Пятница , 22-Март 2019
Башкы бет / Аналитика / Бишкек качан оңолот?

Бишкек качан оңолот?

Кыргызстан эгемендик алгандан бери борбор калаабыз өркүндөп-өсүп, онолмок тургай теңирден тескери кетип, чо-оң айылга айланды да калды. Союз убагында “Токойдун ичиндеги кереметтүү шаар” атка конгон жашыл калаабыздын миңдеген дарактары кыйылып, эскирип чиригендери шамал болсо кулап, авто унааларды басып калып жатат. Дарак азайды. Жаңы отургузулган көчөттөрдүн бир даанасы 3 миңден 9 миңге чейин сомду чапчып же анысы дурустап жашылдана элек. Шаардын Түштүк жагынын “абасы таза” деп акчалуу көпөстөр, чириген чиновниктер басып алып, кээлери сатып алып, тээ Байтиктин Боз-Бөлтөгүнө чейин шыкап барып хан сарайларды салып жиберишти. Шаарга аба жетпей калды. Суу да жетпей таңкыстыкка айланды. Бишкектин абасын завод-фабрикалар булгабай эле, хан сарайлар булгай баштады.

Кыргызстан Эгемендүү мамлекет болгон соң, анын борбор калаасы жүзү болуп саналат. Тилекке каршы 130 жылдан ашык тарыхы бар шаарыбыз Анкара, Стамбул, Токио, Париж, Берлинди мындай кой, кошуна эле Ташкент, Алматы, Астаналардын алдында “большая деревня” болуп калат. Анткени саналуу гана тарыхый жайларды айтпасак, өзүбүздүн жарандарды коёлу, чет жактан келген туристтер суктанып көрө турган музейлер, кооз жайлар дээрлик жок. Анын ордуна чет элдиктер кир, бомба түшкөндөй аңгыл-дөңгүл жолдор менен бишкектиктердин орой, какырып-түкүргөн маданиятсыз жүрүш-турушуна “таң калышат”. Демейде, “эшигин көрүп, төрүнө өт”,- демекчи, ошол туристтер биздин ажатканалардын абалын көрүп деле ирээнжибей койбойт деп айта албайбыз. Былтыр бир белгилүү эле журналист агай бул маселеге өзгөчө маани берген япондор биздеги ажатканалардын тазалыгы менен тейлөөсүнүн өтө төмөн экендигине күбө болушуп, “экинчи Кыргызстанга келбейбиз…”,- дешкендигин айтып берди эле. Канткен менен бул көйгөй кашкайган чындык.

Ал эми таштандылар күн сайын чыгарылбагандыктан, жайында жыттанып, жолбун иттер менен селсаяктар чукулап, тегерек-четке жайылып кетет. Таштанды демекчи, азыр Орусиянын президенти В. Путин өзү баш болуп, премьер-министри Д. Медведев тикесинен тик туруп, бүтүндөй Орусия мамлекетинин тарыхында алгачкы ирет таштанды маселесин чечип, чечип эле койбостон, газ ала турган, жер семирткич жасаган ишканага айлантып, жүз миңдеген жарандарын жумуш менен камсыз кылып отурат. Бирок бизде Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачууга бөлгөн 18 млн. евро акчанын дайыны жок. Жада калса кагазды, айнек, темирди, тамак-аш калдыктарын өзүнчө таштай турган жашик коюу керектигин ойлонуша элек. Мындан 3-4 жыл мурда, экс-президент А. Атамбаев Кызыл-Кыядагы миллиондогон тонна көмүр кени бар шахтаны өзүнүн чет элдик бир досуна берүү амалында “көмүрдөн газ өндүрөбүз”,- деп адатынча балп эттирип чыкканда дегеле дүйнөлүк практикада көмүрдөн газ өнүрүлөбү же жокпу деген суроого жооп издеп, Улуттук илимдер академиясынын химия институнун окумуштууларына кайрылганыбызда, алар бул жөн гана утопия экендигин айтышып, өздөрү жалбыракты пресстеп, отунга айланткан ойлоп табуучулугу ишке ашпай жаткандыгын айтып кейишти эле. Себеби ошол кездеги Бишкектин мэри аларды кабыл албай, кабылдамадан эле бир нече ирет кайтарыптыр. Көрсө, биздин жалаң кредит, грантка көнүп калган чиновниктерибиз мындай машакаттуу болгон менен эл жана шаарга пайдалуу новаторлукка баш ооруткусу келишпейт экен. Азыркы мэр А. Суракматов кээде гана көчөгө чыгып, шаардыктар менен жолугуп  калгандыгы болбосо, чарбачыл мэр катары өзүн көрсөтө элек.

Шаардын ылдый жагы, капталдарында да абал дурус эмес. “Алыбек алына жараша” дегендей, алы жеткендер бул жактарды да “менчиктеп”, шаарды “Манас” аба майданынын ылдый жагына чейин чоюп жиберишти. Шаардан чыккан акыр-чикирлер ташталып, бир жагынан саркынды сууларды тазалоочу станция кир-кокту чыпкалап жетише албай убара. Иши кылса Бишкек ачык карьерден көмүр казган Кара-Кеченин көрүнүшүнөн айырмаланбай калды.

Бишкек шаарында:

1). Перспективалуу, бирдиктүү архитектуралык-курулуштук башкы планы жок.

2). Көп кабаттуу үйлөр шаардын ар кайсыл жерлеринде оркоюп, бири 3 кабат болсо, экинчиси 15 кабат. Шаарды үстүнөн карасаң бомба түшкөндөй.

3). Көп кабаттуу үйлөр, кеңсе катары салынган имараттар бири-бирине, жолго жакын курулган. Жер титирөө, урап калуу сыяктуу коркунучтар эске алынган эмес.

4). Маалелерде (квартал) жаңы эс алуу багы, мектеп, балдар бакчасы, бейтапкана сыяктуу социалдык объектилерди курууга жер жок. Болсо да эбак сатылып кеткен.

5). Эгерде борбордун райондорунда электр чубалгыларын, газ түтүктөрүн, саркынды жана таза суу куурларын, интернет-телефон чубалгыларын жаңылоо, алмаштыруу зарылдыгы жаралса кандай болот?

6). Жаңы курулган үйлөрдүн жер төлөсү – унаа токтотуучу жай, ылдыйкы кабаттары – дүкөн, кафе-ресторан, ортоңку кабаттары – кеңсе, жогорку кабаттары – уктоочу бөлмө, чатырында – клуб, үн жазуучу студия жайгашкан.

7.) Шаардын кайсыл бөлүгү – иштөөчү жай (кеңсе), кайсыл бөлүгү – уктоочу жай (спальный район) экендигин ажыратып болбойт.

8). Миңге жакын тойкана, кафе-ресторандар, наабайкана, самсакана, шишкебек борборлору жыты менен 1 миллион калкты “тойгозуп” турат.

Борборду кантип оңолтсо болот?

1). Жашылча-жемиш, азык-түлүк дүң базарларын, үстү ачык соода жайларын шаардын чет жагына көчүрүү керек.

2). Оор жүк ташуучу, курулуш материалдарын, көмүр, газ, кык, бензин ж.б. ташуучу автомашиналардын бекеттерин шаардан сыртка көчүрүү зарыл.

3). Курулуш материалдары, автотетик, мал саткан базарларды, мал союу цехтерин да шаардан сыртка көчүрүү керек.

4). Шаардын айланасындагы бытыраган жаңы конуштарды шаарга кошуп, борборду кеңейтүү керек.

5). Шаардан сырт жакка жаңы авто бекеттерди, тойкана, ресторандарды салдыруу керек.

6.) Жаңы заманбап кичи райондорду куруу жагы каралса.

7). Шаардан сырт жакка өндүрүш аймактары ачылып, өндүрүш багытындагы ишканалар ошол жерлерге курулса.

8). Шаар ичиндеги мурдагы өндүрүштүк аймактар, автобус парктары сыртка көчүрүлуп, ордуна жаңы кичи райондор курулса.

9). Шаар ичинде жер үйлөрдү куруу боюнча чектөөлөр киргизилсе.

Р. Базарбаев

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс