Понедельник , 27-Май 2019
Башкы бет / Аналитика / Кеп партияда эмес, Атамбаевдеби?

Кеп партияда эмес, Атамбаевдеби?

Күчкө салбай, кепке салалы

Партиянын жашоосу да кудум адамдыкына түспөлдөш экени белгилүү болуп калды. Анткени партияны калыптоочу, шөкөттөп шайлоолорго катыштыра турган адам, болгондо да лидер экени талашсыз. Кезинде “Алга Кыргызстан” партиясы жасанып, түзөнүп чыга калып, 2005-жылы шайлоодон утуп чыкканын унута элекпиз. Дөөсү кеткени менен ошондогу “кайбарлар” азыр деле ак үйдүн тепкичтерин басып, эч нерсе болбогондой салабаттуу басып жүрүшөт. Мейли, ал партиянын түбүнө жеттик дегенче болбой эле “Ак жол” партиясы жарк дей түшпөдүбү? Өмүрү аз экен соолуган гүлдөй болуп өчүп калды. Бирок, ушул тапта анын “кыраандары” Улукбек Ормонов баш болуп парламентте кайкайып отурушат го. Ага окшоп убагында “жем” жеп бутуна түшкөндөр кайра оңолуп мандатка ээ болушту. Көрсө дале болсо капчыктууларды бапестөө “салты” өлбөй эле тириле берерин билдик. Бул эми өткөн чак деп койолу.

Бүгүнкү күндөгү партиялардын жашоосу кандай? Буга ар кандай деп жооп берсек бап келет. Маселен, “Республиканын” лөгүӨмүрбек Бабанов жоголор замат ич ара ызылдашуулар болуп кетти. Анын натыйжасында мурдагы лидерге жакындар фракциядан сүрүлүп чыгарылып, азыркы бийликтин камчысын чабууга жан үрөгөндөр лып этип башчылыкка отуруп калышты. Ал эми тактысын мөөнөтүндө тапшырып, партиясын өнтөлөйм деген Алмазбек Атамбаевдин учурдагы абалы кандай деп эсептейсиз? Албетте, кыйын абалга кептелди дешке туура келүүдө. Себеби, мүнөзү оттой чартылдаган, көкүрөгүндөгүнү тайсалдатпай түз айткан, уникалдуу сапаты бар лидердин колундагы партиясын тартып алып, өзүн жоготууга карата чабуулдар күчтөнүп баратат. Болгондо да кезинде кулагынан чойуп кызмат алган, капсалаңдан аман калгандар далыга “бычак” уруудан айбыкпай жатканы эмнени каңкуулайт? Адамдык сапаттын тизеден ылдый түшүп калганынын белгиси эмеспи? Убактылуу баш калкалоого, кызматка баруу үчүн абийирди тебелөөгө бараткандар баарына майлуу токочту жогору кое турганын ошол эле Иса Өмүркулов менен Сагынбек Абдрахмановдор тастыктап салышты.

Негизи КСДП нын башындагылар келерки съезддин 6-апрелге белгилешкени коомчулуктун көңүлүндө. Ажыкыстанып “Атамбаевсиз КСДП” дегенди колдоочулар буга тоскоол болуу ниетинде “белгисиз партиянын” сьезддин 3-апрелге коебуз деп бакырып чыкканы кайсыл “рамкага” шайкеш келет? Же таянган кожосу күчтүү болсо ошентип омуроолой берсе боло береби? Партиянын да өзүнчө жол-жоболору бардыгына бул эрендер маани беришпейби? Минте беришсе партиянын кадыр-баркын кетиришип, рейдерлик аркылуу баарына кол жеткирсе болорун “үтүктөп” бере турган болушпайбы? Макул, күчкө ишенип Атамбаевдин колунан партиясын тартып алды дейли? Андан аркы кадамдарына коомчулуктан не деген жооп болорун булар ойлонуштубу? Ушулардын эрки менен эсептешпей тургандардын кыймыл-аракети эмненин ичинен чыгарып жиберет дегенди терең иликтеше алабы, баскынчылык кылууга баргандар? Айтор, мындай ашепке чечимдин арты кандай болоруна баам салбасак болбостур.

Ошончолук эле бийликти, кызматты жакшы көрүшсө, эрки жетсе партияны талашпай эле экөө кол кармашып бир партияны бекемдеп шайлоого барса ким кой дейт? Жок антүүгө булардын мээси борпоңдук кылат. Ошол мээни туура ишке чегеришсе анда башка кепке дуушар болушмак. Арийне, көз каранды, мажирөө, кашаң адамдарды башкарып алуу иттен оңой. Айдактаган кишинин алдында бөйпөңдөгөн, кээде үрүп койгон, өзүнүн багыты жок, саясатта кашаң адамдардын келечеги күңүрт болорун турмуштан байкаганбыз. Колдо “сасык үпүсү” конуп турганда жылжытма олигархтар, даңгыт бизнесмендер чыга калары маалым. Балким ошолор жагалданып эгерде Атамбаевдин партиясын тартып алсаңар мына биз силерге опол-тоо болуп беребиз, шайлоодо каражат маселесин чечип алга сүрөйбүз дешип дардалаңдашы деле турган иш. Ушинтип жан баккандарга көз каранды болуунун өзү кооптуу. Алар илбирс секирикти жасадык деп кыялданганы менен партиянын омурткасына залал келтиргенин сезишпегени өкүнүчтүү.

КСДП нын сьезди болоруна туура бир ай калды. Бул орчундуу партиялык ишке “Форумда” камылгалар болуп жатат. Тилекке каршы ошол таасирдүү ишке бут тосуулар, капталдан соктурмалар ойт бергени жакшы жышаанды билдирбейт. Үстөккө-босток тепкилөөнү буга чейин эле болоттой эрки менен жеңип келген Алмазбек Шаршеновичтин колдоочулары барган сайын калыңдап баратат. Ал эми курулай шаңданууну, жасалма “сводкаларды” бере салууга маш болгон сабатсыз “увазирлердин” чеңгелинде калуунун өзү опурталдуу. Кырдаалдан пайдаланып, реванш алууга жеңин түрүнгөндөр болсо өзүнүн “стратегиялык пландарын” ишке ашыруунун амалында. Алар өтө эпчилдик менен ак үйдүн тегерегине култуйуп баш багып алышты. “Жер тыңшаар Маамыттар” башкы күчтү ошолорго жумшаса мамлекетти туруктуу кармоого кыйла шарт түзүлмөк. Эмнеси болсо да партияны талашуудан, олдоксондукка жол түптөөдөн, күчкө сала берүүдөн карапайым эл жабыркабаса экен. Өлкөнүн башатында эл турган соң мамлекет башчылары оболу калкына ак кызматын арноосу, калыстык менен башкарууну айкалыштыруусу кажет.

Жора Сулайманов.

“Ачык сөз” гезити, №08 (149) 7-март 2019-жыл.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс