Пятница , 22-Март 2019
Башкы бет / Досье / Түркия – Ѳзбекстан мамилелери

Түркия – Ѳзбекстан мамилелери

Түркия менен Ѳзбекстан байланыштары бекем жана урагыс достук деп мүнѳздѳлѳт.1991-жылы Ислам Каримов Түркияга алгачкы жолу барган. 1992-жылы Түркия кѳз карандысыз Ѳзбекстан бийлигин таанып, дипломатиялык байланыш орнотот. Эки ѳлкѳнүн ортосунда 78 келишимге кол коюлган. Алар – соода, илимий-техникалык байланыштар, коргонуу тармагы, баӊгизат соодасы жана терроризм менен күрѳшүү боюнча. “Түбѳлүк достук жана кызматташуу” боюнча келишимге да кол коюлган. Ислам Каримов Түркияга жасаган алгачкы сапарында “Менин өлкөм алга карай Түркиянын жолу менен жүрөт!” – деген. Алгачкы жылдары Түрк бийлиги 2 млн. тонна буудай, 590 млн. $ насыяны 3 жылдык мөөнөткө берген.

Түркия Арал деңизине жакын жердеги куурап бараткан бак-дарактарды калыбына келтирүү боюнча долбоор сунуштаган. Ташкентке трактор жана авто тетиктерди, түрдүү техникалык жабдууларды акысыз белекке берген.

Эки өлкөнүн токсонунчу жылдардын башында башталган жылуу мамилеси он жылга жетпей сууп кеткен. Каримов “Ѳлкөдөгү терракттар Түркиядан башкарылып турган жана оппозиция лидерлерин жашырып жатат” деп экинчи тарапты айыптап келген. Ал каза болгондон кийин, жаңы президент Шафкат Мирзиёев эки элдин алакасын жакшыртып, жаңы багытка жол алды. Эки өлкө стратегиялык өнөктөштүк боюнча Жогорку Кеңешме түзүүгө аракет жасап келет. Өзбекстан Түрк кеңешине кирбеген түрк тилдүү жалгыз өлкө.

Визитка

Өзбекстан табият газы боюнча дүйнөдө 11, пахта өндүрүшү боюнча 6, аны экспорттоо боюнча 3-орунда турат. Уран запасы боюнча 7-орунда турат. “Дүйнөлүк алтын кеңешинин” маалыматы боюнча, 2018-жылда алтын корунун резервдеги кѳлѳмү боюнча дүйнөдө 15-орунда турат.

ИДП түзүлүшү боюнча: айыл чарбасы – 19,2%, кызмат көрсөтүү – 47,3 %, өндүрүш – 33,5 %га барабар. Калктын 44%ы айыл чарбасында, 20 %ы өндүрүштө, 36%ы кызмат көрсөтүү тармактарында эмгектенет.

2017-жылы жалпы инвестициянын көлөмү 2,4 млрд. $ түзгөн. Айрым эксперттердин пикиринде, көмүскө экономика 50%га жакын деп боолголонот.

Калкынын саны бүгүнкү күндө 31 564 698 кишини түзөт.

Парламенттер аралык байланыш

2018-жылдын сентябрь айында Түркиянын Жогорку  улуттук жыйналышынын төрагасы Биналы Йылдырым расимий сапары менен келип, “Түркия – Ѳзбекстан” Парламентер аралык тобунун жана Олий Межилистин биргелешкен биринчи отуруму өткөн.

Миграция

Түркияда 30 миңден ашуун эмгек мигранттары бар. Алардын ичинен 2 миң киши легалдуу түрдө иштөөгө жумушчу визасын алган.

Банктар аралык байланыш

Өзбек УБ менен  Түркия “Эксимбанкы” 250 млн. $ кредиттик келишимге кол койгон. Бул акча каражаттары түрк подрядчылар жана камсыздоочулары катышкан инвестициялык долбоорлорду кредиттѳѳгѳ жумшалат.

Ишканалар

500 түрк ишканасы Өзбекстанда иш жүргүзүп келет. Анын ичинен 199у биргелешкен ишканалар. 53 компания аккредитациядан өткөн.

Соода

2017-жылы эки ѳлкѳнүн соодасы 1,5 млрд. $ түзгѳн. 2018-жылдын алгачкы кварталдарында бул кѳрсѳткүч 20%га ѳскѳн. Стамбулда “Өзбек-Түрк соода үйү” ачылган. Эрдоган соода мамилелерин 5 млрд. $ көтөрүүгө сунуш айтты. Түркия Өзбекстанга Россия, Кытай, Казакстандан кийинки 4-орундагы өнөктөш.

Инвестиция

Түрк инвесторлоруна «Ургут» Эркин экономикалык аймагында салык жана бажы тѳлѳмдѳрү боюнча жеӊилдиктер каралган. “Узэкспо борборунда” өткөрүлгөн Өзбек-Түрк бизнес форумунда 3 млрд. $ түзгөн 50 жаңы инвестициялык долбоорго кол коюлду.

Эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда шериктештикти өнүктүрүү боюнча, экономика, соода, илим, билим берүү, туризм, транспорт, логистика тармактары боюнча 24 документке кол коюлган.

Түрк ишкерлери мунай иштетүү, айыл чарба, текстиль, булгаары өндүрүшүнө салым кошууга кызыкдар.

Экспорт

Ѳзбекстандан түстүү металл, мунайзат, жашылча-жемиштер, азот жер семирткичтери экспорттолот. Бул мамлекет түрк базарына жеңил өнөр жай, химиялык, металлургиялык, машина куруу, электро техникалык өндүрүш өндүрүмдөрүн, булгаары бут кийимдерди, айыл чарба товарларын экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар.

Импорт

Түркиядан механикалык жана электр жабдуулары, фармацевтикалык, химиялык, текстиль, пластмасса өндүрүмдөрү, косметика алынып келинет.

Долбоорлор

«Etka Co Enerji» түрк компаниясы Сурхандарыя облсатына кубаттуулугу 600 мегаватт электр тогун иштеп чыга турган шамал электро станциясын курат. Долбоордун баасы 500 млн. $. Шамал электро станциясы 2020-жылы ишке берилет.

Түрк Компанияларынын консорциуму “Cengiz – Kolin – Kalyon” Ташкент – Самарканд акы  төлөнүүчү жолун курууга камынып жатат.  Долбоор боюнча эки тараптык сүлөшүүлөр жүрүп, ал 2019-2020-жылдары ишке ашырылганы турат. Жол бүткөрүлсө Ташкенттен Самаркандга 2 саатта жетүүгө мүмкүнчүлүк жаралмакчы.

Эки өлкөнүн ортосунда финансылык кылмыштарды иликтөө, чалгындоо жана алмашуу боюнча меморандум бар.

Өзбек тарап Түркиялык Курулуш подрядчылары конфедерациясына (IMKON) Ташкентте заманбап курулуш комплексттерин куруу бонча кайрылды. Мындай заманбап үйлөр борбордун 11 районуна курулат.

Медицина

Медицина тармагы боюнча байланыштар соңку жылуу мамилелерден кийин өркүндөтүлө баштады. Түркиядан келген 19 дарыгер жүрөк, ортопедия, урология, гинекология боюнча 70 операция жасашкан. Эки өлкөнүн медиктери тажрыйба алмашып турушат. Ошондой эле зарыл болгон дарылар, жабдуулар, аспаптар Түркия тараптан акысыз берилип келет. “Ден соолук аптасы” деп аталган кайрымдуулк долбоорунун алкагында 33 түрк догдуру 600 пациентти карап, 180 акысыз операция жасашкан.

Билим берүү

Эки өлкөнүн ортосунда аскердик кадрларды, финансы адистерин, өрт өчүрүүчүлөрдү окутуу боюнча келишимдер бар.“Түрк – Ѳзбек Улугбек” университетинин бир кампусу Стамбулда, экинчиси Самаркандда жайгашкан.

Жабылган Гүлен мектептери

Фетхуллах Гүленге тиешелүү 65 мектеп болгон. Анда иштеген 70 америкалык мугалим БЧБ (ЦРУ) агенти деген маалымат тарагандан кийин жана бул мектепти негиздөөчүлөрдүн бири жыйында “Фетхуллахтын жолун жолдоочулар мектеби” деп айтып алгандан соӊ жабылган. Каримовдун режиминде камакка алынган журналисттердин 8и ушул Гүлен мектептеринин бүтүрүүчүлөрү болгон.

ТИКА – Ѳзбекстан

ТИКА Өзбекстанда 1993-жылдан бери иштеп келет. Медициналык, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жаңыртуу, айыл чарбасын, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып келет.

Түрк салык кызматкерлери ѳзбек кесиптештери менен тажрыйба алмашып, тренингдер уюштурулуп турат. Ѳзбекстандык 1 200 салык жана финансы кызматкерлери Түркиядан билимин жогорулатып келишти.

Медиа байланыштар

Түрк мамлекеттик теле-радио компаниясы (ТРТ) Өзбекстанда трансляцияланат.

Маданий байланыштар

Эки ѳлкѳнүн ортосундагы маданий байланыштар 1991-жылы кол коюлган «Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана туризм жѳнүндѳ келишим» жана 1993-жылы кол коюлган  «Маданий кызматташтык келишиминин» алкагында ишке ашырылат. 1993-жылы Түркияда «Ѳзбек маданиятынын күндѳрү» ѳткѳрүлгѳн. 1994-жылы «Түрк ааламынын маданий күндѳрү» Ѳзбекстанда ѳткѳрүлгѳн. Түрк музыканттары Самарканд шаарында ѳткѳрүлүп турчу «Шарк Тароналари» эл аралык музыка фестивалына катышып келет.

Аскердик кызматташтык

2012-жылы Ѳзбекстан ЖККУнун (ОДКБ) катарынан чыккандан кийин ТР менен аскердик багыттагы кызматташтыкты ѳнүктүрѳ баштайт. 2017-жылы Ѳзбек коргоо күчтѳрү Түркиянын “EJDER 4×4”  бронеавтомобилдерин сатып алат.

Транспорт  байланышы

Эки тарап транспорт байланышын жана транзитти жакшыртууга ынтызар. “Баку – Тибилиси – Карс” темир жол каттамынын келечеги, транзит боюнча тарифтерди оптималдаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Туризм

Өлкөдөгү туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Түрк инвестициялык долбоорлору ишке ашканы турат. Эки өлкөнүн туристтик алмашуулары жогорку экономикалык эффект бере алат деп санашат. Бул максатта авиакаттамдарды жакшыртуу жагы да каралган.

Дин

Ѳзбекстан зыярат кылуу туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул боюнча эки өлкөнүн ортосунда  “Өзбекстан Эл аралык ислам академиясы”, “Имам Бухари атындагы Эл аралык илимий-изилдөө борбору”, “Ислам цивилизациясынын борбору”  менен түркүктү өнүктүрүү, өз ара тыгыз кызматташуу, зыярат кылуу иштерин жөнгө салуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Бухарадагы “Араб дүйнөсү” медресеси менен Түркиянын 4 университети кызматташуу меморандумуна кол коюшкан.

Виза

Түрк ишкерлери жеңилдетилген визалык режимге ылайык Өзбекстанда чакыруусуз жүрө алат. Виза берүү 3 күндүн ичинде ишке ашат. Туристтер 30 күнгө виза ала алышат. Өзбек жарандары Түркияга визасыз бара алат.

Түркияга барам деп чемоданга түшүп

Түркияга барууну каалаган 27 жаштагы өзбек кыздын окуясы кызык. “Сарпи” чек ара пунктунда килейген чемодан сүйрөгөн грузин жараны көзгө урунат. Чемоданды текшерген учурда анын ичинде өзбекстандык айым “катылган” болот.

А. Саматов.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс