эми ушул миңден бир пайызды түзгөн аялдар үчүн бүтүндөй исламды мокочо көрсөтүү канчалык туура.
1-2 миллиардды бөктөрүнүп, Саудия королу же Эмираттардын эмири келип калса, анда хиджапчан кыздардын сүрөтүн жайнатып илип чыгабызбы?
Же 5 млрд. доллар көтөрүнүп Обама келип калса, джинсычан, мини-юбкачан кыздарыбызды фотосессия кылып, илип чыгабызбы баннерлерге.
Дал ушул баннерлерди илүү менен Президенттин акыл кошчулары тарыхый маанилүү иш сапардын барк-баасын түшүрүштү. Ангела Меркель менен жолугушууда жетишилген ийгиликтер көз жаздымда калды. Германиядан тажрыйба алмашуу, студенттерди акысыз окутуу ж.б. толтура кызыктуу долбоорлор боюнча маалыматтарга көңүл бурулбай калды.
Намыска ууккан мусулман үммөтү немис лидери менен эмне маселе сүйлөшүлгөнүнө деле маани бербеди. Президенттин ырчы катары электорат алдында, айрыкча ырды сүйгөн аялзатынын алдында жыйган урмат-сыйын баннер-гейт чатагы басаңдатып койгонсуду.
Бара-бара баннер чатагы унутулат. Чөп-чар жапканга сонун оокат экен деп баннерлерди аңдып турган дыйкандардын тилеги ишке ашат. Бирок коомдогу бөлүнүп-жарылуу, өйдө-төмөн айтышуулардын жарааты айыгаар бекен?..

Нургазы Мусаев

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс