Понедельник , 27-Май 2019
Башкы бет / Досье / ФЕТӨнүн мүлкү талашка түштүбү же гүленчилердин арасында “кайнаган” чыр

ФЕТӨнүн мүлкү талашка түштүбү же гүленчилердин арасында “кайнаган” чыр

“Кайнак” холдингдин таржымалы

 Түркиядагы эң чоң бизнес уюмдарынын катарына кирген “Кайнак” холдинг Фетхуллах Гүлен тобу тарабынан 1979-жылы курулган. Алгачкы мезгилде журнал жана газеталар чыгарган бул уюм, акырындап басмакана, массалык маалымат каражаттары, билим берүү тармагына кирип, кийинчерээк он алтыдан көп тармакта иш алып барган 30 фирманы түптөгөн.

Мындай чоң бизнес империянын башына Фетхуллах Гүлендин эң жакын кишилеринин бири болгон Мустафа Өзжан алынып келинген. Мустафа Өзжандын жетекчилигинде Борбор Азия өлкөлөрүндө да “Кайнак” холдинг, “Кайнак Групп”, “Кайнак” ЖЧК сыяктуу фирмалар түптөлгөн. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанда жана Тажикстанда “NT”дүкөндөрү, “ВЕФА” соода борборлору ачылган.

Өзгөчө Кыргызстанда жана Тажикстанда “ВЕФА” соода борборлорун ачууда Мустафа Өзжандын 2005-жылы Кыргызстандын президенти жана Тажикстандын премьер-министри менен жекече сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү белгилүү.

Мустафа Өзжандын кийинчерээк Кыргызстандын жарандыгын алганы да маалым.

Кыргызстанда 2002-жылдан баштап “Кайнак” холдинг активдүү иш алып барган. Бул холдингге тиешелүү “Özgün İnşaat” фирмасы “ВЕФА” соода борборун куруп, ал эми “Кайнак” холдингдин дагы бир фирмасы болуп эсептелген “NT Kitap Kırtasiye Büro Malzemeleri Pazarlama Ve Turizm Anonim Şirketi” болсо, “NT” кеңсе товарлары дүкөндөрүн түптөгөн. “ВЕФА” соода борборунда Диалог Евразия сыяктуу гүленчил коомдук уюмдар иш алып барган, ал эми “NT” кеңсе товарлары дүкөндөрү “Себат” сыяктуу Гүлен тобунун мектептерин окуу куралдары жана кеңсе товарлары менен камсыз кылып турган.

“ВЕФА” соода борборунун айланасындагы чуулгандуу иштер боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзөбүз, бирок, “Кайнак” ЖЧКнын кээ бир күмөн жараткан иштерге аралашканы боюнча айта кетүү абзел. Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы “Эсеп палатасынын актысына келишпегендик токтому” деген документте 2005-жылдын экинчи жарымында “Кайнак” ЖЧК Жогорку Кеңешке жогорулатылган баа менен 236 миң сомдук товар сатканы аныкталган.

 Түркиядагы төңкөрүш аракети жана “Кайнак” холдингдин мамлекетке өтүүсү[/tds_note] 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетин ишке ашырган ФЕТӨ уюмуна мүчө болгон жана аны каржылаган Түркиядагы “Кайнак” холдинг жетимиштен ашык фирмасы менен кошо Түрк мамлекетинин карамагына өткөрүлгөн. Мустафа Өзжандын башына 1 миллион 300 миң доллар сыйлык коюлган. Терроризмди каржылоо кинеси коюлган бул холдингдин Кыргызстандагы филиалы болуп эсептелген “Кайнак” фирмасы да Түрк мамлекетине кайтарылып алынчу мүлктөрдүн тизмесине киргизилген.

Түрк тараптын Кыргызстандагы “Кайнак” фирмасын кайра алуу аракетине жана Түрк элчисинин сот жараянына катышуусуна негизинен Гүлен тобуна тиешелүү делген Кыргызстандагы уюмдар жана массалык маалымат каражаттары каршы болууда. Ал эми Түркия элчиси болсо, Түркия Республикасынын Башкы Прокуратурасынын чечимин ишке ашыруу жоопкерчилиги өздөрүнө жүктөлгөнүн айтып, сот жараянына активдүү катышты.

Кошумчалай кетчү нерсе, түрк тарап “Кайнак” холдингди жана анын филиалдарын алдамчылык жана терроризмди финансылоо кылмыштары боюнча күнөөлүү деп эсептеп, эл аралык келишимдерге таянып, кыргыз тараптан бул уюмга карата чара көрүүнү талап кылып келген.

Гүленчилердин арасында “кайнаган” чыр

 Кыргызстандагы “Кайнак” холдингге тиешелүү фирмалар Түркиядагы 15-июль 2016-жылкы төңкөрүш аракетинен кийин батыраак Түркиядагы тамырларынан арылууга аракет кылганы байкалат. Себеби түрк бийлиги Түркиядагы “Кайнак” холдингге тиешелүү фирмаларды мамлекеттин карамагына өткөрө баштаган эле.

Төңкөрүштөн беш айдан кийин, тагыраак айтканда 30-ноябрь 2016-жылы “NT Kitap Kırtasiye Büro Malzemeleri Pazarlama Ve Turizm Anonim Şirketi” ээ болгон балчайган “NT” дүкөндөрү Эмин Кызылкая деген жаранга катталган. Сот жараянында Эмин Кызылкаянын кызыкчылыгын коргогон Денис Диканский “NT” дүкөндөрү Эмин Кызылкаяга белекке берилгенин айтып келди.

Бирок “Кайнак” фирмасын алуу үчүн аракет кылып жаткан Эмин Кызылкаянын Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик жетекчилерине жазган арызында “белекке берилген” “Кайнак” фирмасын өздөрүнө алууну көздөгөн үчүнчү тарап да бар экени маалым болду. Эмин Кызылкаянын арызында бул жагдай мындайча сүрөттөлгөн:

“Эмин Кызылкая 2002-жылдан бери “NT” дүкөндөрүн көзөмөлдөп келген, бирок 2012-жылы расмий түрдө жетекчи болгон. Мындан сырткары фирмага 1 миллиондон көп каражат сарптаган жана Бишкек шаарындагы Анкара көчөсү 1/13 дарегиндеги 2000 чарчы метр жер тилкесин сатып алган. Ал мезгилде жер тилкесин өзүнө каттатуу укугуна ээ болбогон Эмин Кызылкая жер тилкесин “Кайнак” ЖЧКда иштеген жана өзү терең ишенген Нурлан Акматовго катталган”.

Бирок, Эмин Кызылкая өзүнүн Нурлан Акматовго карата ишениминде жаңылганын 2016-жылы аңдаган. Себеби 29-июль 2016-жылы (Түркиядагы төңкөрүш аракетинен 14 күндөн кийин) Нурлан Акматов Алишер Розиков жана Лүтфү Лимон делген тажик жана түрк жарандары менен чогуу Бишкектеги Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги “NT” дүкөнүн ээлеп алышкан. Алишер Розиковдун колунда Нурлан Акматовду “Кайнак” фирмасына жетекчи кылып дайындоо боюнча кайдан келгени белгисиз болгон ишеним кат болгон. Ал эми алар менен чогуу дүкөндү ээлеген Лүтфи Лимон Түркиядагы “NT” дүкөндөрүнүн генералдык директорунун орун басары болгон.

Эң кызыгы Эмин Кызылкая Нурлан Акматов аларды “Фетхуллах Гүленге тиешелүүсүңөр”- деп айыптаганын айтууда.  Бирок Нурлан Акматовдун өзү Гүлен тобуна тиешелүү делген Бишкектеги Ала-Тоо университетин бүтүргөн. Нурлан Акматовдун “NT” дүкөнүн басып алуусу боюнча козголгон иш азыркыга дейре аягына чыга элек. Демек, “Кайнак” фирмасы гүленчилердин таламайына түшүп, өз ара тирешүүгө себеп болгон. Түркия бийлиги тарабынан улутташтырыла турганына көзү жеткен “Кайнак” холдингдин жетекчилиги 2016-жылы эки тараптын колуна тең ишеним каттарын кармата салган.

Жыйынтык

 Гүлен тобу дүйнө жүзү боюнча миңдеген билим берүү мекемелерине, кайрымдуулук фонддоруна, бизнес бирикмелерине, финансылык уюмдарга, кыскасы, миллиардаган мүлккө жана каражатка ээ экени белгилүү. Бирок, Түркиянын жолун жолдоп, Гүлен уюмун коркунучтуу деп тапкан, тыйуу салган жана ФЕТӨнүн мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөргөн өлкөлөрдүн саны да өсүүдө.

Кыргызстандагы гүленчилер да кыргыз бийлиги качан биздин эшигибизди кагат экен деп чочулап турган чагы. ФЕТӨнүн жогорку катмарын түзгөн Мустафа Өзжан сыяктуу “имамдар” жана аларга берилген каражаттар кайда жоголгонун тактоого аракет кылган гүленчилер да аз эмес. Мына ушундай шартта ФЕТӨнүн мүлкү таламайга түшүүдө. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ФЕТӨ мүлкү кандайча колдон-колго өтүп, батышты көздөй уурдалып жатканын, керек болсо “белекке” берилип жатканын териштириши керек.

Автор: А. Таштемиров.

http://mezgilnews.kg/fe

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс